Ислам дини » Намаз » Баш, колдор же буттар ачык бойдон намаз окуу




Баш, колдор же буттар ачык бойдон намаз окуу


Суроо: Эркектердин баш, кол жана буттары ачык бойдон намаз окуулары макрухпу?

ЖООП

Ооба, макрух. Макрух болгон намаз сахих болгону менен сообу болбойт. Бир эркек намазда башты жабууга маани бербегендиги үчүн ачык окуй турган болсо макрух болот. Намазга маани бербегендиги үчүн ачык окуй турган болсо капыр болот. Өзүн Аллаху таалага каршы төмөн көрсөтүү үчүн башы ачык окуу зыян бербегени менен баары бир башты жабуу абзал. Сериндөө үчүн же ырахаттык үчүн ачуу дагы макрух. (Радд-ул-мухтар)

Маанилүү адамдын алдына чыккан адамдын мыкты жана таза кийим кийүүсү керек. Аллаху тааланын алдында турган кезде буга андан да көп көңүл бөлүү керек, улуулардын алдына кийип чыга албай турчу кийим менен намаз окубоосу керек! Курани каримде: «Ар намаз окуп жатканда кооз [таза, сүйкүмдүү] кийимдериңерди кийгиле», - деп буюрулууда. (Араф 31)

Пайгамбарыбыз намазды башы ачык окучу эмес. Чалма менен окуунун маанисин билдирип мындай деп буюрат:

«Чалма менен окулган намаз чалмасыз окулган жетимиш рекет намаздан жакшыраак.» [Абу Нуайм]

Намазда башты эч болбоду дегенде кандайдыр бир түстө болсун такыя менен жабуу керек!

(Нимет-и ислам)да намаздын макрухтарынын он бешинчисинин шилтемесинде: "Башы ачык намаз окуу макрух”, - деп буюрулууда. 57.де да макрух экендиги кайрадан билдирилген. Намаздын макрухтарынын он биринчисинде болсо колдору ачык намаз окуунун макрух экендиги билдирилген.

Намаз окуп жатканда түшүп кеткен баш кийимди бир кол менен алып кийип, башты жаап окуусу ошол ачык бойдон окуусунан да жакшыраак. (Гурер ва Дурер)

Ибни Абидин хазреттери намаздын макрухтарынын акырында буюрат:

"Намазды налын же масы менен окуу жылаң аяк менен окуудан жакшыраак. Мына ушундайча Яхудилерге уйулбаган болот. Хадиси шарифте: "Яхудилерге окшобоо үчүн намаздарды налын [бир түрдөгү бут кийим] менен окугула”, - деп буюрулду. Расулуллах жана Асхабы кирам көчөдө кийген налын менен окушчу. Налындары таза болгон жана Масжиди Набиге кум төшөлгөн болчу. Кир налын менен кирилчү эмес. (Радд-ул-мухтар)

Буттарды бир нерсе менен жаап намаз окууну билдирген үч хадиси шариф мындай:

"Яхудилер намаз окуп жатканда налын же масы менен буттарын жабышпайт. Силер аларга каршы болуп, налын же масы кийгиле.” [Муслим, Абу Давуд, Хаким, Таберани]

"Мушриктерге каршылык кылгыла, намаз окуп жатканда масыларыңарды кийгиле.” [Хаким]

"Налыны жок адам масыларын кийсин.” [Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, И.Ахмед]

Таза эмес масы, налын жана башка бут кийим менен мечитке кирилчү эмес. Азыр байпак кийип бул сүннөт орундалат.

Асхаб-ы кирам камис деп аталган бутка чейин узун көйнөк менен, б.а., антари менен намаз окушкандыктан буттары жабылчу эле. Буттар жабык окулган намаздын өтө сооптуу экендиги Халеби, Барика жана Хадика китептеринде да жазылган.

Мусулман болбогондор чиркөөлөрүндө башы ачык, буттары жылаңач сыйынышууда, ошолор сыяктуу цивилизациялуу ибадат кылуу керек деп буту-башы ачык намаз окуу, отургучта же бийик жерге сажда кылуу жаиз эмес.

Аялдардын буттарынын ачык болуусунда эки кавил бар. Биринчи кавил боюнча макрух, экинчи кавил боюнча намаз бузулат. Аялдар байпак менен же буттарына чейин узун юбка же көйнөк кийип намаз окуулары керек! (М.Эрбеа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш