Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Даарат, таяммум » Даарат алып жатканда көңүл бурулуусу керек болгон жагдайлар




Даарат алып жатканда көңүл бурулуусу керек болгон жагдайлар


Зарылчылыгы жок болсо, төмөндөгү он нерсеге баш ийүү керек:

1- Эки колу тең чолок адам аврат жерин жууй албайт. Колдорун топуракка, жүзүн дубалга сүртүп таяммум алат. Жүзүндө да жара бар болсо, намазды дааратсыз окуйт. Намазын таштабайт.

2- Оорукчан адамга жубайы, кызматчысы, балдары, бир туугандары даарат алдырат.

3- Суу жок болсо анын ордуна таш же бул сыяктуу нерсе менен аврат жерин тазалай алат.

4- Кем акыл же эсин жоготкон адам жыйырма төрт сааттын ичинде эсине келбесе, өзүнө келгенде намаздарынын казасын окубайт. Алкоголдук ичимдик, наркотик, дары колдонуудан улам эсин жоготкон адам бардык намаздарынын казасын окуйт. Төшөктө жатып, башы менен ишара кыла албагыдай даражада оорусу жыйырма төрт сааттан ашуун уланган адам үчүн, акыл-эси ордунда болсо дагы намаздын өкүмүнөн азат болот.

5- Дааратканага кирүү үчүн атайы шалбар кийүү, баш кийим кийүү мустахаб.

6- Дараатканага кирип жатканда колунда Аллаху тааланын ысымы жана Курани карим жазылган бир нерсе болбошу керек. Болсо дагы бир нерсеге оролуу же чөнтөктө болушу керек.

7- Дааратканага сол бут менен кирип, оң бут менен чыгуу керек.

8- Дааратканада уят жерин ылдый отурганда ачып, сүйлөбөө керек.

9- Аврат жерди жана булганычты карабоо, дааратканага түкүрбөө зарыл.

10- Эч бир сууга, мечит дубалына, мүрзөгө жана жолго заара ушатпоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш