Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Даарат, таяммум » Дааратты бузган нерселер




Дааратты бузган нерселер


Жети нерсе дааратты бузат. Алар төмөнкүлөр:

1. Алдыдан жана аркадан чыккан нерселер:

а. Чоң жана кичине заара ушатуу, жел чыгаруу.

б. Клизма жасоо. Клизма каражатынын учу жана адамдын манжасы аркадан чыгарылганда ным болсо бузулат. Кургак болсо кайрадан дааратты жаңыласа жакшы болот.

в. Эркектердин жана аялдардын суюктук чыгып кетпеси үчүн алдыңкы жагына койгон кебездин сыртта калган учу ным болсо бузулат.

2. Ооздон чыккан кир нерселер:

а. Кусунду ооз толо болсо.

б. Түкүргөндө кан түкүрүктөн көп болсо.

в. Ашказан жана өпкөдөн келген суюк кан аз да болсо Имам Азам боюнча дааратты бузат.

г. Кулакка тамчылатылган дары ооздон чыкса даарат бузулат.

3. Териге чыккан нерселер:

а. Кан, ириң же сары суу өзүнчө чыкса.

б. Суу чечек жана сыздооктон чыккан кан жана сары суу гусулда жуулушу керек болгон жерлерге жайылып кетсе, мисалы, мурундан келген кан сөөктөн өтсө, кулактан келген кулак тешигинен чыкса.

в. Сыздооктон жана жарадан чыккан кан менен сары суунукебез менен эмсе.

г. Мисвак же тиш чукугучтагы кан оозго жукса.

д. Кулак, киндик же эмчектен оорудан улам суюктук чыкса.

е. Сүлүк (фиалка) көп кан эмсе даарат бузулат.

4. Уктоо: Капталдап, чыканактап же болбосо бир нерсеге жөлөнүп уктаса даарат бузулат.

5. Эстен тануу, акыл-эсин жоготуу, басып баратканда темтеңдегенчелик мас болуу дааратты бузат.

6. Руку жана саждалары бар намазда каткырып күлүү намазды да, дааратты да бузат. Бирок, баланыкы бузулбайт. Намазда жылмаюу намазды да, дааратты да бузбайт. Жанындагылар укса каткыруу болот. Өзү укпаса жылмаюу болот.

7. Мубашарат-и фахише б.а., аял менен эркектин жылаңач аврат жерлери бири бириникине тийсе эркектин да, аялдын да даараты бузулат.

Даарат алганын билип, кийин бузулуп же бузулбагандыгынан күмөн санаса даарат бар болуп саналат. Ал эми даараты бузулгандыгын билип, кайра даарат алып албагандыгынан шек санаса даарат алуусу керек болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш