Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Даарат, таяммум » Дааратты бузбаган нерселер




Дааратты бузбаган нерселер


Төмөнкү нерселер дааратты бузбайт:

1. Ооз, кулак жана теридеги жарадан чыккан курттар.

2. Какырык кусуу.

3. Кан кусканда алгач келген кан түкүрүктөн аз болсо.

4. Тиштен аккан кан түкүрүктөн аз болсо.

5. Баштан келген коюу кан көп болсо дагы.

6. Ашказан, өпкөдөн келген коюу кан оозду толтурбаса.

7. Кулакка тамчылатылган дары кулактан же мурундан чыкса.

8. Мурунга кирген нерсе бир нече күндөн кийин кайра чыкса.

9. Тиштеген нерсенин үстүндө кан көрсө.

10. Оорусуз, кандайдыр бир себептен улам (ыйлоо жана пияз, түтүн же газдын таасири менен) көздөн жаш акса.

11. Аял баласын эмизгенде.

12. Көп тердесе да.

13. Чымын, чиркей, кене, жыгач бити сыяктуу курт-кумурскалар көп чакса да.

14. Аз болуп жайылбаган кан же оозго толбогон кусунду.

15. Уйку кезинде таянып турган нерсени тартып алганда жыгылбаса.

16. Намазда уктоо.

17. Тизелерин чокчойтуп, башын тизеге коюп уктоо.

18. Буттарын бир капталга буруп, жерге отуруп уктаса.

19. Жылаңач (ээр ж.б. токулбаган) малдын үстүндө уктаса, мал жонго чыгып же түз жерде кетип бара жатса.

20. Намазда жылмаюу.

21. Намаз окуп жатканда күлүп, күлгөнүн өзү гана укса дахк деп аталат. Бирок, дахк бир гана намазды бузат.

22. Чач, сакал, мурут жана тырмак алуу.

23. Жаранын карты сыйрылса даарат бузулбайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш