Ислам дини » Намаз » Сүрөтү менен жайнамаз




Сүрөтү менен жайнамаз


Суроо: Ислам тамгалары менен жазылган, Кааба же мечиттин сүрөтү бар жайнамаздын үстүндө намаз окууга болобу?

Жооп: Үстүндө Ислам тамгалары менен жазылган жазуу, жада калса, бир тамга да бар болгон жайнамазды жерге жайуу тахриман макрух болот. Буларды кандай максатта болсо дагы жерге жайуу аны кордогондук жана ага урматсыздык кылынган болот. Кордоо, урматсыздык кылуу максатында жерге жайуу куфур болот. Үстүндө Каабанын, мечиттин сүрөтү бар же Ислам тамгалары менен жазылган жайнамаздарды намаз окуу үчүн жерге жайуу да жаиз (уруксат) эмес. (Хадика 2-том, 633-бет) 

Каабанын, мечиттин сүрөтү бар жана Ислам тамгалары менен жазуусу бар болгон жайнамазды жерге жайуу (урматсыздык, кордук болгондуктан) жаиз эмес. Бирок, үстүндө сүрөтү бар жууркандар андай эмес. Ибни Хажари Мекки хазреттери фатвасында: "Жандуу нерсенин сүрөтүн урмат кылынчу жерлерде колдонуу жаиз эмес, урмат көрсөтүлбөй турган нерселерде болсо жаиз болот”, - деген. Жууркан жерге жайылганда андагы жандуу сүрөткө урмат көрсөтүлбөгөн, кордолгон болот. Сүрөт сажда кылынчу жерде болбосо мындай жууркандын үстүндө намаз окуунун зыяны жок. Жандуу нерсенин сүрөтү киндиктен өйдө болсо, ал жерде намаз окуу макрух болот. Жандуу нерсенин сүрөтү бут баскан, отурулган жерде болсо макрух болбойт. Намаз окуп жаткан адамдын артында киндиктен өйдө жерде болсо танзихан макрух болот. (Раддул мухтар)

Демек, жандуу нерсенин сүрөтү бар болгон нерселерди жерге жайган кезде сүрөткө урматсыздык көрсөтүү, кадырсыз деп саноо болгондуктан, намаз макрух болбойт. Ал эми Каабанын, мечиттин сүрөттөрү бар болгон нерселерди жерге жайуу да сүрөткө ураматсыздык болгондуктан жаиз эмес. (С.Абадиййа)

Суроо: Мунаранын сүрөтү бар болгон жайнамазда намаз окуу макрух болобу?

Жооп: Макрух эмес.

Суроо: Арстан, бугу сыяктуу жандуулардын сүрөтү бар болгон жууркандын, килемдин үстүндө намаз окуу макрух болобу?  

Жооп: Сүрөт намаз окуп жаткан адамдын таман астында, отурулган жерде болсо же сажда кылынуучу жерде болбосо, мындай сүрөтү бар болгон жууркан, жайнамаз үстүндө намаз окуу макрух эмес. Сүрөт жерде жаткандыктан кадырсыз деп эсептелүүдө. Бирок, сажда кылынуучу жерде болсо же бут баскан, отурулган жерде болсо, адамдын денесинде, кийиминде сүрөт бар болгондой өкүмдө болот жана намаз макрух болот. Ошондуктан да, сүрөттүү кийимдер менен намаз окубоо керек! (Заважир)

Суроо: Кааба жана мечит сүрөтү түшүрүлгөн жайнамазды жерге жайуу макрух экендигине ишенбеген адам куфурга түшүп калабы?

Жооп: Куфурга түшүп калбайт. Мындай жайнамазды (намаз окуу ниети менен) жерге жайуу макрух. Андай жайнамаздарды колдонуп жаткан мусулмандар мечит сүрөттөрүн урматсыздык кылуу, кордоо максатында жерге жайышпайт, жада калса, мунун туура эмес экенин да билишпейт. Билбегендиктери үчүн куфур болбойт. Муну көпчүлүк билбейт.

Суроо: Жайнамаз эскирип кеткенде аны таман алдына, адамдар өтчү жерлерге жайып койуу туура болобу? 

Жооп: Туура болбойт, урматсыздык болот.

Суроо: Жайнамаздын сажда кылынчу жерин тепселөө макрухпу?

Жооп: Макрух эмес. Бирок, адепсиздик болот.

Суроо: Колдо тигилген жана саймаланган жайнамазда намаз окуу жаизби? Азыр көңүлдү тартчу өтө кооз жайнамаздар арбын. Булардын үстүндө намаз окуу макрухпу? Үйүбүздө кыбыла тарабындагы дубалда ар түрдүү жасалга буюмдар бар. Буларды карап намаз окууга болобу?

Жооп: Көңүлдү тартчу, ойду бөлчү нерселердин үстүндө, мисалы, саймалуу жайнамазда намаз окуу макрух. Жайнамаздар жөнөкөй болууга тийиш же жерге терсинен жайып окуу керек.

Азыр айрым мечиттерде ар кыл формадагы жайнамаздар хушу (намазды берилип окуу) менен намаз окууга тоскоол болууда. Түз жана сүрөтү жок жайнамаз (килем) колдонуу керек.

Мечиттин же намаз окулчу бөлмөнүн кыбыла дубалында да аят, хадис, диний рамка болбошу керек. Рамкаларды, аяттарды мечиттин оң жана сол дубалдарына асуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш