Ооздогу кан жана даарат


Суроо: Тиш канаса, бирок, кан ооздон сыртка чыкпаса даарат бузулабы?

Жооп

Ооздон сыртка чыкмайынча бузулбайт. Бардык фыкх китептеринде ооздон кан чыкканда, кан кусканда даарат бузулат деп айтылган. Эч бир китепте канды жутканда даарат бузулат деп айтылган эмес.

С. Эбедиййе китебинде айтылат:

Ооздун ичи даараттын бузулуусунда ички орган болуп саналат. Орозонун бузулуусунда дененин сырты болуп саналат. Ошондуктан, тиш эттериндеги же ооздогу кан сыртка чыкмайынча даарат бузулбайт. Ооздон сыртка чыкканда кан түкүрүктөн көп болсо даарат бузулат. Баштан келген коюу кан көп болсо дагы дааратты бузбайт. Ашказандан, боордон келген кан суюк болсо Шейхайндын (Имам Азам менен Имам Абу Юсуфтун) өкүмү боюнча аз болсо дагы дааратты бузат.

Бир нерсени тиштегенде ал нерсенин үстүндө кан көрсө даарат бузулбайт. Мисвак, тиш чукугучтун үстүндө кан көргөндө оозуна тийбеген болсо бузулбайт. Бирок, ал жерге бармагын коюп бармагында кан көрсө бузулат. (Себеби, кан ооздон сыртка чыккан болууда.) (Дааратты буза турган нерселер тууралуу)

Ооздо пайда болгон кан ооз толтура болбосо мунун пайда болуусу жана муну жутуу дааратты дагы, намазды дагы бузбайт. Кусуу дагы ушундай.(Намаздын макрухтары тууралуу)

 

Ооз кээде дененин ичи болуп саналат. Ошондуктан. орозо кармаган адам түкүрүгүн жута турган болсо орозосу бузулбайт. Адамдын ичиндеги нажасаттын ашказандан ичегиге өтүшү сыяктуу болот. Ооздогу жарадан же тиш алдырганда, укол сайган жерден же ашказандан оозго кан чыкса дааратты дагы, орозону дагы бузбайт. Бул канды түкүргөндө же сыртка чыгарбаганда түкүрүк кандан көп болсо. б.а., сары болсо анда дагы бузулбайт. Ашказандан келчү башка нерселер оозго келгенде дагы ушундай болуп, даарат жана орозо бузулбайт. Ооз толтура болуп, ооздон сыртка чыкса гана экөө тең бузулат. Ооздун ичи кээде дененин сырты сыяктуу болот. Оозго суу алганда орозо бузулбайт. Белгилүү болуп тургандай, тиш жулдурганда кан көп келсе, бирок, жутпай түкүрүп салса орозо бузулбайт. Жута турган болсо анда орозо бузулат. (С. Эбейдиййе)

Дурр-ул-мухтар китебинде айтылат:

Ооз толтура сафра, коюу кара кан, тамак же суу кусуу дааратты бузат. [Кусканда б.а., ооздон сыртка чыккандыгы үчүн бузулууда.] (Даарат тууралуу)

Дааратты бузган нерсе кирдин чыгышы саналат. Бобосо чыгуу шарты менен кирдин өзү эмес. Желдин дааратты бузуусу желдин өзү нажис болгондуктан эмес, нажасат ордунан жылып келгендигинен. (Ибни Абидин)

Кан жана башка нажис нерселер денеден сыртка чыкмайынча дааратты бузбай тургандыгы ушул жерден дагы белгилүү болууда. Бир адамдын кандуу геморройу болсо, бирок, каны сыртка чыкпаса даараты бузулбайт. Даараттын бузулушу үчүн өлчөм нажасаттын денеден сыртка чыгуусу болуп саналат.

Кан же ириң түкүрүктөн көп болсо же түкүрүк менен тең болсо дааратты бузат. Эгер түкүрүк көп болсо дааратты бузбайт. (Дурер ве Гурер) [Бул жерде дагы ооздон сыртка чыгуу ишарат кылынууда. Эч бир китепте канды жутуу дааратты бузат деп айтылып жаткан жок.]

Ооздогу канды жутуу дааратты бузбагандыгы сыяктуу намазды дагы бузбайт. Намаз окуп жаткан адам тиштеринин арасындагы канды жута турган болсо бул кан түкүрүктөн көп болсо дагы намаз бузулбайт. Намаз окуп жаткан бир адам атайын же унутуп бир нерсе жеп-ичсе намазы бузулат. Бирок, намаз окуп жатканда тиштеринин арасынан чыккан канды жута турган болсо бул кан ооз толтура эмес болсо намаз бузулбайт. (Хиндиййе)

Ооздон түкүрүк менен тең же көп өлчөмдө кан чыкса даарат бузулат. (Нимет-и Ислам) [Ооздон кан чыгуусу деп айтылууда, ооздо пайда болгон кан тууралуу айтылып жаткан жок.]

Кан баштан кулакка же мурунга акса, эгер ал кан гусулда жуулуусу керек болгон мурундун тешиктеринин же кулактын тешигине акса, бирок, сыртка чыкпаса дааратты бузбайт. (Халебийи сагир) Бул жерде дагы кандын пайда болуусу эмес сыртка чыгуусу дааратты бузат. Ооздун ичи даараттын бузулуусунда дененин ичи болуп саналгандыктан тиштер канаса, бирок, кан сыртка чыкмайынча дааратты бузбайт; жутулса дагы бузбайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш