Мисвак колдонуу


Даарат алып жатканда мисвак колдонуу муаккад сүннөт. Бир хадисте мындай деп айтылат: «Мисвак колдонулуп окулган намаз, мисваксыз окулган намаздан жетимиш эсе жогору».

«Сираж-ул-ваххаж» аттуу китепте мисвак колдонуунун он беш пайдасы бар экендиги билдирилет:

1- Өлүм учурунда шахадат калимасын айтууга себеп болот.

2- Тиштин бүлөлөрүн күчтөндүрөт.

3- Какырыкты жумшатат.

4- Зарнаны токтотот.

5- Ооздогу жараларды айыктырат.

6- Ооздогу жытты жоготот.

7- Аллаху таала мисвак колдонгон адамдан ыраазы болот.

8- Башкы тамырларды күчтөндүрөт.

9- Шайтан азап тартат.

10- Көздөр нурданат.

11- Соопчулук менен жакшылыктары көп болот.

12- Сүннөткө ылайык амал кылган болот.

13- Оозу таза болот.

14- Фасих-ул-лисан, б.а., жакшы сүйлөйт.

15- Мисвак колдонулуп окулган эки рекет намаздын сообу мисваксыз окулган жетимиш рекет намаздын сообунан көп болот.

Мисвак – Аравияда өскөн «эрак» деген дарактын талы. Түз учунан эки сантиметрдей кабыгы аарчылып, бир нече саат сууга салынат. Анан жумшарганда щетка сыяктуу ачылат. Эрак дарагы жок болсо, зайтун (олива) дарагынын талынан жасалат. Аялдар мисвактын ордуна мисвак колдонуу сүннөтүнө ниет кылуу менен сагыз колдонуулары керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш