Сөөмөйдү көтөрүү


Суроо: Намаз окуп жатканда ташаххудда шахадат манжасын (сөөмөйүн) көтөрүүгө, ишара кылууга болобу? Кээ бир адамдар бул маселе боюнча хадис бар деп сөөмөйүн көтөрүшүүдө. Бул жаизби? (б.а., уруксатпы?)

ЖООП
Шафииде сөөмөйдү көтөрүү сүннөт, Ханафиде жаиз эмес (болбойт, уруксат эмес.) Сөөмөйдү көтөрүүнү мужтахид аалымдардын бир бөлүгү макрух, бир бөлүгү сүннөт дешкен. Динде бир эреже бар. Бир иш сүннөт же макрух деп айтылган болсо ал иш аткарылбайт. Фатвалар бири-бирине дал келбесе, б.а., (жаиз же жаиз эмес, халал же харам) деген сыяктуу болгондо жаиз эмес жана харам деген фатваларга баш ийүү негиз болуп эсептелет. Ушундайча, макрух же харам ишти кылуудан сактанган болот. Сүннөт же бидат делген нерсени кылбоо керек экендиги Барика, Хадика жана Ибни Абидиндебилдирилген. 
Сөөмөй көтөрүүгө байланыштуу олуттуу китептердеги маалыматтардын кээ бирлери мына мындай:

"Ишара кылуу сүннөт дегендер болгондой эле мустахаб дегендер да бар. Туурасы ишара кылуу – харам". (Фатава-и гараиб)


"Сөөмөй менен ишара кылуу макрух. (Кубра) китебинде да ушундай делүүдө. Фатва дагы ушундай болгон. Себеби, намазда тынч, кыймыл-аракетсиз болуу керек". (Фатава-и Сиражиййа)

"Сөөмөй менен ишара кылууга болбойт. Фатва ушундай". (Гыясиййа, Беззазийа)

"Ишара кылынбайт жана сөөмөй бүгүлбөйт. Фатва дагы ушундай. Мудмерат, Велвалжиййа, Хуласа жана дагы башка китептерде дагы ушундайча жазылган". (Жами-ур-румуз)

"Сөөмөй менен ишара кылынбайт. Фатва дагы ушундай". (Дурр-ул-мухтар)
Эбуссууд Эфенди намазда отурганда сөөмөйдү көтөрүү жакшыбы же көтөрбөө жакшыбы деген суроого: "Экөө тең жакшы деген. Бирок, сөөмөйдү көтөрбөө жакшы экендиги ачык белгилүү", - деп фатва берген.

Бардык аалымдар: "Сөөмөйлөрдү күчүнүн жетишинче кыблага каршы кармоо сүннөт. "Намазда ар бир дене мүчөңдү күчүңдүн жетишинче кыбылага каршы карма" деген хадиси шариф муну ачыкча буйрук кылууда", - дешкен. 
Ишара кылуунун харам экендигин айткан аалымдар бар. Макрух экендигин билдирген фатвалар бар. Ишара кылынбайт, сөөмөй бүгүлбөйт, усул кабарлары ушундай дегендер көп. Ошондуктан, хадиси шариф бар деп ишара кылуу жана ушундайча бир канча мужтахиддердин фатвалары менен харам же макрух жана тыюу экендиги билдирилген бир ишти кылуусу туура болбойт. Бир мусулман мына мындайча ойлонуусу керек: 
Бул улуу аалымдар ишара кылуунун харам же макрух боло тургандыгына бир далил табышпаганда харам же макрух деп айтышмак эмес. Ишара кылуунун сүннөт же мустахаб экендигин билдирген кабарларды айткандан кийин: "Мындай деп айтышкандыгы менен мунун туурасы ишара кылуунун харам болгону", - деп айтышмак эмес. Демек, бул дин улуктары ишаранын сүннөт жана мустахаб экендигин көрсөткөн кабарларды эмес тыюу экендигин көрсөткөн далилдердин кубаттуу экендигин түшүнүшкөн.
Ханафи бир адам: "Эмнеси болсо да Шафииде сүннөт экен", - деп сөөмөй көтөрүүгө белсенүүсү жаиз болбойт. Бул мазхаб таклиди болуп эсептелбейт. Мазхаб таклиди бир гана зарылчылык туулган кезде жаиз болот.

Суроо: Шафиини таклид кылган адамдын намазда отурганда сөөмөйүн көтөрүүсү керекпи? 
ЖООП
Таклид кылган адам көтөрбөйт. Себеби, Ханафиден чыккан болуп эсептелбейт. Ханафиде болсо сөөмөйдү көтөрүүгө болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш