Ислам дини » Намаз » Кушлук намазы




Кушлук намазы


Суроо: Кушлук (духа) намазынын мааниси кандай, качан окулат?

ЖООП

Кушлук убактысы шарий күндүздүн төрттө бири өткөндөн кийин башталат, завал (истива) убактысына чейин уланат. Тагыраагы, имсак убактысына бул төрттө бир убакыт кошулганда кушлук убактысы башталат. Мисалы, 21-Декабрда Бишкекте имсак 5,31де, шам болсо 16.44тө болсо, ушундайча шариф күндүз 11 саат 13 мүнөт болуп, мунун төрттө бири 2 саат 48 мүнөт. Бул имсак убактысына кошулганда 5.31+2.48=8.19 табылат. Кушлук ушул убакытта башталат дегенди билдирет. Бул чамасы менен ишрак убактысы менен бирдей. Себеби, ал күнү ишрак убактысы 8.13. Кушлук намазы бул убакыттан тарта бешимге 20 мүнөт калганга чейин окулат. (Кыскача айта турган болсок, кушлук убактысы күн чыккандан 50 мүнөт өткөндө башталып, бешимге 20 мүнөт калганга чейин болгон убакыт.)

Кушлук убактысында эң аз эки рекет намаз окуу өтө сооптуу. Хадиси шарифтерде мындай делген:

«Күндө эки рекет кушлук намазын окуган адамдын күнөөлөрү деңиз көбүгүнчөлүк болсо кечирилет.» [Ибни Мажа, Тирмизи, Абу Давуд]

«Ар кимдин муунчалык садака берүүсү керек. Субханаллах, Алхамдулиллах, Ла илаха иллаллах же Аллаху акбар деп айтуу садака. Жакшылыкты сунуштоо, жамандыкка кедерги болууга аракет кылуу садака. Эки рекет кушлук намазын окуу болсо булардын баарына татыйт.» [Муслим]

«Күндө эки рекет кушлук намазын окуган адам туулган күндөгүсүндөй күнөөсүз болот.» [Абу Йала]

«Эки рекет кушлук намазын окуган адам гафилдерден болбойт. Төрт рекет окуган адам абиддерден болот. Алты рекет окуса бул намаз ал күнү ага жетиштүү болот. Сегиз рекет окуган масиваны таштап, баш ийген кулдардан болуп жазылат. Он эки рекет окуган адам болсо Жаннатта өзгөчө бир сарайга жетет.» [Табарани]

«Жаннаттын бир Духа эшиги бар. Бул эшиктен бир гана кушлук намазын окугандар кирет.» [Табарани]

«Эки рекет кушлук намазы кабыл болгон бир ажылык жана умрага тете.» [Абушшейх]

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын душман үстүнө жиберген аскерлери кыска убакытта жеңишке жетип, мол ганимат (олжо) менен үйлөрүнө кайтышты. Бул аскерлерди суктанып карагандарга мындай деп буюрду:

«Силерге булардан да кыска болгон, көбүрөөк ганимат алып келген жана тезирээк үйгө кайттырган жихад жолун көрсөтөйүн. Кушлук намазын окуу үчүн мечитке барган адам азыраак согушкан, көбүрөөк ганимат алган жана тезирээк үйүнө кайткан болот.» [И.Ахмед]

«Эки рекет кушлук намазын окуу мага парз.» [И.Ахмед]

«Эки рекет кушлук намазын окуган адам денесинен зекетин өтөгөн болот.» [И.Асакир]

«Радд-ул-мухтарда: «Кушлук намазын уланткан адам шейит болуп өлөт», - деп буюрулууда.

Имам Шарани хазреттери: «Кушлук намазын уланткандарга жин жабыша албайт», - деп буюрду.

Кушлук намазы нафил намаз. Казасы бар болгон адам казасын өтөмөйүнчө нафил намаз окуй турган болсо кабыл болбойт. Алгач казасын өтөөсү керек. Каза намазы карызы бар адам кушлук убактысында кушлук намазын окууну кааласа «Алгачкы казага калган багымдат [же бешим, асыр, шам, куптан] намазынын парзын жана кушлук намазын окууга» деп ниет кылса казасын өтөгөн болот, ошону менен бирге кушлук намазын да окуган болот.» [Радд-уль-мухтар]

Суроо: Сапарда кушлук намазын окуу жаизби?

ЖООП

Убакыт мүмкүн болсо окуу жакшы болот. Каза намазы бар адам казасын окууга да, кушлук намазын окууга да ниет кылуусу керек.

Суроо: Духа, кушлук жана ишрак намаздары качан башталат, кайсы убакка чейин окуса болот?

ЖООП

Духа кушлук дегенди билдирет. Аалымдардын көбү ишрак намазынын дагы кушлук намазы экендигин билдирүүдө. Саадати Абадиййада мындай делген: «Духа убактысы болгондо эки рекет (ишрак намазы) окуу сүннөт. Бул намаз «Кушлук намазы» деп да аталат.»

Ишрак убактысы айт намазы окулган убакытта башталат. Бешимге 20 мүнөт калганга чейин окулат. Каза намазы окуган адам кушлукка да ниет кылып окуйт. Ушундайча казасын да өтөгөн болот, аны менен бирге кушлук намазын да окуган болот.

Каза окуганда

Суроо: Багымдат намазынын убактысы киргенде нафил окуу жаиз болбогондугуна караганда багымдат намазы казага калганда кушлук убактысында сүннөтүн окуп жатканда Субха жана Кушлук намазына да ниет кылса болобу?

ЖООП

Ооба, ниет кылса болот. Каза окуп жатканда Кушлук, Субха, Тахыййат-ул масжид сыяктуу нафил намаздарга да ниет кылынат.

Кушлукта каза окуу

Суроо: Кушлук убактысында Духа намазын окууну адат кылган адам багымдат намазына тура албай калып Кушлук убактысында казасын окуса, Кушлук намазын дагы окуган болобу?

ЖООП

Кушлук убактысында каза окуу менен Кушлук намазы да окулган болот. Бирок, багымдат намазынын сүннөтүн окуп жатканда Кушлук намазына дагы ниет кылынса буга кошумча ниет сообун да алат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш