Даараттын сүннөттөрү


Даараттын он сегиз сүннөтү бар:

1- Даарат алып баштаганда Бисмиллах айтуу.

2- Колдорду билек менен бирге үч жолу жуу.

3- Оозго кайта-кайта суу алып, үч жолу чайкоо. Бул «мазмаза» деп аталат.

4- Мурунга кайта-кайта суу алып үч жолу жуу.   Бул «истиншак» деп аталат.

5- Каштардын, сакалдын, муруттун астында көрүнбөгөн жерди бет жууп жатканда суулоо.

6- Бет жууп жатканда эки каштын түбүн суулоо.

7- Сакалдын ээктин ыйдый жагындагы бөлүгүн суулап сылоо.

8- Сакалдын ээктин ылдый жагындагы бөлүгүнүн оң колдун ным манжалары менен тароо.

9- Тиштерди бир нерсе менен сүртүп жуу. (Мисвак колдонуу маанилүү сүннөттөрдөн).

10- Баштын ар тарабына бир жолу масх тартуу.

11- Эки кулакка бир жолу масх тартуу.

12- Бириккен үч манжанын сырты менен кежигеге бир жолу масх тартуу.

13- Кол жана бут манжаларынын ортосуна манжа киргизип  сүртүп жуу.

14- Жуула турган мүчөлөрдү үч жолу жуу.

15- Бетти жуурда жүрөгү менен ниет кылуу.

16- Кезек. Башкача айтканда, мүчөлөрдү өз кезеги менен жуу.

17- Делк. Башкача айтканда, жуула турган жерлерди жышуу.

18- Мувалат. Ар бир мүчөнү бири биринин артынан ыкчам жуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш