Таяммум кантип алынат?


1. Алгач жунуптуктан же дааратсыздыктан тазалануу үчүн ниет кылынат.

Таяммум менен намаз окуу үчүн таяммумга гана ниет келтирүү жетишсиз болот. Ибадат болуп эсептелген бир нерсени, мисалы, жаназа намазын, тилават саждасын кылуу үчүн же даарат, гусул алуу үчүн таяммум алууга ниет кылуу керек.

Таяммумда даарат менен гусул үчүн өзүнчө-өзүнчө ниет кылуу шарт. Жунуптуктан тазалануу үчүн ниет кылынган таяммум менен намаз окулбайт. Даарат үчүн экинчи жолу таяммум алуу зарыл.

2. Эки жеңи чыканагынан өйдө түрүлүп, эки колдун ичин (алаканды) таза топуракка, ташка же акталган дубалга сүртүп, жок дегенде үч манжасын тийгизип, эки алаканы менен жүзүнө бир жолу масх тартылат. Алаканы  бетиндеги ийне учундай жерге тийбесе таяммум алынган болбойт.

Бетке толугу менен масх тартуу үчүн алакандар ачык, төрт манжа бири-бирине жабышкан абалда болот. Анан эки  колдун узун ортон манжаларынын учтары бири-бирине тийгизилип алакандын ичин чачтын бүткөн түбүнө коюп, ээкти карай акырын түшүрүлүп сыланат. Манжалар туурасынан болгон абалда маңдай, сурма, мурундун эки тарабы, эриндин үстү жана ээктин бет бөлүгү жакшылап сыланышы керек. Бул маалда алакандын ичи (манжалар эмес ортосу) жаакты сылайт.

3. Эки алаканды кайрадан топуракка сүртүп, бири бирине кагып, топурактын чаңы силкилет. Андан соң сол колдун төрт манжасынын ичи менен оң колдун үстүңкү жагы манжа учтарынан чыканакка чейин сыланат. Анан колдун ички бети сол алакандын ортосу менен чыканактан бармак учтарына чейин сыланат. Кийин сол баш бармактын ичи менен оң баш бармактын үстү сыланат. Шакекти чечүү керек. Андан соң дал ушундайча оң кол менен сол кол сыланат. Алакандын ичин топуракка сүртүү зарыл. Топурактын чаңынын колдо калышы шарт эмес. Даарат менен гусул үчүн таяммум бирдей кылынат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш