Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Даарат, таяммум » Маасыга жана жаранын үстүнө масх тартуу




Маасыга жана жаранын үстүнө масх тартуу


«Масх» сөзү сылоо дегенди билдирет. Эки түрдүү масх бар:

1. МААСЫНЫН ҮСТҮНӨ МАСХ ТАРТУУ:

Маасы - буттун жуулушу фарз болуп эсептелген бөлүгүн камтыган суу өткөрбөс бут кийим. Маасы кенен болуп, бармактар учуна жетпей, масх бош жерге келсе, туура болбойт. Маасы бир саат жол жүргөндө, буттан чыкпай тургудай бекем жана бутка дал келүүсү керек.

Таманы менен үстү же таманы гана тери менен капталган байпактын үстүнөн масх тартууга болот.

Калың, бекем жана катуу болгон, басканда буттан ылдый шыпырылбаган байпактын үстүнөн масх тартууга да болот.

Маасылар дааратсыздыктын бутка өтүүсүнө тоскоол болот. Бут жуулгандан кийин маасыны кийип, андан соң даарат алууга болот.

Масх маасынын үстүнө тартылат. Маасынын астына масх тартылбайт.

Сүннөткө ылайык масх тартуу үчүн оң колдун ным беш манжасы оң маасынын үстүнө, ал эми сол колдун манжалары сол маасынын үстүнө узатасынан жабыштырылып, бут манжаларынан баштап, жогору көздөй сүртүлөт. Алакан маасыга тийбейт. Масх узун-туурасынан үч манжа болуусу фарз.

Масхты колдун аркасы менен кылуу мүмкүн болсо да, ич тарабы менен кылуу сүннөт.

Ным чөптүн үстүндө басуу аркылуу же жамгыр менен маасынын үстү суу болсо масх катары саналат.

Маасынын үстүнө масх мөөнөтү мукимдер (жергиликтүү тургундар) үчүн жыйырма төрт саат. Сафарда жүргөндөр үчүн (жашаган жеринен 104 километр алыстаган, Ханафи мазхабы боюнча барган жеринде 15 күн, ал эми Шаафи жана Малики мазхабдары боюнча 4 күндөн аз кала турган адам) үчүн 3 күн, 3 түн б.а., 72 саат. Бул мөөнөт маасыны кийгенден кийин эмес, даараты бузулган кезде башталат. Маасы кийген адам даараты бузулгандан 24 саат өтө электе сапарга чыкса, бул маасыга 3 күн, 3 түн масх тарта алат. Сапардан кайра кайтканда (муким болсо), 24 саат өтсө, маасыларын чечип, буттарын жууп кайрадан даарат алат.

Буттун үч манжасы баткыдай жыртыгы бар маасынын үстүнө масх тартуу туура эмес. Жыртык мындан кичине болсо масх тартууга болот. Маасынын бир нече жеринде майда жыртыктар чогултулганда үч манжага барабар болсо анын үстүнөн масх тартуу туура эмес. Бир маасыда эки манжа, түгөйүндө эки же бир манжа көрүнө турган жыртык бар болсо алардын үстүнөн масх тартууга болот. Масх тартууга жол бербеген жыртык үч манжанын учун гана эмес толугу менен көрсөткөн жыртык саналат.

2. ЖАРА ЖЕ БИНТТИН ҮСТҮНӨ МАСХ:

Жаранын, сыздооктун, теридеги жарык же кесиктердин үстүнө же ичине коюлган кебез, дары, бинт, лейкопластырь, вата жана башка ушул сыяктуу нерселерди чечип чыгарылуусу жарага зыян бере турган болсо үстүнөн масх тартылат.

Үзүрлүү (кечиримдүү сыркоосу,себеби) болгон адамкаалаган учурда даарат алат. Алган даараты менен каалаганча фарз жана нафил намаз, Курани карим окуйт. Намаз маалы өткөн соң даараты бузулган болот. Ар бир намаз убактысы киргенден кийин жаңыдан даарат алып, бул убакыт чыкканга чейин бардык ибадатын кылат.

Үзүрлүү болуу үчүн дааратты бузган нерсенин туруктуу түрдө бар болушу керек. Башкача айтканда, намаз маалы учурунда даарат алып, ошол намаздын фарзын гана окуганча дааратын сактай албаган адам үзүрлүү болуп эсептелет. Бул адамдын үзүрүнө себеп болгон нерсе кийинки ар намаз маалында бир жолу бир аз акса, анын үзүрү уланган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш