Ислам дини » Намаз » Намаз окуу кимдерге фарз?




Намаз окуу кимдерге фарз?


Намаз окуу акыл-эси толгон жана балагатка кирген ар бир эркек жана аял мусулман үчүн фарз. Намаздын фарз болушу үчүн үч шарт зарыл:

1- Мусулман болуу.

2- Акыл-эси ордунда болуу.

3- Балагатка жетүү.

Динибизде акыл-эске толбогон жана жашы жетилбеген кичине балдар намаз окууга милдеттүү эмес. Бирок, ата-энелер балдарына диний маалыматтарды үйрөтүп, ибадат кылууга көндүрүүлөрү керек. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Баарыңар бир үйүрдүн чабаны сыяктуусуңар! Чабан үйүрүн кандай коргосо, силер дагы үйүңөрдөгү жана кол астыңарда болгондорду Тозоктон коргошуңар керек! Аларга мусулманчылыкты үйрөтүшүңөр керек! Эгерде үйрөтпөсөңөр жооптуу болосунар». Башка бир хадиси шарифте: «Бардык наристелер мусулманчылыкка ылайык жана ийкемдүү болуп төрөлөт. Аларды кийин ата-энелери христиан, еврей жана динсиз кылат», - деп айтылган.

Демек, ар бир мусулмандын биринчи милдети балдарына Ислам динин жана Курани карим окуганды, намаз окуганды, ыймандын жана Исламдын шарттарын үйрөтүүсү керек. Баласынын мусулман болушун каалаган жана бул дүйнө менен тиги дүйнөдө тынч жашоого умтулган ата-энелер, адегенде, бул милдетин аткарыш керек. Себеби, ата-бабаларыбыз: «Тал жаш кезинде ийилет», - деп айтышкан. Жашы өткөндөн кийин ийемин деп аракет кыла турган болсоң сынып кетиши мүмкүн, зыяны тийет.

Ислам маалыматтары жана Ислам адеп-ахлагын үйрөнбөгөн бала жаман жолдо болгондорго бат алданат. Ата-энесине, мамлекетине жана элине зыяндуу болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш