Ислам дини » Гусул-даарат-хайз » Гусул » Пломба жана капталган тиши барлар




Пломба жана капталган тиши барлар


Ханафи мазхабында тиштердин арасы жана тиштин тешиктери сууланбаса гусул толук болбойт. Ошондуктан, тиш каптатканда же пломбалатканда гусул даараты толук болбойт. Адам  жунуптуктан тазаланбайт. Алтын, күмүш жана кир болуп эсептелбеген башка заттардан жасалган каптамалардын астына суу кирбесе, Ханафи мазхабындагы аалымдардын бардыгынын билдирүүлөрү боюнча гусул дурус болбойт.

Тахтави «Маракыл фалах» аттуу китебинин 96-чы бетинде жана ошондой эле, мунун котормосу «Нимат-и Ислам» аттуу китебинде мындай деп жазылат: «Бир Ханафинин өз мазхабы боюнча жасай албаган бир ишти аткаруу үчүн Шаафи мазхабын таклид кылса болот, б.а., ошол мазхабдын өкүмдөрүн пайдалана алат. «Бахр-ур-раик» жана «Нахр-ур-фаик» китептеринде дагы ушундай жазылган. Бирок, бул учурда ал мазхабдын шарттарын да орундатуу керек. Хараж кыйынчылыксыз жана ал мазхабдын шарттарына ылайык эмес түрдө таклид кылынса мулаффик деп аталат, ал чогултуучу дегенди билдирет. Бул туура эмес, б.а., буга уруксат берилбейт.

Өз мазхабындагы бир фарзды орундаталбаган адамдын ошол гана фарзды аткаруу үчүн башка мазхабды таклид кылуусу (кармануусу) зарыл. Бирок, бул учурда таклид кылып жаткан мазхабдын шарттарын да орундатуусу керек. Тишин ломбалаткан же каптаткан Ханафи мазхабындагы адам Малики же Шаафи мазхабын кармануу үчүн гусулда, дааратта, жана намазда ниет келтирип жатканда Имам Малик же Имам Шаафиге уюгандыгын эстөөсү жетиштүү болот. Башкача айтканда, гусул алып баштаганда, «Малики (же Шаафи) мазхабы боюнча гусул алууга ниет кылдым» деген сөздү жүрөгүнөн өткөргөн адамдын гусулу туура болот. Тишин пломбалаткан же каптаткан  Ханафи мазхабындагы адам жогорудагыдай ниет кылганда гусулу туура болот. Жунуптуктан кутулат, тазаланат. Малики же Шаафи мазхабын таклид кылганда даараты жана намаздары да туура болот. Тишин каптатпаган жана пломбалатпаган адамдарга да имамдык кыла алат.

Шаафи мазхабын таклид кылган адамдын имамдын артынан Фатиха сүрөсүн окуусу, өзүнүн же башка бирөөнүн жыныстык мүчөлөрүнө алаканы менен тийүүсү, нике менен алуусу харам болуп эсептелген он сегиз аялдан башка аялдын денесине өзүнүн денеси тийсе даарат алуусу, дааратка ниет кылган болуусу жана аз да болсо кирден качуусу керек. Курани каримди колго алаардан мурда Шаафи мазхабы боюнча даараттуу болуу зарыл. Ханафи мазхабындагы сапардагы бир адамдын Шаафи мазхабын таклид кылып бешим менен аср, шам менен куптан намаздарын бириктирип (жам кылып) окуу үчүн Шаафи мазхабына ылайык даараттуу болуусу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш