Нажас кантип тазаланат?


Суроо: Нажасты кантип тазалоо керек?

ЖООП

Нажасты таза суунун бардык түрлөрү менен, даарат жана гусул алынган суу менен, уксус жана өсүмдүк суусу сыяктуу суюктуктар менен тазалоого болот. Дааратта, гусулда колдонулган суу «Мустамал суу» деп айтылат. Бул суу таза болуп саналат, бирок, тазалоочу эмес. Тактап айтаканда, аны менен нажасты тазалоого болот, бирок, даарат жана гусул алууга болбойт.

Болжолдонуп жуулат!

Суроо: Эгүүдө колдонулган мал буудайдын бир жерине заара чыгарса бул жер так билинбей болжол менен ошол жерди жуу менен буудай таза болуп колдонулабы?

ЖООП

Ооба. (Хадика)

Кар менен тазалануу

Суроо: Кар менен нажастан тазалануу жаизби?

ЖООП

Ооба.

Сүртүү менен тазаланбайт

Суроо: Денедеги таза спирт, кан жана заара тийген жерди сүртүү жетиштүү болобу?

ЖООП

Сүртүү менен тазаланган болуп саналбайт, жууш керек.

Чыкпаган кан

Суроо: Даарат ала электе үстүмдөгү кийимиме мурда жуккан кандын тагын байкадым. Жууп кетирүүгө аракет кылдым, бирок, түсү кетпеди. Намазга кедергиси барбы?

ЖООП

Түсүнүн калып калуусу маанилүү эмес, үч ирет жуу жетиштүү болот. Намазга кедергиси жок.

Кардын үстүндө басуу

Суроо: Кардын үстүндө басуу менен бут кийимдин асты тазаланган болобу?

ЖООП
Кардын жана топурактын үстүндө жүрүү менен бут кийим тазаланат. Мисалы: жалаңНажас тийген тактай

Суроо: Нажас тийген тактай жуу аркылуу тазаланган болобу? Анын үстүндө намаз окууга болобу? Же нажас ичине сиңип кеткендиктен таптакыр тазаланбайбы?

ЖООП

Нажас тийген жыгач тактай жуу аркылуу тазаланган болот. Тазалангандыктан үстүндө намаз окууга да болот. (Дурар 2-том, 44-бет, Ихтияр 1-том, 33-бет)

Соруп түкүрүп таштоо

Суроо: Суу болбогондуктан колум менен тийген канды бир нече ирээт соруп алып түкүрүп таштадым. Тазаландыбы?

ЖООП

Ооба, соруп алып түкүрүп таштоо менен тазаланган болот. (Ихтияр)

Уксус жана сүт

Суроо: Колума жуккан кан же заараны уксус же сүт менен тазалоого болобу?

ЖООП
Уксус менен тазалоого болот. Сүт менен тазаланбайт.

Нажастуу ичеги-карын.

Суроо: Нажастуу ичеги-карын кандай тазаланат?

ЖООП

Нажастуу ичеги-карын да үч жолу муздак суу менен жуулса таза болот.

Кийим тазалоодо

Суроо: Кир жуугуч машинада биздин кийимибиз башкалардын кийими менен бирге жуулганда нажас жугуусу мүмкүнбү?

ЖООП

Башкалардын кийимдеринен нажас жугуу ыктымалы бар болсо да, ыктымал болуусу менен өкүм берилбейт, тактап айтканда, таза болуп кабыл кылынат.

Нажас сууну тазалоо

Суроо: Бир чакадагы сууга кан же заара түшсө тазалоо үчүн эмне кылуу керек?

ЖООП

Нажас сууга таза суу кошулуп, чаканын ичиндеги суу чамасында суу ашса баары таза болот. Ашкан сууда нажастын белгиси байкалбаганда таза болот. Нажас чака толтурулса жана ашса, нажастын үч белгисинин (түсү, жыты, даамы) бири да байкалбаганда суу да, чака да таза болот. (Раддул мухтар)

Колду жетимиш жолу жуу

Суроо: Чет жерден келген бир адам: «Дааратканада алгач нажас даараткана кагазы менен тазаланат, кийин суу менен жуулат. Мындай кылынбаса нажас тийген кол жетимиш ирээт жуулса да тазаланбайт», - деди. Ушундайбы?

ЖООП

Толугу менен ойдон чыгарылган нерсе. Көбүнчө мусулман эместер ушундай кылышкан. Кагаз менен нажасты сүртүп, колун тийгизбей суу агызышчу. Бул киши да ошолордон көргөн же уккан болуусу мүмкүн. Нажас кагаз менен тазаланбайт. Нажас манжа менен алынат, кийин манжалар жуулат. Калган нажас да жуулупТаш менен тазалануу

Таш менен тазалануу

Суроо: Ислам Аклагы китебинин бир жеринде «Нажас бар болсо суу менен жууп кетирүү парз болот» деп айтылганы менен, истинжа бөлүмүндө «Таш жана топурак менен тазалануу жана андан кийин суу менен жуу сүннөт болуп эсептелет» деп айтылат. Бул жерде кандай өзгөчөлүк бар? Суу табылбаган жерлерде, мисалы, тоодо, кырда даарат бузулгандан кийин таш менен же топурак менен тазаланган жагдайда ошол боюнча намаз окуубузга болобу? Суу менен тазалоо парзбы?

ЖООП

Нажасты тазалоо менен ич даарат алуу (даарат сындыргандан кийин аврат жерди жуу) – экөө эки бөлөк нерсе. Намаз окуй турган кийимдеги нажасты суу менен тазалоо парз. Ал эми ич дааратта таш, топурак менен тазалангандан кийин суу бар болсо суу менен да жуу сүннөт. С.Абадиййа китебинде да «Даарат сындырган адамдын таш же суу менен алдын жана артын тазалап, заара менен кир калтырбоосу сүннөт. Таш менен тазалангандан кийин бар болсо суу менен жуу сүннөт», - деп айтылган.

Шафии мазхабында нажастын аз өлчөмү да тазалануусу парз болуп, таш менен тазалангандан кийин калган нажастын кечириле тургандыгы, намазга кедерги болбой тургандыгы «Мафуват» китебинде билдирилген.

Демек, Шафии мазхабында да кийимдеги нажасты тазалоо менен ич даараттагы нажастын тазалануусу эки башка нерселер.

Суроо: Нажис боёк менен боёлгон кездеме жуулганда таза болобу?

Жооп: Нажис боёк менен боёлгон кездеме жана дене үч жолу жуулганда таза болот. Суу түссүз болуп акканга чейин жуулса дагы жакшы.

Суроо: Адам же айбан нажасатты гусулда колдонулган суу менен дагы тазалоого болобу?

Жооп: Нажасат ар таза суу менен, даарат жана гусул алынган суу менен, сирке жана роза суусу сыяктуу суюктуктар менен жана түкүрүк менен тазаланат. Сүт жана май менен тазаланбайт.

Суроо: Кан, заара сыяктуу суюктук же катуу нажасат кийимге же денеге жуккан болсо, муну тазалоо үчүн канча жолу жууш керек?

Жооп: Кургагандан кийин дагы көрүлгөн кирлер, кан сыяктуу нерселер турган жеринен чыгарылып, өзү жана тагы жана жыты кетирилгенде ал жер таза болот. Тазалык үчүн жууда белгилүү бир адат жок. Бир жолу жуу менен дагы чыкса жетиштүү. Нажасат кетирилип, бирок, тагы жана жыты калса зыяны болбойт. Ысык же самын суу керек эмес.

Суроо: Бир адам кийиминдеги нажасат жуккан жерди унутса, кийин нажис деп ойлогон жерди жууса, бул кийим таза деп кабыл кылынабы?

Жооп: Бул тууралуу Хадикада мындай делген:

«Кийимдин бир жерине нажасат жукса, жуккан жерди унутса, ойлогон жерин жууса тазаланды деп кабыл кылынат жана намаз окуса болот. Нажасат жуккан деп ойлогон жер намаз окугандан кийин билинсе, окуган намазын кайра окубайт. Ным буту менен нажис жерде басса, жер кургак болсо буттары нажис болбойт. Жер ным болуп, буттары кургак болсо, буттары ным болсо нажис болот. Иттин мечитте жаткан жери кургак болсо нажис болбойт. Ным болуп, нажасаттын тагы же жыты көрүнбөсө анда да нажис болбойт. Бут кийим менен окулган намаздын сообу жылаң аяк окулгандан эсе-эсе көп. Үстүндө нажасат көрүлмөйүнчө көчөдө кийген бут кийим дагы ушундай. Васваса жана шекке маани берилбейт. Ичкилик саткан адамдан алынган кийим, килем жана башкалар таза деп кабыл кылынат. Бардык нерседе негизги нерсе тахарат. Нажасат жуккандыгы анык билинмейинче ойлоо менен нажис делбейт. Ахли китеп сойгон мал терси билинмейин, анык болмоюн таза деп кабылданат. Мажусинин, китепсиз капырлардын эттүү тамактарын жеш ал малды ошолордун сойгондуктары анык түрдө билинбегендиги үчүн танзих макрух.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш