Ислам дини » Намаз » Намаз окуп жатканда күн чыкса




Намаз окуп жатканда күн чыкса


Суроо: Ислам Ахлагы китебинде: "Багымдат намазын окуп жатканда күн чыга баштаса бул намаз сахих болбойт. Асырды окуп жатканда күн батса бул намаз сахих болот” жана С. Эбедиййеде дагы: "Багымдат намазынын сыртында башка убакыттарда убакыт чыга электе ифтитах текбирин алган, Маликиде жана Шафииде болсо бир рекет окуган адам намазды убагында окуган болот” – деп айтылууда. Эмне үчүн багымдат намазынын сыртында деп айтылууда? Кечинде күн батканда асырдын убактысы чыкканына карабастан бул намаз сахих болууда. Бирок, таңда күн чыкканда багымдаттын дагы убактысы чыккан болсо да эмне себептен багымдат намазы сахих болбойт?

Жооп

Бул маселеде китептерде мындай деп билдирилген:

Өз каалоосу менен намаздан чыгуу Имам Азамдын өкүмү боюнча фарз. Имамейндин өкүмү боюнча фарз эмес, важиб. Бир адам намаздын соңунда ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин атайы намазга каршы бир иш кылса, мисалы; күлсө, сүйлөсө, жеп-ичсе намазы сахих болот, бирок, өзү каалабай даараты бузулса бул жагдайда Имам Азамдын өкүмүнө ылайык дароо даарат алып келип салам берип, өз каалоосу менен намаздан чыгуу керек. (Халеби)

Дааратты буза турган бир нерсе салам берүүдөн мурда болсо үч мазхабда тең намаз бузулат. Соңку ташаххудду окууну бүтүрбөй андан мурда болсо Ханафиде дагы бузулат. (И. Ахлагы)

Багымдант намазы күн чыга электе башталып, бирок, намаз бүтө электе күн чыкса намаз батыл болот. Эгер ташаххуддун убагынча убакыт отурган адамдын намазынын бул жагдайда батыл болуп же болбой тургандыгы тууралуу ихтилаф бар. (Мазахиб-и эрбаа)

Тартип ээси (намаз казасы жок адам) намаз окуп жатканда окубаган бир намазын эстеп калса же Имам Азамдын өкүмү боюнча багымдат намазын окуп жатканда күн чыкса же Жума намазын окуп жатканда асырдын убагы кирип калса; бул жагдайлар ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин же сахв саждасын кылып жатканда дагы болуп калса анда ал адамдын намазы батыл болот. Эгер бул имам болсо аркасындагы жамааттын дагы намазы батыл болот. (Фатава-и Хиндиййа) Имамейндин өкүмү боюнча ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин салли бариктерди окуп жатканда күн чыкса ал намаз сахих болот.

Даарат алып жатканда же намаз окуп жатканда үзүрү токтоп, кийинки экинчи убакыттын аягына чейин такыр келбесе, үзүрлүү кезинде алган дааратты кайра алат, намазды да кайра окуйт. Үзүрү намаз бүткөндөн кийин же ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин токтосо намазын кайра окубайт. (С. Абадиййа)

Ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин дааратын бузса намазы толук болот. Ташаххуддун убагынча убакыт отургандан даараты өзү каалабай бузулса дароо даарат алып, важиб болгон саламды берсе же даарат албай намазды буза турган бир нерсе кылса мисалы; салам берсе, намазы толук болот. (С. Абадиййа)

Намаздын рукундарын толуктагандан кийин [Аттахыййатуну окугандан кийин], өйдө туруу сыяктуу өз каалоосу менен намаздан чыгара турган бир нерсе кылган адамдын намазы сахих болот. (Радд-ул мухтар)

Бир адам ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин атайы намазды буза турган бир нерсе кылса, кааласа даараты бузулгандан кийин болсун, намазы толук болот. Анткени, фарздар толук аткарылган болууда. Ооба, салам берүү важиб болгондуктан намаз кайта окулат. Намазды буза турган кыймыл-аракет атайы эмес, отуруудан мурда жүзөгө ашса, намаз иттифак менен бузулат. Отургандан кийин жүзөгө ашса, Имам Азамдын өкүмү боюнча бузулат. Имамейндин өкүмү боюнча болсо сахих болуп саналат. (Дурр-ул мухтар)

Багымдат намазында күн чыгышы менен, Жума намазында асырдын убагы кириши менен, намаздын ичинде үзүрлүүнүн үзүрү токтошу менен, жаранын айыгып, бинттин түшүшү менен, нажасат менен намаз окуган адамдын нажасатты кетире турчу нерсени ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин табуусу менен, каза намазы окуган адам үчүн макрух убакыттын кирүүсү менен пайда болгон жагдайлар Имам Азамдын өкүмү боюнча намазды бузат. Имамейндин өкүмү боюнча бузбайт. (Дурер ве гурер)

Намаздын аягында ташаххуддун убагынча убакыт отуруп, анан өз каалоосу менен намаздан чыккан адамдын намазы сахих болот. (Дурер ве гурер)

Ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин атайы үнүн чыгарып күлсө намазы толук болот. (Радд-ул мухтар)

Адамдардын бир бөлүгү кемеде жамаат менен намаз окуса, бир бөлүгү кеменин сыртында бул жамаатка уйса, ташаххуддан кийин салам бере электе кеме жүрсө кеменин сыртында имамга уйгандардын намазы Имам Азамдын өкүмү боюнча бузулат, Имамейндин өкүмү боюнча болсо бузулбайт. Багымдат намазынын фарзын окуп жатканда Аттхыййатуну окуп, салам бере электе күн чыкса Имам Азамдын өкүмү боюнча бузулат, Имамейндин өкүмү боюнча бузулбайт. (Таргиб-ус-салат)

Масбуктун имамы ташаххуддун убагынча убакыт отургандан кийин үнүн чыгарып күлсө, имамдын жана масбук эместердин намаздары толук болот. Масбуктун намазы бузулат; анткени, намаздын рукундары толук болбой намаз бузулду. (Радд-ул мухтар)

Тартип ээси бир адам намазда турганда каза намазы бар экенин эстеп калса; ташаххуддун убагынча убакыт отурбай эстеген кезде намазы иттифак менен бузулат. Ташаххудун убагынча убакыт отуруп, салам берүүдөн мурда эстесе Имам Азамдын өкүмү боюнча бузулат, Имамейндин өкүмү боюнча бузулбайт. (Радд-ул мухтар)

Жыйынтык: Ханафи мазхабындагы үч имамга тең уйа алуу үчүн намаздын рукундарын толуктагандан кийин өз каалообуз менен намаздан чыгуубуз керек. Өзүбүз каалабай намаздан чыкпаган болсок Имамейндин кавлине ылайык намазыбыз дагы сахих болот. Маликини таклид кылгандардын өз каалоолору менен намаздан чыгуулары фарз болгондуктан Имам Азамдын кавлине уйуулары керек болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш