Гусулсуз жүрбөө


Намаздын туура болушу үчүн даарат менен гусулдун туура болуусу керек. Жунуп болгон ар бир аял менен эркектин, ошондой эле, хайздан (этек кир) жана нифастан (төрөттөн кийинки эң көп кырк күн улана турган кан) тазаланган аялдардын намаз маалынын акырында, ал намазды окуй тургудай мөөнөт калганда гусул алуусу фарз болот. Жунуптук жима (никелүү эркек менен аялдын жыныстык катнашы) же ихтилам (уйкуда жунуп болуу) менен болот.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) хадиси шарифте мындай дейт: «Гусул алуу үчүн ордунан турган адамга үстүндөгү кыл санынан (б.а., абдан көп) көп сооп берилет. Ошончолук күнөөсү кечирилет. Бейиштеги даражасы жогорулайт. Гусулу үчүн ага бериле турган сооп дүйнөдөгү бардык нерседен кайырлуу. Аллаху таала периштелерге: «Бул кулумду карагыла! Түнүчүндө эринбей туруп, менин буйругумду ойлоп, жунуптуктан гусул алып жатат. Күбө болгула, бул кулумдун күнөөлөрүн кечирдим», - деп буюрду».

Башка бир хадиси шарифте: «Кирдегенде дароо гусул алгыла! Анткени, Кирамен катибин периштелери жунуп жүргөн адамга таарынышат», - деп айтылат. Имам Газали (рахметуллахи алейх): «Түшүмдө бирөө келип ушундай деди : «Бир нече мезгил жунуп бойдон жүрдүм. Ал эми азыр үстүмө оттон көйнөк кийгизишти. Алиге дейре жалын ичиндемин» - дейт». Дагы бир хадиси шарифте: «Жандуу сүрөт, ит жана жунуп адам бар болгон үйгө рахмат периштелери кирбейт», - деп айтылган.

Намаз окуган же окубаган адам бир намаз маалын жунуп бойдон өткөрсө, абдан оор азап тартат. Суу менен жуунуга мүмкүнчүлүгү жок болсо таяммум алуусу керек. Жунуп болгон адам төмөнкү нерселерди аткара албайт: 

1. Эч бир намазды окуй албайт. 

2. Курани карим жана аяттарына кол тийгизе албайт.

3. Каабаны таваф кыла албайт. 

4. Мечитке кире албайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш