Ислам дини » Намаз » Унутуп салам берүү




Унутуп салам берүү


Суроо: Унутуп салам бергенде намаз бузулабы?

Жооп

Намаз окуп жатканда унутуп салам берген адам саламдан кийин эстесе туруп намазын улантат. Намаздын аягында сажда-и сахв кылат. "Халабийи сагир" китебинин котормосунун 352-чи бетинде мындай деп билдирилет:

"Бир адам бешим намазын окуп бүттүм деп ойлоп эки рекетте салам берип, кийин эки гана рекет окуганын эстесе намазын толук окуйт жана сахв саждасын кылат. Себеби, бул жагдайда салам "сахван" (жаңылышып) берилген болууда.”

"Меракыл-фалах" китебинин котормосу болгон "Нимат-и Ислам" китебинин "Сажда-и сахв” тууралуу жеринде да мындай деп билдирилет:

"Төрт же үч рекеттик фарз намазын окуган адам намазды окуп бүттүм деп ойлоп салам берип, намазды буза турган эч нерсе кылбаган болсо дароо окубаган рекетин толуктайт жана аягында жаңылышкандыгы үчүн сажда-и сахв кылат.”

Эч бир фыкх китебинде унутуп салам берилгенде намаз бузулат деп жазылган эмес. Сүйлөө, жеп-ичүү сыяктуу намазга тоскоол боло турган бир жагдай болмоюнча намаз бузулган болбойт.

Суроо: Төрт рекеттик бир фарз намазын окуп жатып алгачкы тахыййатты акыркы тахыййат деп ойлоп салам бердим. Анан жаңылышканымды эстеп, дароо өйдө туруп, намазымды уланттым. Аягында сажда-и сахв кылдым. Намазым сахих болдубу?

Жооп

Ооба.

Эгер Аллахумма антассаламу... дегенден кийин эстелсе намаз бузулган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш