Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Даарат, таяммум » Таяммумда көңүл буруу керек болгон жагдайлар




Таяммумда көңүл буруу керек болгон жагдайлар


1- Дааратсыз бир адам шакиртине көрсөтүү максатында таяммум алса, аны менен намаз окуй албайт.

2- Таяммум менен намаз окуу үчүн жалгыз таяммумга гана эмес, намазга дагы ниет кылуу керек.

3- Бир топурактан бир нече адам таяммум ала алат. Анткени таяммум үчүн пайдаланылган топурак жана ушул сыяктуу нерселер колдонулгандан кийин кир болуп эсептелбейт. Таяммумдан кийин колдон, беттен күбүлгөн чаң кир болуп саналат.

4- Шаафи жана Ханбали мазхабдарында таяммум топурак менен гана кылынат.  Ал эми башка мазхабдарда топурак түрүнө кирген бардык таза зат менен үстүндө чаңы жок болгонуна карабастан таяммум алууга болот. Күйүп күл болгон же ысыкта эриген нерселер топурак түрүнө кирбейт. Ошондуктан, дарак, чөп, тактай, темир, күрүч, майлуу боёк менен сырдалган дубал, жез, алтын, айнек менен таяммум алууга болбойт. Кум менен болот. Бермет, маржан менен болбойт. Аки жана гипс менен жуулган мрамор, цемент, лаксыз фарфор идиш, лаксыз фаянс, ылай менен болот. Бирок, ылайдын суусу жарымынан аз болгон учурда гана таяммум алынат.

5- Бир таяммум менен бардык намазды окуу мүмкүн.

6- Сапардагы адам кандайдыр бир белгилер менен же акыл-эси ордунда, балагатка жеткен чынчыл мусулмандын кабар берүүсүнөн улам эки километрден жакын жерде суу бар экенине көбүрөөк ишенсе, бардык тарапка эки жүз метрден барып же бирөөнү жиберип издөөсү фарз болот. Бар экенинен үмүтү аз болсо сууну издөөсүнүн кажети жок. 

7- Кимдир бирөө суу сурабастан таяммум алып намазга турса, анан жанындагы чынчыл адамдан суунун бар экендигинен кабар алса даарат алып намазын кайра окуйт.

8- Эки километрден алыста суу бар болсо таяммум менен намаз окууга мүмкүн.

9- Оокаттарынын арасында суу бар экенин унуткан адам айылда же шаарда болбосо,  таяммум менен намаз окуса болот.

10- Суу жок деп ойлогон адам намаздан кийин суунун бар экенин көрсө таяммум  менен окуган намазын кайрадан окуйт.

11- Сапардагы адамдын жанындагы адамдардан суу суроосу важиб. Эгер алар суу беришпесе таяммум менен окуйт. Шериги сууну базар баасына сатса, ашык акчасы бар сапардагы адамдын аны сатып алуусу керек. Ээси сууну базар баасынан эки эсе кымбат сатса, намазын таяммум менен окуса болот. Базар баасы менен сатып алгыдай ашык акчасы жок болсо дагы да таяммум алат.

12- Чөлдө, жолдо ичүү үчүн гана суу калса таяммум алууга болот.

13- Суу аз болсо, жунуп болгон адам хайз болгон аялдан, дааратсыз адамдан жана маркумдун сөөгү жуулуудан мурда жуунууга акысы бар. Суунун ээси башкалардан мурда жуунат. Кожоюндары бөлөк-бөлөк болгон суулар топтолгондо алгач маркум жуулат.

14- Жунуп адам таяммум алгандан кийин даараты бузулса, жунуп болбойт.

15- Жунуп болгон адамдын денесинин жарымынан көбүнө жара, сыздоок же суу чечек чыкса таяммум алат. Ал эми терисинин көпчүлүк бөлүгү соо, жаралуу жерлерге суу тийгизбей жуунуу мүмкүн болсо гусул алат. Бирок, жараларына суу тийгизбей жуунуу мүмкүн болбосо таяммум алат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш