Намаз - улуу буйрук


Адам алейхиссаламдын заманынан бери ар бир динде бир маал намаз бар эле. Бардыгы чогултулуп, Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө фарз кылынды. Намаз окуу ыймандын шарты эмес, бирок, намаздын фарз экенине ынануу ыймандын шарты.

Намаз -  диндин тиреги. Намазын үзгүлтүксүз, так жана толук окуган адам динин, Ислам имаратын түптөн тургузган болот, ал эми намаз окубаган адам Ислам имаратын, динин кулаткан болот. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Динибиздин башы – намаз». Башсыз адам болбогон сыяктуу эле, намазсыз да дин болбойт.

Намаз - Ислам дининде ыйман келтирүүдөн кийин фарз кылынган алгачкы буйрук. Аллаху таала пенделеринин өзүнө гана ибадат кылуулары үчүн намазды фарз кылды. Курани каримде жүздөн ашуун аятта «Намаз окугула!» деп буюрулат. Ал эми бир хадиси шарифте: «Аллаху таала күнүгө беш маал намаз окууну фарз кылды. Маани берип, шарттарына ылайык күн сайын беш маал намаз окуган адамды Жаннатка киргизерине Аллаху таала сөз берди», - деп айтылат.

Намаз динибизде аткарылуусу буюрулган бардык ибадаттардын эң баалуусу болуп эсептелинет. Дагы бир хадиси шарифте: «Намаз окубаган адамдын Исламдан насиби жок!» - деп белгиленет. Башка бир хадиси шарифте: «Момун менен капырды айырмалаган өзгөчөлүк - намаз», - деп билдирилди. Башкача айтканда, мусулман  (момун) намаз окуйт, капыр окубайт. Мунафыктар  кээде окуйт, кээде окушпайт. (Мунафык – бул Ислам өкүмдөрүнө ишенбеген, бирок, ишенген сыяктуу болуп көрүнгөн адам.) Мунафыктар Тозокто көп азап тартышат. Расулуллах  (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай дейт: «Намаз окубагандар кыямат күнү Аллаху тааланы ачуулуу көрүшөт».

Намаз окуу - Аллаху тааланын улуктугун ойлоп, Анын алдында өзүнүн төмөндүгүн, алсыздыгын  түшүнүү. Муну түшүнүп, акыл-эси жеткен адам дайыма жакшылык жасайт. Эч качан жамандык кылбайт. Күн сайын беш маал Жаратканынын жанында болууга ниет кылган адамдын жүрөгү ыкыласка толот. Намазда аткарылуусу буюрулган ар бир кыймыл-аракет рух менен денеге пайдалуу.

Мечиттерде жамаат менен намаз окуу мусулмандардын көңүлдөрүн бири бирине байлайт. Ортолорунда сүйүү орнойт. Бири бирине тууган экендиктерин түшүнүшөт. Улуулар кичүүлөргө  боорукер болот. Байлар кембагалдарга, күчтүүлөр алсыздарга жардам беришет. Ден-соолугу чыңдар сыркоологондорду мечитте көрбөй калса, үйүнө барып зыярат кылышат. «Дин тууганына жардам бергендин колдоочусу - Аллаху таала» деген хадиси шарифтеги сүйүнчүгө ээ болуу үчүн жарышышат.

Намаз адамдарды ыплас, жаман жана тыюу салынган нерселерден алыстатат. Күнөөлөрүн тазалайт. Бир хадиси шарифте: «Беш маал намаз силердин эшигиңердин алдынан аккан   дарыяга окшош. Бул дарыяда күн сайын беш маал жуунган адамда кир калбаган сыяктуу беш маал намаз окугандардын да майда күнөөлөрү кечирилет», - деп айтылган.

Намаз - Аллаху таала жана Расулуна ишенгенден кийин бардык амал жана ибадаттардан жогору турган ибадат. Ошондуктан, намаздын фарз, важиб, сүннөт жана мустахабдарына ылайык окулуусу зарыл. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) бир хадиси шарифинде  мындай деген: «Эй, үммөтүм жана сахабаларым! Толугу менен шартына ылайык окулган намаз - Аллаху таала жактырган бардык амалдардын улугу. Пайгамбарлардын сүннөтү. Периштелердин сүйгөнү. Марифаттын, жердин жана жети кат асмандын нуру. Дененин күчү. Ырыскынын берекети. Дубалардын кабыл болуусуна себепчи. Өлүм периштесинен шапаатчы. Көрдө жарык, Мункар менен Накирге жооп. Кыямат күнү үстүңдөгү көлөкөң. Тозок отуна калкан. Сырат көпүрөсүнөн чагылгандай өткөргөн жардамчы. Жаннаттын ачкычы. Жаннатта башыңа таажы. Аллаху таала момундарга намаздан да маанилүү нерсе берген эмес. Эгер намаздан баалуу, жогору турган ибадат бар болгондо, момундарга эң алгач ошону берер эле. Анткени, периштелердин бири дайыма кыйамда, бири рукуда, бири саждада, ал эми башкасы ташаххудда турат. Булардын баарын бир рекет намазда чогултуп, момундарга белек кылды. Себеби, намаз - ыймандын башы, диндин тиреги, Исламдын сөзү жана мусулмандардын Миражы. Көктүн нуру. Тозоктон  куткаруучу».

Бир күнү Хазрети Али (радыйаллаху анх ва каррамаллаху важхах) аср намазын өткөрүп жиберди. Өзүн өзү күнөөлөп катуу кайгырып, абдан сыздап ыйлап турган эле. Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи ва саллам) анын бул абалынан кабар алганда сахабалары менен бирге Хазрети Алинин (радыйаллаху анх) жанына барышты. Ахыбалын көрүп, Пайгамбарыбыз да (саллаллаху алейхи ва саллам) ыйлай баштады. Дуба кылды. Күн кайра жогору көтөрүлдү. Расулуллах  (саллаллаху алейхи ва саллам): «Йа, Али! Башыңды көтөр, күн дале көрүнүп турат», - деди. Хазрети Али (радыйаллаху анх) муну укканда абдан кубанып, намазын дароо окуду.

Хазрети Абу Бакр Сыддык  (радыйаллаху анх) бир жолу түнү бою ибадат кылгандыктан түн соңунда уктап кеткен эле. Витир намазы өттү. Багымдат намазында Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) аркасынан мечитке чейин барып, эшигинин астында: «Йа, Расулаллах! Жардам бер! Витир намазымды өткөрүп жибердим», - деп ыйлап жалбарды. Расулуллах да ыйлай баштаганда Жабраил алейхиссалам келип, «Йа, Расулаллах! Сыддыкка айт, Аллаху таала аны кечирди», - деди.

Улуу олуялардын бири Баязыд Бистами (куддиса сиррух) бир жолу таңга маал уйку басып, багымдат намазына ойгоно албай калат.  Буга катуу кайгырып, тообо кылып, ыйлап жаткан кезинде капысынан бир үн укту: «Эй, Баязыд! Бул кемчилигиңди кечирдим. Бул көз жаштарыңдын берекети менен сага жетимиш миң намаздын сообун бердим». Бир нече ай өткөн соң кайрадан уктап калат. Шайтан келип бутунан тартып ойготот. «Тур намазың өтүп баратат», -  дейт. Хазрети Баязыд Бистами таң калып: «Эй, лаанаттуу шайтан! Сен кандайча  мени ойготтуң. Сен адамдардын баары намаз маалын өткөрүп жиберсе, намаз окубаса экен деп самайсың. Мени эмне үчүн ойготтуң?» - деп сурайт. Шайтан мындай дейт: «Өткөндө багымдат намазын өткөрүп жибергениңде ыйлап-сыздап жетимиш миң намаздын сообун алган элең. Бүгүн ошону ойлоп, бир гана намаздын сообун алсын деп ойготтум!»

Улуу олуя Хазрети Жунайд Багдади мындай дейт: «Дүйнөнүн бир сааты кыяматтын миң жылынан да жакшыраак. Анткени, бул бир саатта көптөгөн жакшы амал кылсаң болот. Ал эми кыяматтагы миң жылда колуңдан эч нерсе келбейт».

Расулуллах  (саллаллаху алейхи ва саллам): «Кимде ким билип туруп, бир намазын кийинки маалдагы намазы менен бирге окуса, сексен хукба Тозокто күйөт», - деди. Бир хукба сексен акырет жылына барабар. Акыреттин бир күнү – дүйнөнүн миң жылы.

Андай болсо эй, дин бир боордошум! Убактыңды бош, пайдасыз өткөрбө. Убакыттын баасын бил. Убактыңды жакшы иштер менен өткөр. Сүйүктүү  Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Кайгынын, балээнин эң чоңу - убакытты пайдасыз нерселер менен өткөрүү», - деген. Кыямат күнү өкүнбөй, көп-көп сооп алуу үчүн намаздарыңды маалында оку! Хадиси шарифте: «Бир намазын маалында окубай, казасын да кылбай көз жумган адамдын көрүндө Тозоктон жетимиш көшөгө ачылып, кыямат күнүнө чейин азап чегет», - деп билдирилди. Намазын маалында окубаган, башкача айтканда, намаз убактысы өтүп баратканын билип, буга камаарабаган жана кайгырбаган адам динден чыгат же өлүм келгенде дүйнөдөн ыймансыз кетет. Ал эми намаз тууралуу такыр ойлонбой, эстебей, фарз катары көрбөгөн адамдын абалы кандай болот? Намазга маани бербей, аны вазыйпа деп эсептебегендер муртад, тактап айтканда, ыймансызболорун төрт мазхабдын бардык аалымдары бир ооздон билдиришкен. (Муртад - мусулман болуп, кийин ыйманы кетип, Ислам дининен чыккан адам.) Намазын билип туруп окубай, казасын окууну ойлобогон жана бул себептен азап тартуудан коркпогон адамдын муртад, тактап айтканда, ыймансыз боло тургандыгы Хазрети  Абдулгани Наблусинин  «Хадикат-ун-надиййа» аттуу китебинин «Тилдин апааттары» деген бөлүмүндө жазылган.

Хазрети Имам Раббани «Мектубат» китебинин 1-чи томунун 275-чи катында мындай дейт:

«Силердин  бул ниматка жетүүңөрдүн негизги себеби - Ислам динин үйрөтүү жана фыкых өкүмдөрүн кенен түшүндүрүүңөр болду. Ал жерлерде жахалат (илимсиздик-караңгылык) орноп, бидаттар жайылган эле. (Бидат - бул Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жана Анын төрт халифасынын (рыдвануллахи таала алейхим ажмаин) мезгилинде жок болуп, бирок, алардан кийин динге киргизилип, ибадат катары аткарылган нерселер.) Аллаху таала сүйгөн кулдарынын сүйүүсүн силерге насип кылды, Ислам динин жайууда силерди себепчи кылды. Ошондуктан, дин маалыматтарын үйрөтүүгө жана фыкых өкүмдөрүн жайууга колуңардан келишинче аракет кылгыла. Бул эки нерсе - бардык жакшылыктардын башаты, жогорулоонун каражаты жана кутулуунун себеби. Көп аракет кылгыла! Дин адамы катары баргыла! Ал жердегилерге амр-и маруф жана нахй-и мункар кылып (жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтарып) туура жолду көргөзгүлө! «Муззаммил» сүрөсүнүн он тогузунчу аятында: «Жаратканынын ыраазычылыгына жетүүнү самагандар үчүн бул, албетте, бир насаат», - деп билдирилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш