Истинжа


Дааратканада жеңилденгенден кийин ал жерлердин жууп тазалануусу истинжа деп аталат. Истинжа б.а., тахарат (тазалануу) «суннати муаккада». Башкача айканда, дааратканада заара ушаткандан кийин эркек жана аялдардын таш же суу менен алдын жана аркасын тазалоосу сүннөт. Бирок, башка бирөөнүн жанында аврат жерин ачпастан суу менен истинжа кыла албай турган болсо, кир көп болсо да суу менен истинжа кылуудан баш тартат. Аврат жерин ачпайт. Намазын ошол бойдон окуйт. Ачса фасык болот. (Фасык – бул Ислам дини билдирген харам нерселерден сактанбаган жана аларга маани бербеген адам.) Харам иш кылган болот. Көздөн далдоо жер тапканда суу менен истинжа кылат жана намазын кайра окуйт. Себеби, бир буйрукту аткаруу бир харам иш кылууга себеп болсо харамдан сактануу үчүн буйруктан баш тартылат.

Сөөк, тезек, кыш, чопо, айнек, көмүр, малдын жеми, башка бирөөнүн оокаты, баалуу нерсе, мисалы, жибек, мечиттен ыргытылган нерселер, замзам суусу, жалбырак жана кагаз менен истинжа кылуу тахриман макрух. Бош кагазды да баалаш керек. Баасы болбогон ысымдар, динге пайдасы болбогон жазуулары бар кагаз жана гезит менен истинжа кылса болот. Бирок, Ислам тамгалары жазылган эч бир кагаз менен истинжа кылууга болбойт. Аркасын же маңдайын кыбыланы карап жана отурбастан өйдө туруп, себепсиз түрдө жылаңач бойдон заара ушатуу макрух. Заара чогулган жерде гусул алууга болбойт. Бирок, сийдик топтолбой агып кеткен жерде гусул алса болот.  Истинжа үчүн колдонулган суу – насж суу. Ал кийимге чачырабашы керек.  Ошон үчүн истинжа кылаарда аврат жерди ачып, далдоо жайда алуу зарыл. Жуунган жерде туруп, колун ыштанынын ичине салып заара кылган жерин алаканындагы суу менен сүртүп жууса истинжа кылынган болбойт. Заара тамгандыктан алакандагы суу кирдейт жана тамчылаган кийим дагы кир болот. Бул суу тамчылаган жерлердин баары биригип, алакандын чуңкурунан чоң болсо намаз кабыл болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш