Ислам дини » Намаз » Намаз окуу




Намаз окуу


Динибизде ыймандан кийинки эң баалуу ибадат - намаз. Намаз - диндин тиреги. Намаз ибадаттардын эң жогоркусу.

Исламдын экинчи шарты.  Арапчада намаз «салат» деп аталат. Салат негизинде дуба, рахмат жана истигфар дегенди билдирет. Намазда бул үч маани тең камтылгандыктан салат деп аталган.

Аллаху таала эң көп жактырган жана кайра-кайра буйрук кылган нерсе - беш маал намаз. Аллаху тааланын мусулмандарга ыймандан кийинки эң негизги буйругу - намаз окуу. Динибизде эң алгач буйрук кылынган фарз да - намаз. Кыяматта дагы ыймандан соң эң алгачкы сурак намаз тууралуу болот. Беш маал намазынын эсебин берген адам бардык кыйынчылык жана сынактардан кутулуп, түбөлүк бакытка жетет. Жаханнам (Тозок) отунан кутулуп, Жаннатка (Бейишке) жетүү туура намаз окууга байланыштуу болот. Намазды туура окуу үчүн алгач кемчиликсиз даарат алып, жалкоолонбостон намаз окуй башташ керек. Намаздагы ар бир кыймылды эң мыкты түрдө аткарууга аракет кылуу керек.

Ибадаттардын баарын өзүндө топтогон жана адам баласын Аллаху таалага эң көп жакындаткан кайырлуу амал - намаз. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп айтат: «Намаз -  диндин тиреги. Намаз окуган адам динин күчтөндүрөт. Намаз окубаган адам, албетте, динин кулатат». Намазды туура окуу сыймыгына жеткен адам ыплас, жаман нерселерди аткаруудан алыс болот. Анкабут сүрөсүнүн кырк бешинчи аятында мындай деп айтылат: «Туура окулган намаз адам баласын ыпылас, начар жана тыюу салынган иштерди кылуудан коргойт».

Адамды жаман иштерден алыстатпаган намаз туура болуп эсептелбейт. Көрүнүштө гана намаз. Бирок, ушуга кара-бастан намазын туура окуй баштаганга чейин көрүнүштөгү намазды да колдон чыгарбай, улантуу зарыл. Ислам аалымдары: «Бир нерсенин баарын тең аткарууга мүмкүнчүлүк жок болсо, баарын тең колдон чыгарып жибербөө керек», - дешет. Чексиз ихсан ээси болгон Аллаху таала көрүнүштү чындык катары кабыл алышы да мүмкүн. Мындай туура эмес, бузук намаз окуганча такыр окубай койгонуң оң деп айтпоо керек. Анын ордуна туурасын үйрөн деп, катасын оңдоо зарыл. Бул маанилүү эместей көрүнгөн жагдайды жакшы түшүнүп коюу керек.

Намазды жамаат менен окуу керек. Жамаат менен окуунун жалгыз окуудан сообу көп. Намазда ар бир мүчөнүн тартынып, жүрөктүн Аллаху тааладан коркуп турушу керек. Адам баласын  дүйнөдө жана акыретте кыйынчылыктардан, азаптардан куткара турган  бир гана нерсе – бул намаз.

Аллаху таала Муминун сүрөсүнүн башында мындайча билдирет: «Момундар акыры кутулат. Алар намаздарын хушу (такваа, берилүү) менен окугандар», - деп билдирди.

Кандайдыр коркунуч орногон жерде аткарылган ибадаттын баркы бир нече эсе артат. Душман кол салып жатканда жоокердин кичине болсо да эрдик аткаруусу аябай баалуу. Жаштардын ибадат кылуулары да ушул себептен баалуу. Себеби, напсилериндеги жаман каалоолорун жеңүүдө жана ибадат кылууларына кедерги болгон каалоолоруна каршы турушууда.

Жаш кезде адам баласына жармашкан үч душман анын ибадат кылуусун каалабайт, тоскоол болот. Алар: шайтан, напси жана жаман достор. Бардык балээлердин башаты -  жаман достор. Жаштар алардан келген жаман нерселерге баш ийбей, алаксыбай, намаздарын окуп, ибадаттарын таштабаса абдан баалуу болот. Карып калган бир адамдын кылган ибадаттарынан да көп эсе жогору сооп табышат. Аз ибадаттарына көп сыйлык берилет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш