Ислам дини » Намаз » Тилават саждасы




Тилават саждасы


Суроо: Сажда аяттары кайсы сүрөлөрдө?

Жооп: Төмөндөгү сүрөлөрдө. Жанына аяттын номурлары да жазылган:

Аъраф 206,

Раъд 15,

Нахл 49,

Исра 107,

Мариям 58,

Хаж 18,

Фуркан 60,

Намл 25,

Сажда 15,

Саад 24,

Фуссилат 37,

Нажм 62,

Иншикак 21,

Алак 19.

Суроо: Тилават саждасы эмне, качан жана кантип кылынат?

Жооп: Оңой түшүнүлүүсү үчүн пункттар менен билдирели:

1 – Тилават – Куран окуу дегенди билдирет. Сажда аяты окулганда кылынган сажда тилават саждасы деп аталат.

2 – Намаз окуусу парз болгон бир адам Курани каримде болгон 14 жердеги сажда аятынын бирин окуса жана укса, маанисин түшүнбөсө дагы бир сажда кылуусу важип.

3 – Тилават саждасын кылуу үчүн ниет кылынат. Ниет шарт. Ниетсиз сахих болбойт. Даараттуу болуп, кыбыланы карап өйдө туруп, колдорун кулактарына көтөрбөстөн Аллаху акбар дейт жана сажда кылат. Саждада үч жолу Субхана раббиял-аъла деп айтат. Анан Аллаху акбар дейт жана өйдө турат. Ушинтип сажда тилаваты орундалган болот. 

4 – Сажда аятын уккан жунуп  же дааратсыз киши жуунгандан кийин тилават саждасын кылат. Бирок, хайз жана нифас абалындагы аялга тазалангандан кийин да тилават саждасын кылуу керек эмес.

5 – Бир отурушта бир сажда аятын бир канча жолу окуган жана уккан адам бардыгы үчүн бир сажда кылат.

6 - Бир отурушта канча сажда аяты окулган болсо ошончо тилават саждасын кылуу керек. Мисалы, үч сажда аяты окула турган болсо үч сажда керек.

7 - Намаз окуп жатканда сыртта бирөөнүн окуган сажда аятын угуп калган адам намаздан кийин тилават саждасын кылат.

8 – Намазда окуганда дароо бөлөк руку же сажда кылып, өйдө турат. Окуусун улантат. Сажда аятын окугандан эки-үч  аят кийин намаздын рукусуна ийилсе жана тилават саждасына ниет кыла турган болсо намаздын руку же саждалары тилават саждаларынын ордуна өтөт.

9 – Сажда тилаватынын казасы чукул эмес. Кечиксе күнөө болбойт. Бирок, эч кандай себепсиз, зарылдыксыз кечиктирүү танзихан макрух.

10 – Сажда аятын мубах бир убакытта окуп, намаз окуу макрух болгон үч убакытта тилават саждасы кылуу жаиз эмес. Сажда аяты макрух убакытта окулса ал убакытта сажда кылуу жаиз деген аалымдар бар болгондой эле макрух деген аалымдар да бар. Макрух болбогон убакытка кечиктириле турган болсо бардык аалымдардын айтканы боюнча амал кылган болот. (Хиндиййа)

11 – Курани карим окулган жайда болгонуна карабастан укпаган адам сажда кылбайт.

12 – Сажда аятын жазган жана муундап окуган адам сажда кылбайт.

13 – Бир канча кишинин ар бири сажда аятынан бир сөздөн окуса, муну уккандарга тилават саждасын кылуу керек эмес. Анткени, сажда аятын бир киши окуганда гана муну уккандардын сажда кылуулары важип болот. Бир канча киши тарабынан окулган сөздөр чогултулуп, бир киши сажда аятын окуган сыяктуу кылынбайт. Анткени, Курани каримди окуу үчүн эч ким башка бирөө үчүн өкүл кылынбайт.

14 – Сажда аятынын котормосун окуган же уккан адам анын сажда аяты экенин түшүнсө сажда кылат.

15 – Кылган ишине акылы жеткен жаштагы баланын окуусу менен уккандардын сажда кылуулары керек. Андан да жашыраак болсо керек болбойт.

16 - Кээде акылынан тайып калган адам акылы тайган кезде сажда аятын окуй турган болсо сажда кылуу керек эмес. Акылы ордунда болгондо окуса сажда кылуу керек.

17 – Тоодон, чөлдөн жана бир жерден жаңырып, кайра угулган үндү уккан жана тоту куштан же башка куштан уккан адам сажда кылбайт. Адамдын үнү болууга тийиш. (Дурр-ул-мунтака)

18 – Радиодон угулган үн окуган адамдын үнүнө окшош, жансыз аппараттын үнү. Ошондуктан, фонографта (грамофондо, магнитофондо, радиодо, телевизордо жана ушул сыяктуу техникаларда) окулган сажда аятын уккан адам тилават саждасын кылбайт. (Мазахиб-и арбаъ)

Элмалылы Хамди Языр Аъраф сүрөсүнүн 204-аятынын тафсиринде айтат: "Кыраат – бул ыктыярдуу бир иш болуп, акылдуу жана сүйлөй алган бир адамдын оозунан чыкканды түшүнүүгө жана түшүндүрүүгө карата бир максат болгон үндүү окуу дегендик. Акылдуу эместен жана жансыз нерселерден чыккан үндөр кыраат делбейт. Ушундай эле жаңырык, үндүн чагылышуусунан пайда болгон нерсе да кыраат делбейт. Ошондуктан да, факихтер бир кырааттын чагылышуусунан пайда болгон жаңырыкка кыраат жана тилават өкүмү керек болбой турганын, мисалы, тилават саждасы талап кылынбай турганын баяндашкан. Бир китепти үнсүз окуу кыраат делбегендиги сыяктуу, чыккан үндү же жаңырган үндү, чагылышуу пайда кылган бир үндү угуу да кыраат эмес, бир жаңырыкты угуу гана. Куран окуган адамдын үнү жазылган грамофондон (магнитофондон) же радиодон чыккан үн да кыраат делбейт. Ушул сыяктуу үндөр кыраат эмес, бир кырааттын жаңырыгы жана чагылышуусу. Буларды угуу жана унчукпоо буйругунун өкүмү керек болбойт. (2361-бет)

19 – Ыймансыздын окуганын уккан мусулмандардын сажда кылуулары важип болот.

20 – Имам Насафи Каафи китебинде айтат: "Кыйынчылыктан кутулуу үчүн Аллаху таалага чың жүрөктөн жалбарып, 14 сажда аятын (жатка, өйдө туруп) окуп, ар биринен кийин дароо сажда кылган адамды Аллаху таала ошол дарт жана кыйынчылыктан куткарат”. (Дурр-ул-мухтар, Нур-ул-изах)

Акыркы саждадан турганда өйдө туруп, колдорун жайып, өзүнүн жана бардык мусулмандардын дүнүйө жана диндерине келген дарттардан, кыйынчылыктардан кутулуулары, коргонуулары үчүн дуба кылуу керек.

21 – Сажда аяты үч макрух убакытта окула турган болсо тилават саждасын бул убакыттарда кылуу бир кавил боюнча жаиз болсо да макрух болбогон убакытка кечиктирүү абзел. (Дурар, Тахтави)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш