Ислам дини » Намаз » Ватан-ы икамат жана ватан-ы сукна кантип бузулат?




Ватан-ы икамат жана ватан-ы сукна кантип бузулат?


Суроо: Ватан-ы икамат кантип бузулат?

ЖООП

1-Башка бир ватан-ы икаматка кеткенде мурдагы ватан-ы икаматы бузулат. Сапар ниети менен чыкпаган болсо да, араларындагы алыстык 3 күндүк жолдон аз болсо да мурдагы ватан-ы икамат бузулат. Мисалы, Бишкекте икамат кылып турган бирөө 20 күн турууга Кара-Балтага барса Бишкек ватан-ы икамат болуудан чыгат, Кара-Балта ватан-ы икамат болот.

2-Ватан-ы аслиге барганда да бузулат. Мисалы, Бишкек ватан-ы икамат кезде Токмокко барып үйлөнсө, Токмок ватан-ы аслиси болот, Бишкек болсо ватан-ы икамат болуудан чыгат. Бишкекте икамат кылган бир адам ватан-ы аслиси болгон Токмокко бир күнгө да барса Бишкек ватан-ы икамат болуудан чыгат.

3-Сапарга ниет кылып чыгуу. Башкача айтканда, ватан-ы икаматтан 104 километрлик жол жүрүүгө ниет кылып чыкса, бул жер ватан-ы икамат болуудан чыгат. Мисалы, ватан-ы икаматы болгон Бишкектен 104 километрден көп алыстагы Балыкчыга барганда Бишкек ватан-ы икамат болуудан чыгат.

Дагы аз жолго ниет кылып чыкса ватан-ы икамат бузулбайт. Мисалы, ватан-ы икаматы болгон Бишкектен Кантка барып келсе Бишкек ватан-ы икамат болуудан чыкпайт.

Ватан-ы икаматтан ниетсиз чыгып, башка жерде сафари аралыктагы жолго баруу үчүн ниет кылса 104 км жүрүүдөн мурда ватан-ы икаматка кирсе сафари болуусу бузулат, муким болот.  Ниет кылуусунан 104 км жүргөндөн кийин бул жерге кирсе да эми бул жерде муким болбойт. Мисалы, ватан-ы икаматы болгон Бишкектен бир иш үчүн Кантка барса, кийин Канттан Токтогулга барууга ниет кылып жолго чыкса Бишкекке бурулуп токтоп кетсе Бишкекте сафари болуусу бузулат. Башкача айтканда, Бишкекте муким болот. Эгер Бишкекке кайрылбастан айланма жол аркылуу Токтогулга кетсе жол боюнча сафари болот. Токтогулдан Кантка кайтууга чечим чыгарса, келе жатканда Бишкекке кайрылса, Бишкекте муким болбойт, сафари болот.

Ватан-ы икаматы болгон Бишкектен Кантка келген адам жолдо жана Кантта сафари болбойт. Кантта 20 күн калууга ниет кылса Бишкек ватан-ы икамат болуудан чыгат. Кант ватан-ы икаматы болот. Кийин Бишкекке барып бир күн калгандан кийин Караколго барууга ниет кылып жолго чыкса, Кантка кайрылганда муким болот. Канттан чыкканда сафарилик башталат.

Кантта 20 күн калгандан кийин Караколго баруу ниети менен жолго чыккан адам 104 километрлик жол жүрө электе, мисалы, Кең-Булуңдан бир иш үчүн кайра Кантка кайтса муким болбойт, себеби, үч күндүк жолго кетүү ниети менен чыкканда Кант ватан-ы икамат болуудан чыккан.

Ватан-ы сукна

Суроо: Ватан-ы сукна деген эмне?

ЖООП

Ватан-ы сукна кайрылган жер болуп, 15 күндөн аз калуу үчүн ниет кылынган же бүгүн-эртең чыгармын деп узак убакыт турулган жер. Сафари болгон адам ватан-ы сукнада муким болбойт. Сафари болбогон адам ватан-ы сукнада муким болот. Сапар аралыгынчалык узак болбогон бир жерге баруу үчүн шаардан чыккан адам бул жерде 15 күндөн аз калса бул жер ватан-ы сукна болот. Бул жерде сафари болбойт. Мисалы, ватан-ы икаматы Бишкек болгон адам Кантта 10 күн калса, Кант ватан-ы сукна болот. Кантта сафари болбойт. Канттан сапарга ниет кылбастан чыкса жолдо, Токтогулга барууга ниет кылса сафари болот. Бишкекке кайрылса Бишкекте муким болот, себеби, ватан-ы аслиге же ватан-ы сукнага кетпегендиги үчүн жана Канттан сапар ниети менен чыкпагандыгы үчүн Канттын ватан-ы сукна болуусу бузулган болбойт.

Көрүнүп жаткандай ватан-ы сукнанын бузулуусу ватан-ы икамат сыяктуу болууда. Ватан-ы сукнада муким болуу үчүн муну менен ватан-ы асли же ватан-ы икамат арасы сапар аралыгынан [104 километрден] аз болуусу керек. Мисалы, бир адам Бишкектен Кантка барууда. Канттан Кең-Булуңга карай жолго чыгууда. Кең-Булуңга  келе электе Кантка кайра кайтууда. Унуткан нерсесин алып, Токтогулга кетмекчи. Бишкекке карылбайт, Кантта намазды муким болуп окуйт; себеби, Канттан чыгып жатканда сапарга ниет кылбагандыгы жана Кең-Булуңга кирбегендиги үчүн Кант ватан-ы сукна болуудан чыкпады. Эгер Канттан сапарга ниет кылып чыкканда же Кең-Булуңга киргенде Кант ватан-ы сукна болуудан чыкмак. Кантта сафари болмок.

Сапар аралыгындагы, тагыраагы 104 километрден көп болгон жолго сапар ниети менен чыккан адам 104 км баруудан мурда бир айылда 15 күндөн аз калса, кийин бул жерден чыкса, бул айылга кайра келсе муким болбойт, себеби, биринчи келгенинде да сафари эле. Мисалы, Бишкектен сапар ниети менен Караколго барууга жолго чыккан адам Кантта 10 күн калса, кийин Канттан чыккандан кийин кайра Кантка келсе муким болбойт, себеби, Кантка биринчи келгенинде да сафари эле.

Ватан-ы икамат

Суроо: Базар күндөрү Чолпон-Атада калуу ниети менен 20 күнгө Бишкектен Балыкчыга барган адам үчүн Балыкчы ватан-ы икамат болобу?

ЖООП

Балыкчы ватан-ы икамат болбойт. Эгер түндөрү Балыкчыда, күндүзү болсо Чолпон-Атада калууга ниет кылса Балыкчы ватан-ы икамат болот. Түнү каерде кала тургандыгына каралат.

Сапарда ватандын өзгөрүүсү

Суроо: Бир адамдын ватан-ы аслиси Ош. Ватан-ы икаматы болсо Бишкек. Жылдардан бери Бишкекте туруп, бир иш үчүн Сокулукка барса жана ал жерде 20 күн калса, кийин Кара-Балтага барса, ал жерде да 25 күн калса, ал жерден дагы Суусамырга барып, ал жерде бир ай калгандан кийин Бишкекке кайтып келип, 10 күн калгандан кийин Нарынга барууга чечим чыгарса, Нарында 10 күн калгандан кийин Бишкекке 15 күндөн көп калууга келсе, барган жерлерде сафари болобу же муким болобу?

ЖООП

Сокулук, Кара-Балта жана Суусамырда муким болот. Бишкек ватан-ы икамат болуудан чыгат. Суусамырдан кайра Бишкекке келгенде Бишкекте сафари болот. Нарынга барганда да сафари болот. Нарындан Бишкекке кайтканда эми Бишкекте муким болот.        


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш