Ислам дини » Намаз » Масбуктун намазы




Масбуктун намазы


Суроо: Намазга кеч келип, имамга ар кандай рекеттерде үлгүргөн адам намазын кантип толуктайт. Ар бирин мисал менен түшүндүрө аласызбы?

ЖООП

Имамга уюган адамдар төрт түрдүү болот. Булар: Мудрик, Муктади, Масбук жана Лахык.

Мудрик– ифтитах такбирин имам менен бирге келтирген адам.

Муктади– ифтитах такбирине үлгүрбөй калган адам.

Масбук– имамга биринчи рекетте жетише албаган адам.

Лахык– ифтитах такбирин имам менен бирге алган, бирок, кийин даараты бузулуп, кайрадан даарат алып имамга уюган адам. Бул адам баштагыдай эле кыраатсыз, руку жана сажда таспихтерин келтирип намаз окуп баштайт. Эгер ал даарат алып келүүдө дүнүйөгө байланыштуу сөз сүйлөбөгөн болсо имамдын аркасында турган болуп эсептелет. Бирок, мечиттен чыкканда жакын жерден даарат алуусу керек. Себеби, көпалыска кетсе намазы бузулат деп да айтылды.

Масбук имам эки тарапка салам бергенден кийин өйдө туруп, үргөрбөй калган рекеттерди толуктайт жана кырааттарды (окумаларды) биринчи, экинчи, үчүнчү рекет окуп жаткандай окуйт. Отурууну болсо төртүнчү, үчүнчү жана экинчи рекет ирети менен, башкача айтканда, акырынан баштагандай орундайт.

Мисалы:

1-Бешим, асыр жана куптандын парзынын экинчи рекетине үлгүргөн, башкача айтканда, бир рекетти гана өткөрүп жиберген адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отуруп, Аттахиятуну, салли барик, Раббана атинаны окуп, салам берет.

2- Бешим, асыр жана куптандын үчүнчү рекетине үлгүргөн, башкача айтканда, эки рекетин өткөрүп жиберген адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отурат. (Башка бир кавил боюнча отурбаса да намазы сахих болот.) Аттахиятуну окугандан кийин турат. Фатиха, зам сүрө окуйт, руку жана саждадан кийин отурат. Аттахиятуну, салли барик, Раббана атинаны окуп салам берет.

3- Бешим, асыр жана куптандын төртүнчү, б.а., акыркы рекетине үлгүргөн адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отурат. Аттахиятуну окугандан кийин турат, Фатиха жана зам сүрө окуйт, руку жана саждадан кийин отурбастан турат. Фатиха окуйт, руку жана саждадан кийин отуруп Аттахиятуну, салли барик, Раббана атинаны окуп, салам берет.

4-Шамдын экинчи рекетине үлгүргөн адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отурат, Аттахиятуну, салли барик, Раббана атинаны окуп салам берет.

Шамдын үчүнчү рекетине үлгүргөн адам  имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отурат. Аттахиятуну окугандан кийин туруп, Фатиха жана зам сүрө окуйт, Руку жана саждадан кийин отуруп намазын аяктайт.

5-Багымдаттын 2чи рекетине үлгүргөн адам имам салам бергенден кийин туруп, Субханака, Фатиха жана зам сүрө окуйт. Руку жана саждадан кийин отуруп намазын аяктайт.

6-Имам акыркы рекетте отурганда масбук Аттахиятуну жай окуйт, эгер эрте бүтүрүп койсо имам салам бергенге чейин Калимаи шахадатты кайталайт. Эч нерсе айтпастан отурбайт. Бул тууралуу башка кавилдер да болгону менен аалымдар ушуну тандашкан.

7-Акыркы рекетти да өткөрүп жиберген адам имамга ташаххудда үлгүрсө дагы эле жамаат сообуна жетет.

8-Ифтитах такбирин имам менен бирге айтуунун сообу көп. Ал үчүн имам менен бирге такбир алууга аракет кылуу керек.

9-Эч бир рекетке үлгүрбөгөн адам саламдан мурда, мисалы, акыркы ташаххудда имамга уйган адам имам салам бергенде туруп, такбир албастан жаңыдан башынан окугандай окуйт. Окумаларды баштан, отурууларды акырынан кылып окуса да жаиз.

10-Муким адам сафари имамга уйса болот. Сафари болгон адам 4 рекеттик парздарды окууда да муким имамга уйса болот. Үлгүрбөй калган рекет бар болсо имам салам бергенден кийин төрт кылып толуктайт. Себеби, сафари болгондун намазы алмашы, имамдын намазы сыяктуу 4 рекет болот.

11-Сафари болгон адам бешим, асыр жана куптан намазын окуй албай казага калтырса, казаны эки рекет окуусу керек болгондуктан ошол эле намаздын казасын окуган имамга уйууга болбойт. Себеби, муким имамдын экинчи рекеттин акырында отуруусу парз  эмес. Сафари болгондуку болсо отуруусу парз болгондуктан муким имамга уйа лбайт.

12-Жамаатка келген адам имамды рукуда турганын көрсө тик турганда такбир алып рукуга ийилет. Эгер такбирди ийилип жатып айта турган болсо намазы сахих болбойт. Ийиле электе имам түзөлсө ал рекетке үлгүрбөгөн болот.

13-Имам үнүн чыгарып окуп жатканда имамга уйган адам Субханаканы окубайт, имамды тыңдайт. Себеби, Субханаканы окуу – сүннөт, имамды тыңдоо болсо – важиб. Субханаканы окуудан куру калбоо үчүн имам такбир алгандан кийин дароо имамга уйууга аракет кылуу керек. Имамга уйуу үчүн васваса кылып кечигүү туура эмес.

Сүннөт окугандан кийин сапка кирип жатканда ниет кылуу жетиштүү. Колдорун кулактарына көтөрүп, «көңүлүмдү жыйнай элекмин» деп васваса кылып ниетти кечиктирген адам ушундай улам Субханаканы окууну өткөрүп жиберет. Буга жол бербөө керек.

14-Имам парзды баштап жатканда же камат окулуп жатканда мечитке келген адам жамааттын арасында сүннөт окууга турбоосу керек. Багымдат намазынан сырткары калган намаздарда дароо имамга уйуусу керек. Багымдат намазында болсо сүннөттү мечиттин кире бериш бөлүгүндө окуй салуусу керек, эгер андай бөлүгү жок болсо бир тиректин аркасында окуйт. Тирек да жок болсо дароо имамга уйуусу керек. Парздан кийин багымдаттын сүннөтү окулбайт.

15-Мечитке кеч келген адам туш келди бир жерге турбоосу керек. Эгер сүннөттү окуп жатканда алдынан бирөө өтсө өзүнө да күнөө болот. Бир тиректин артына туруусу керек. (Раддул мухтар, Халеби)

Суроо: Имамга рукуда үлгүрүү үчүн шашылып такбир айтып ийилдим. Такбирди рукуга барганда бүтүрдүм. Имам менен рукуда бираз турууга үлгүрдүк. Ал рекетке үлгүргөн боломбу?

ЖООП

Рекетке үлгүрүү бул жерде турсун, намазыңыз да сахих болгон жок. Себеби, ифтитах такбирин тик турганда алуу шарт. Ифтитах такбирин тик турганда алып, кийин имам менен рукуда бираз болгонуңузда намазыңыз да сахих болуп, рекетке да үлгүргөн болор элеңиз. Рекетке үлгүрөйүн деп мындай катага түшпөө керек. Рекетке үлгүрбөсө да намазга уйуусу сахих болуусу керек. Мунун үчүн такбирди тик турганда алуу шарт.

Суроо: Имамдын сахв саждасын кылбай тургандыгын салли бариктерди окугандыгынан байкаган масбук имам оңго салам бере турчу кезде өйдө турса зыяны барбы?

ЖООП

Зыяны жок. Оңго салам берүү менен намазы бүткөн болот. Солго салам берип жатканда өйдө турса болот.

Суроо: Имам салам бергенде масбук болгон адам намазын толуктоо үчүн өйдө турууда. Мечитке жаңы келген кишилердин парз окуп жаткан бул масбукка уйуулары жаизби?

ЖООП

Масбукка уйуу жаиз эмес.

Суроо: Шам намазынын 2чи рекетинде жамаатка үлгүргөн жана имамдын биринчи рекетте Фалак сүрөсүн, экинчи рекетте Нас сүрөсүн окугандыгын көргөн адамдын жалгыз толуктай турчу 1чи рекетте кайсы сүрөнү окуусу ылайык болот?

ЖООП

Каалаган сүрөнү окуса болот. Мисалы Кавсар, Фил, Бакара сүрөлөрүн окуйт.

Суроо: Масбук имамга биринчи отурушта үлгүрдү. Имамга уйууга ниеттенди, такбир алды, колдорду байлабастан отуруусу керекпи же колдорду байлап отуруусу керекпи? Такбирди кантип алса намазы бузулат?

ЖООП

Колдорду байлабайт, дароо отурат. Ийилип жатып такбир алса намазды баштабаган болот.

Суроо: Асыр намазынын акыркы рекетине үлгүргөн сафари масбук эгер имамдын муким экендигин ойлоп төрт рекет кылып окуса зыяны барбы?

ЖООП

Атайылап окубагандыктан зыяны жок.

Суроо: Масбуктун парз отуруусу өзүнүн акыркы отурушубу?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Намазга кеч келип биринчи рекетке үлгүрө албаган киши имам салам бере электе өйдө тура алабы?

ЖООП

Имамдын саламын күтүү важиб. Имам салам бере электе туруу тахриман макрух.

Эгер масбук дагы күтсө намазы фасид боло турган болсо ошол кезде гана турат. Мисалы, өз намазын толуктап жатканда күн чыгып кетүү коркунучу бар болсо же масхтын масх мөөнөтү өтүп кете турган болсо же үзүрлүү болуп, убакыт чыгып намаз бузула турган болсо, дагы буга окшогон себептер менен ташаххуд өлчөмүндөй отургандан кийин имамдын саламын күтпөстөн турат. (Халеби)

Суроо: Жамаатка экинчи рекетте үлгүргөн адам акыркы рекетте салли бариктерди окуйбу?

ЖООП

Халебиде мындай делген: Масбук болгон адам (имамга биринчи рекеттен кийин үлгүргөн адам) аттахиятуну имамдын салам берүүсүнөн мурда окуп бүтүрсө мына булардан бирин окундайт:

1-Калимаи шахадатты кайталайт.

2-Аттахиятуну кайта окуйт.

3-Эч нерсе окубайт.

4-Салаваттарды жана Раббананы окуйт.

5-Имам салам берген убакытка үлгүрө тургудай кылып Аттахиятуну жай-жай окуйт. Эң ыңгайлуусу мына ушул. (Халебийи сагир)

Кээ бир аалымдар болсо калимаи шахадатты кайталайт деген кавилди негиз деп алышкан. Там Илмихалда дагы бул кавил тандалган. Дагы Халебиде мындай делет: Муктади, б.а., масбук эмес, имамга убагында үлгүргөн адам имамдан мурда ташаххудду, салли барик жана дубаларды окуп бүтүрсө унчукпай күтөт. Мында башкача кавил жок.

Имамга кийин үлгүргөн адам

Суроо: Имамга биринчи рекеттен кийин үлгүргөн адам имам салам бергенден кийин окуган рекеттерде имамдын ачыктан окуган зам сүрөдөн бир же бир канча мурунку сүрөнү окуй алабы?

ЖООП

Ооба, кезектетпестен окуй алат.

Акыркы сапта орун жок болсо

Суроо: Жамаат парзды баштагандан кийин мечитке келген адам акыркы сапта орун жок болсо кандай кылат?

ЖООП

Жамаат туруп окуп жаткан болсо руку кылганга чейин бирөөнү күтөт. Эч ким келбесе рукуга бара электе алдыдагы сапка батышат. Алдыдагы сапка батпаса аркага туруп, жанына келүүсү үчүн саптагы ишеничтүү бирөөнүн далысына тиет. Ишенген бири жок болсо эң артында жалгыз турат. Эгер жамаат отурган болсо ошондо акыркы сапта жер болбосо да эч кимди жанына чакырбайт. Эң аркада жалгыз турат.

Субханака окуу

Суроо: Имамга экинчи рекетте үлгүрүп, Субханаканы окуган адам имам салам бергенден кийин өйдө турганда кайрадан Субханаканы окуйбу?

ЖООП

Намазды толуктап жатканда кыям жагынан алып караганда биринчи рекеттен башталгандыгы үчүн Субханакады окуйт.

Беш нерсени имам кылбаса жамаат да кылбайт:

1. Имам «Кунут» окубаса, жамаат дагы окубайт.

2. Имам Айт намазындагы такбирлерди кылбаса, жамаат дагы кылбайт.

3. Имам төрт рекеттик намаздын экинчи рекетинде отурбаса, жамаат дагы отурбайт.

4. Имам сажда аятын окуп, сажда кылбаса, жамаат дагы сажда кылбайт.

5. Имам сахв саждасын кылбаса, жамаат дагы кылбайт.

Төрт нерсени имам кылса жамаат кылбайт:

1. Имам экиден көп сажда кылса, жамаат кылбайт.

2. Имам Айт намазынын такбирин үчтөн ашык кылса, жамаат кылбайт.

3. Имам жаназа намазында төрттөн ашык такбир кылса, жамаат кылбайт.

4. Имам бешинчи рекетке турса, жамаат турбайт,имамды күтөт, бирге салам беришет.

Он нерсени имам кылбаса да жамаат кылат:

1. Ифтитах такбиринде колду өйдө көтөрүү.

2. «Субханака» окуу.

3. Рукуга ийилип жатканда такбир айтуу.

4. Рукуда таспих окуу.

5. Сажда кылып, өйдө туруп жатканда такбир айтуу.

6. Саждаларда таспих окуу.

7. «Самиаллаху» деп айтпаса да «раббана лакал хамд» деп айтуу.

8. «Аттахиййатуну» акырына чейин окуу.

9. Намаздын акырында салам берүү.

10. Курман Айтта жыйырма үч фарздан кийин салам берээри менен дароо такбир окуу. Бул жыйырма үч такбир «ташрик такбирлери» деп аталат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш