Ислам дини » Гусул-хайз-даарат-намаз » Намаз » Мечиттерге болгон урмат




Мечиттерге болгон урмат


Суроо: Мечитте көңүл бурулушу керек болгон жагдайлар кайсылар?

ЖООП

Кээ бирлери мына булар:

1- Мечитке кирген адамдын ал жерде намазды күтүп отургандарга салам берүүсү жакшы болот. Бирок, мечитте сүннөттү окуп, фарзды күтүп жатканда сырттан кирген адамдын саламын алуу, сүннөт менен парздын ортосунда бир нерсе окуу, сүйлөшүү жана нафил намаз окуу сүннөттүн сообун жок кылат. Убакыт аз болсо тафаккур же көңүл менен зикир кылып, убакыт көп болсо каза намазын окуу керек! Эгер Курани карим окулуп жаткан болсо аны тыңдоо чоң сооп. Таң намазынын сүннөтүн үйүндө окуп келген адам сүйлөбөйт, үнүн чыгарып бир нерсе окубайт.

2- Мечитке киргенде алдыңкы сапка туруу керек. Карыган адамдар бар деп аркада турбоо керек! Биринчи сапта жеп болуп туруп арткы сапта туруу макрух. Хадиси шарифте айтылган: «Имамдын аркасында турганга 100, анын оңундагыларга 75, солундагыларга 50 жана калган саптагыларга 25 сооп берилет.» [Шир’a]

«Мечитке түшкөн рахмет алгач имамга, кийин оң тараптагыларга, кийин калган саптагыларга барат.» [Дайлами]

«Аллаху таала биринчи саптагыларга рахмет кылат, периштелер дагы биринчи саптагыларга дуба жана истигфар кылышат.» [Абу Давуд, Насаи, И.Ахмед]

«Эң кайырлуу сап – биринчи сап. Сообу эң аз болгон сап арткы саптар.» [Муслим]

«Биринчи саптын фазилаты билингенде ал жерге өтүү үчүн кура тартылмак.» [Муслим]

«Намаз окуп жатканда [жамаат ичинде] фазилаттуу болгондорго биринчи сапта, калгандарына акыркы сапта болуу насип болот.» [Муслим]

Жаннатка кирүү үчүн эмне кылуусу керек экендигин сураган бир адамга Пайгамбарыбыз: «Муаззин [азанчы] же имам бол», - деп буюрду. Ал адам: «Боло албайм», - деди. «Андай болсо намазыңды биринчи сапта оку!» - деп буюрду. (Бухари)

Алдыңкы сапка өтүп жатып эч кимдин тынчын албоо керек. Тынчын албоо ниети менен арткы сапта калуу андан да сооптуу. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Элди нааразы кылбоо үчүн алдыңкы сапка өтпөгөн эки эсе соопко жетет.» [Табарани]

3- Имамдын аркасында туруу сооптуураак. Кийин оң тарап. Мечиттин оң тарабында туруу солго караганда сооптуураак болгондуктан оң жагын тандоо керек. Эгер оң жагын тандагандар көп болуп сол тарап бош калса сол тарапты тандоо өтө сооптуу болот.

Пайгамбарыбыз мечиттин оң тарабында оң тарабында болуунун сооптуу экендигин айтканда Асхабы кирам мечиттин оң тарабын толтура башташты. Сол тарапта ачык жерлер калат. Муну көргөн Пайгамбарыбыз айтты:

«Мечиттин солундагы ачык жерлерди толтурган эки эсеп сооп табат.» [Табарани]

Демек, алгач оң тарапка туруу сол тарапка туруудан да сооптуу. Солдо бош жер калса ошол жерди толтуруу оң тарапта туруудан да сооптуу.

4- Чоң мечитте жамаат бир сап болсо дагы баары бир тыгыз туруу керек. Саптардын тыгыз болуусу рахметтин келүүсүнө себеп болот. Саптар тыгыз кылынып, далылар бири-бирине бекем тийип туруусу керек! Асхабы кирам сапта өтө тыгыз турушкандыктан кийимдеринин далы жактары эскирчү. Хадиси шарифтерде айтылган:

«Намазда далылар тийиштирилип тыгыз тургула! Ачык жерлерди жапкыла, шайтан кирбесин!» [Хаким]

«Хак таала сапты тыгыз кылгандарга рахмет кылат, сапта бош жер калтырганга азап кылат.» [Насаи]

«Саптагы боштукту толтургандын күнөөлөрү кечирилет.» [Беззар]

5- Чоң мечитте буттар менен сажда кылчу жердин арасынан, кичине мечитте буттар менен кыбыла дубалынын арасынан өткөн адам күнөөгө кирет. Хадиси шарифте буюрулду:

«Бир адам намаз окуган адамдын алдынан өтүүнүн канчалык чоң күнөө экендигин билгенде ал жерден өтүүдөн жүз жыл күтүп турууну тандамак.» [Ибни Маже]

Ар ким ары-бери өтө турчу жерде турган адамга да күнөө болот. Бир гана алдыңкы сапта бош жер бар болуп туруп боштукту толтуруу үчүн намаз окуп турган адамдын алдынан өтүү күнөө эмес. Себеби, бул адам өзүнө болгон урматты алып салган болот. Намаз окуган адамдын алдынан адам же жаныбар өтсө намаз бузулган болбойт. Намазды кандайдыр бир тоскоолдун, тирөөчтүн артында окуу керек. Хадиси шарифте буюрулду:
«Намазга туруп жатканда тоскоол койгула! Өтө тургандарга тоскоол болгула!»
[Ибни Маже]

[Өтүп бараткан адамга ишара менен, катуу үн менен окуу аркылуу тоскоол болуу жаиз болгону менен буларды кылбоо андан да жакшы.]

6- Мечитте сүйлөө, күлүү, азилдешүү соопторду жок кылат. Хадиси шарифте айтылган:

«Мечитте дүнүйөлүк сөз сүйлөгөндүн оозунан жаман жыт чыгат. Периштелер: «Йа, Рабби, бул кулуңдун мечитте сүйлөгөн сөзүнөн улам оозунан чыккан жаман жыт биздин тынчыбызды алууда», - дешет. Хак таала айтат: «Иззим жана жалалымдын акысы үчүн аларга чоң балээ беремин». [Эййехул Велед Илмихалы]

Мечитке киргенде алгач эки рекет тахыййат-ул-масжид намазын окуп же башка ибадат кылып, итикафка ниет кылгандан кийин үндү бийик чыгарбоо шарты менен сүйлөшүү жаиз. Зарылчылык болбостон мечитте сүйлөшүүгө болбойт. Хадиси шарифте айтылды:

«Акыр заманда кээ бирлер мечиттерде дүнүйөдөн сөз кылышат. Алар менен бирге болбогула! Аллаху тааланын мындай адамдар менен иши жок.» [Ибни Хиббан]

Мечитке киргенде фарз же башка намаз окуганда тахыййат-ул-масжид намазы окулган болсо дагы сүннөттү же парзды баштап жатканда «Убакыттын сүннөтүнө жана тахыййат-ул-масжид намазына» деп ниет кылынса ниетинин дагы сообун алат.

7- Сүннөт менен парз ортосунда дуба, сүрө же үч ихлас окубоо керек. Муну адат кылып алуу бидат. Ибадаттарга кошумча кошуу динди өзгөрткөндүк болот. Хадиси шарифте:«Ибадаттарды биз сыяктуу кылбаган бизден эмес», - деп айтылууда.

Пайгамбарыбыз кандай ибадат кылган болсо, мазхабыбыз муну кандай билдирген болсо дал ошондой ибадат кылынат. «Муну да кылалы, тигини да кошолу» деп айтуу динде реформа кылуу болот. Бул эч качан жаиз эмес. Сүннөт менен парз ортосунда бир нерсе окуунун сүннөттү искат [жок] кыла тургандыгы Бахр-ур-раиккитебинде жазылган.

8- Жамаат менен намаз окуп жатканда сүннөттү баштоо макрух. Таң намазынын сүннөтүн окубай калган адам эгер сүннөттү окуса жамаатка үлгүрбөй кала тургандыгын түшүнсө сүннөттү окубастан дароо имамга уят. Жамаат менен экинчи рекетте отура ала тургандыгын билсе сүннөттү мечиттин тышында, холдо тез окуп алат. Эгер андай хол жок болсо ичинде бир тиректин аркасына туруп окуйт. Эгер мындай далдоо жер жок болсо сүннөттү окубайт. Себеби, жамаат менен намаз окулуп жатканда нафил намаз окуу макрх. Макрух иш кылбаш үчүн сүннөттү ташталат. Жума күнү имам минбарга чыкканда сүннөттү баштоо макрух.

9- Мечитте парзды жалгыз окуп алган адам бешим жана куптан намаздарында жанында жамаат менен намаз окулуп башталса же жамаатка кошулуп нафил катары окуйт же мечиттен сыртка чыгат. Калган үч намазды жалгыз окуган адамдын жамаат менен окулуп жаткан болсо дагы жамаатка уйуп нафил катары окуй албагандыгы үчүн мечиттен чыгуусу важиб болот. Себеби, ал жерде болуп туруп жамаатка уйбоо күнөө.

10- Пияз, сарымсак сыяктуу жыттанган нерсе жеп мечитке келүү туура эмес. Хадиси шарифте:

«Сарымсак жеген адам жыты кетпестен мечитибизге жакындабасын, адам тынчсызданган нерсеге периштелер дагы тынчсызданышат.» [Табарани]

Майлуу, кир жана жаман жыттанган жумуш кийим менен, кир бут менен мечитке келип элдин жийиркентпеш керек! Кээ бирлери тамеки жытынан дагы жийиркенишет. Ошондуктан, оозу жана кийими тамеки жыттангандар тазаланып, жыттын кетиргенден кийин мечитке келүүлөрү керек. Жылаң аяк намаз окуу Ханафиде макрух. Байпагы кир болгон жана таза байпак таба албаган адам элди жийиркентпөө, б.а., харам иш кылбоо үчүн байпаксыз намаз окуй алганы менен макрух иш кылбаш үчүн алдын ала муну ойлонуп эски болсо дагы таза байпак менен мечитке келүүсү керек.

Мусулмандардын денелери, кийимдери, колдонгон буюмдары, тамактары таза болот. Таза болсо микроп жана оору болбойт. Курани каримде: «Таза болгондорду сүйөм», - деп билдирилүүдө. (Бакара 222)
Хадиси шарифте дагы айтылды:

«Мусулмандык - тазалык дини. Таза болгула! Жаннатка таза болгондор гана киришет.» [Дайлами]

11- Итикафка ниет кылгандардан сырткары мечитте бир нерсе жеп-ичүү макрух. Ошондуктан, мечитке кирип жатканда итикафка ниет кылуу керек. Андан кийин зарыл болгон кезде жеп-ичүү макрух болбойт.

12- Мечитте отуруу сооптуу. Хадиси шарифте: «Беш нерсе ибадат: Аз жеш, мечитте отуруу, Каабаны, Мусхафты жана аалымдын жүзүн кароо», - делген. (Дайлами)
Мечитке жаман ниет менен, мисалы, бут кийим уурдоо ниети менен кирген адам күнөө кылган болот. Мечиттин Аллаху таала сүйгөн жер экендигин ойлогон адам бул жерди зыярат кылууга дагы ниет кылса сообу дагы да көп болот. Намаз окууну күтүш үчүн, мечитте итикаф кылып акыретти ойлонуу үчүн, вааз тыңдоо үчүн дагы ниет кылса бул ниети үчүн өзүнчө сооп алат.

13- Көп адам табуреткага, креслого отурууга үйрөнүп алгандыгы үчүн мечитте тизе бүгүп отура албайт. Же малдаш токунуп же буттарын тигип отурушууда. Мажбур болмоюнча минтип отуруу адепке ылайык эмес. Курани карим окуу Аллаху таала менен сүйлөшүү болуп саналат. Курани карим окулуп жатканда жайылып отуруу жаман. Таспих тартып жатканда, зикир чалып жатканда дагы мүмкүн болсо тизени бүгүп отурууга аракет кылуу керек. Мусулмандардын жанында адептүү отуруу керек. Пайгамбарыбыз кызынын жанында болсо дагы бир да жолу бутун созуп отурган эмес.

Олуя бир зат тизесин бүгүп отуруудан чарчап, бираз малдаш токунуп отурайын деген экен. Малдаш токунуп отурган кезде «Кул кожоюнунун жанында ушинтип отурабы?» деген үн келет. Олуя зат ошондон кийин өмүр бою тизесин бүгүп отурат. Кул зарылдык болмоюнча Раббинин алдында адеп менен отурууга аракет кылуусу керек.

14- Азанчылык кылган адамдардын кээ бир нерселерди билүүлөрү керек. Мисалы, басып бара жатып камат окулбайт. Камат окулуп жатканда кол байланбайт. Үч истигфар намаздардын акырында окулат. Таң намазы жана асыр намазынын парзынан салам берип, Аллахумма антассаламу... дегенден кийин бешим, шам жана куптанда соңку сүннөттөн кийин окулат. Азанчы жамаат менен намаз окулуп жатканда аркада бир жерде турбайт, жамаат менен кошулуп сапка кирет. Жамааттын арт жагында азанчынын орду делген жерде жалгыз туруусу макрух.

15- Үйдө, мечитте же мунарада азан кыбылага карап окулат. «Хаййаалассалах» деп жатканда бир гана жүзүн оңго, «Хаййаалалфалах» деп жатканда жүзүн солго буруу сүннөт. Дене бурулбайт. Мунарада болсо бурулуп окулуп жатканда болсо көкүрөк кыбыладан башка тарапка бурулбайт.

Азан окулуп жактанда Расулуллах алейхиссаламдын ысымын уккан адам эки колдун баш бармактарын көздөрүнүн үстүнө коюп «Эки көзүмдүн нурусуң сен йа Расулаллах» дейт. Хазрети Абу Бакр Сыддык азан окулуп жатканда Расулуллахтын ысымын укканда эки баш бармагынын тырмактарын өөп көздөрүнө сүрттү. Пайгамбарыбыз себебин сураганда: «Йа Расулаллах, сенин мубарек ысымың менен берекеттенүү үчүн», - деди. Пайгамбарыбыз: «Жакшы кылдың. Мындай кылган адам көз оорусун тартпайт», - деди.

16- Ата-бабаларыбыз мечиттерди өтө жарык кылышкан эмес. Себеби, өтө ашыкча жарык кылуу хушууга кедерги болот. Бул жагынан алып караганда мечиттерде артыкча жарык колдонуу хушууга кедерги болуу менен бирге ысырап жагынан дагы зыяны бар. Мубарек түндөрү мечитте көп жарык колдонуу болсо бидат. Китеп окуп жатканда, Курани карим үйрөнүп жатканда же башка бир зарылдык болгондо өлчөмү менен жарык колдонуунун зыяны жок.

17- Эч зыян бербесе дагы мечитке кичине бала алып келүү макрух. Зыян берип, мечитти кирдете турган болсо харам болот. Хадиси шарифте: «Мечитке бала жана жиндини койбогула», - деп буюрулууда. (Ибни Мажа)

Намазга көндүрүү үчүн жети жаштан чоң балдарды зыян тийгизбей турган болсо алып келүү жакшы болот.

18- Жамаатка жетише албай турган болсо дагы баары бир мечитке баратканда жүгүрбөш керек. Пайгамбарыбыз: «Намазга баратканда жүгүрбөгүлө!» - деп буюрду. Жамаатка үлгүрүү үчүн жүгүрүү макрух.

19- Жолдо сүйлөбөй турган болсо таң намазынын сүннөтүн үйдө окуу керек. Хадиси шарифте айтылган:

«Таң намазынын сүннөтүн үйдө окуу ырыскынын берекетине, үй калкы менен ынтымакка жана ыйман менен өлүүгө себеп болот.» [Имад-ул-ислам]

20- Имамдын соңку сүннөттү парзды окуган жерде окуусу макрух. Жамаат болсо бир эле жерде окуса күнөө болбойт. Жер которуу үчүн бирөөнү тартып ага машакат бербөө керек.

21- Мечитте хикмат, көркөм мүнөз, насыйкат билдирген ыр жана илахилерди кээде окуу күнөө эмес. Дайыма ушинтип убакыт өткөрүү макрух.

22- Мечиттерде биринчи жамааттын имамы михрапта окутпаса макрух болот. Имамы жана жамааты белгилүү болгон ар мечитте убакыт намаздары имам михрапта туруп жамаат менен окугандан кийин кайрадан жамааттар кылынса болот. Бирок, кийинки жамааттар михраптан башка жерде окуусу керек! «Эгер кийинки жамааттын имамы михрапта болуп, азан жана икамат окулбаса макрух болбойт», - деген аалымдар дагы бар. Этияттык менен кийинки жамааттар михрапта окубоолору керек! Жол жээктериндеги белгилүү бир имамы болбогон мечиттерде азан жана камат окулуп, михрапта же мечиттин башка жеринде жамаат кылынса болот. (Халеби)

23- Имам намазды узартып жамаатты кыйнабоосу керек. Хадиси шарифтерде буюрулган:

«Имам болгондо намазды жеңил окуткула! Жамааттын ичинде кичине, карыган, оорулуу жана зарыл жагдайлуу адамдар болуусу мүмкүн. Жалгыз окуп жатканда созсоңор болот.» [Бухари]

«Имам болгон адам Аллахтан корксун, имамдык кылган адамдарга карата жоопкерчилик жүктөнгөндүгүн билсин! Эгер имам намазды кемчиликсиз окутса жамааттын сообунчалык имамга да сооп берилет. Эгер кемчиликтүү окутса күнөөсү имамга гана болот.» [Таберани]

24- Жалгыз намаз окуган адам салам берип жатканда коргоочу периштелерине ниет кылат. Жамаат менен окуган адам периштелер менен бирге оңундагы, солундагы жамаатка да ниет кылат.

25- Мечитке кирген адам камат окулуп парз башталганын көргөндө дароо имамга уйуусу керек. Себеби, жамаат менен намаз окулуп жатканда сүннөт окуу макрух.

Багымдат намазынын парзы окулуп жатканда мечитке келген адам жамааттан өзүнчө бир жерде сүннөттү окуп, кийин имамга уят. Эгер сүннөттү окуй турган болсо жамаатка үлгүрбөй кала тургандыгын билсе дароо имамга уят. Парзды окуп болгондон кийин бул сүннөттү окуй албайт. Себеби, багымдат намазынын парзы окулгандан кийин сүннөт окулбайт.

Бешимде мечитке келген адам камат окулган же парзга турушкан болсо ал дагы дароо имамга уят. Парзды окугандан кийин окуй албай калган алгачкы сүннөтүн окуйт. Кийин соңку сүннөтүн окуйт. Куптан намазынын парзы окулуп жатканда мечитке келген адам болсо бешим намазында айтылгандай кыймылдайт. (Халеби)

Асыр намазынын парзы окулуп жатканда мечитке келген адам дароо имамга уят. Парздан кийин сүннөттү окубайт. Себеби, асырдын парзынан кийин нафил окуу макрух. Бирок, каза намаз окуса жаиз. Шамга кырк мүнөт калганга чейин каза намазы окуса болот.

Мечитке кирип жамаат баштала электе асырдын сүннөтүн эки рекет болсо дагы окуп алуу мүмкүндүгү бар болсо эки кылып окуусу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам асырдын сүннөтүн эки рекет окугандыгы да болгон. Асхабы кирамдан «Расулуллах асырдын парзынан мурда эки рекет намаз окучу» деген риваяттар дагы бар.

Мечиттерде кылынган кээ бир каталар
Суроо: Мечиттерде демейде кылынып жаткан каталар эмнелер?
ЖООП

Даарат алынып жатканда буттар үч жолу жуулбай жатат, үч жолу хилал кылынбай жатат (жышылбай жатат), каптама масх сүннөтү кылынбай жатат. Буттарды үч жолу жуу сүннөтүнө дагы, каптама масх сүннөтүнө дагы көңүл буруу керек. Хадиси шарифте: «Унутулган, ташталып калган сүннөтүмдү ортого чыгарып эстеткенге жүз шейит сообу бар», - деп айтылган. (Хаким)

Даарат алып, буттар сууланган ным бойдон мечитке кирбөө керек. Жылаң аяк, кыска жең жана жылаң баш намаз окуу – макрух.

Басып баратып камат айткандар, камат айтып жатып колдорун байлап алгандар болот. Мындай кылуу дагы – макрух.

Үйдө азан айтып жаткан кезде дагы колдор кулактарга коюлушу керек, азан, айтып жаткан кезде көкүрөктү кыбыладан башка тарапка бурбоо керек.

Мечиттерде кээ бирлери буттарын өтө талтайтып ачышат, кээ бирлери эч ачпайт. Ханафиде эки буттун арасы төрт манда аралыгында ачылуусу – сүннөт. Шафииде бир карыш ачылат.

Такбир алып жатканда алаканын жүзүнө каратып алгандар болууда жана манжаларын жабыштырып алгандар болууда. Такбир алып жатканда алакан ичтерин кыбылага карата ачуу жана манжаларды жабыштырбастан өз эркинче ачык калтыруу керек.

Жалсаларда [б.а., эки сажда ортосунда](Раббигфирли)дегенчелик убакыт туруу – важиб. (Раббигфирли)делсе дагы зыяны жок. Муну айтуу Ханбалиде шарт. Жалсада көпкө туруу сүннөткө каршы.


Саждадан кыямга тургандан кийин буттарын төрт манжа ачкандар болууда. Саждадан тура электе ачуу керек.
Тахиййатта отурганда тизелерди кармабоо керек, манжаларды тизеге түшүрбөө керек.
Тахиййатта манжалар өз эркинде ачык калат.

Ханафиде тахиййатта манжаны (сөөмөй) көтөрүү сүннөт, макрух, харам деген аалымдар болгон. Көтөрбөө керек. Шафииде көтөрүү – сүннөт.

Эки киши жамаат болуп намаз окуп жатканда бири жарым метрчелик аркада турууда. Болгону имамдан алдыга өтүп кетүү ыктымалына каршы имамдан бир томук аркада турса жакшы болот.

Сүннөт менен фарз же фарз менен сүннөт ортосунда сүйлөшкөндөр көп болууда. (Камат айт, терезени жап, сапты толтур, сиө өтүңүз) деген сыяктуу сөздөр айтылууда. Мечитте сүннөттү окуп, фарзды күтүп жатканда сырттан кирген адамдын саламына жооп берүү, сүннөт менен фарздын ортосунда бир нерсе окуу, сүйлөшүү жана дуба окуу, зикир чалуу сүннөттүн сообун жок кылат. Кээ бир аалымдардын билдирүүлөрү боюнча сүннөттү кайрадан окуу керек. Убакыт уз болсо тафаккур кылуу керек же көңүлдөн зикир кылуу керек. Убакыт көп болсо мурдагы каза намазы бар болсо каза намаз окуу керек.

Саждада манжаларды жабык кармоо керек, чыканактарды жерге койбоо керек. Чыканактарды эки тарапка чыгарып, жанында тургандарга ыңгайсыздык келтирбөө керек. Имам салам бергенде жамаат дароо турууда. Туруудан мурда «Аллахумма антассалам ва минкассалам табаракта йа залжалали вал икрам» деш керек. Бешим, шам жана куптанда сүннөттөр окулуп намаз бүткөндө, асыр жана багымдат намазынын фарзыны окуп болгондо Аллахумма антассалам... дегенден кийин үч жолу истигфар айтылбоодо. Кээ бирлери Аллахумма антассалам... окуудан мурда айтууда. Бул дагы жаңылыш.

Кичине мечиттерде намаз окугандар бар болуп туруп үнүн катуу чыгарып Куран окугандар болууда. Намаз окуп жаткандардын жаңылышуусуна себеп болбоо керек. Имам Куран окуп жатканда намаз окуу, айрыкча сүннөт же нафил намаз окуу өтө жаңылыш. Өмүр бою окула турчу сүннөт жана нафилдер Курани каримди угуу фарзынын сообуна жете албайт. (Себеби, бул фарз.)

Мечитте кыбылага карата буттарын созгондор, адепсиз түрдө отуруп таспих тарткандар болот. Кечиримдүү себеби болбостон мындай кыймыл аракет эч орунсуз. Имам намазды баштай турчу кезде сүннөт окуп баштабаш керек. Эгер баштап алган болсо эки рекет окуп, салам берип дароо имамга уйуш керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш