Ислам дини » Намаз » Намаз окугандардын абалдары




Намаз окугандардын абалдары


Окуя: Түрмөдөн куткарган намаз

Хорасан валиси (азыркы тил менен айтканда губернатор) Абдуллах бин Тахир кара кылды как жарган адилеттүү эле. Бир күнү кароолчулары бир канча ууруну кармашып, аны валиге билдиришет. Уурулардын бирөө качып кетет. Бул маалда Хираттан келген бир темирчи Нишапурга кеткен эле. Бир күнү түн ичинде үйүнө кайтып баратканда кармап алышат. Уурулар менен чогуу валиге алып барышат. «Түрмөгө салгыла!» - дейт. Темирчи түрмөдө даарат алып намаз окуйт. Алакан жайып: «Оо, Жараткан! Мени куткар! Күнөөсүз экенимди жалгыз Сен гана билесиң. Мени бул зындандан Сен гана куткара аласың. Оо, Жараткан! Мени куткар!» - деп дуба кылат. Вали ал түнү түшүндө төрт күчтүү адам келип тактысын коңторуп салаарда ойгонуп кетет. Дароо даарат алып эки рекет намаз окуйт. Анан кайра уктап калат. Уйкусунда кайрадан жанагы түштү көрөт, кайра ойгонот. Ошондо, бирөөнү бөөдө күнөөлөп жатканын түшүнөт. Бул саптарда:

Миңдеген замбирек, мылтык кыла албайт,

Көз жашынын таң атаарда кылганын.

Душмандын жамгырдай жааган окторун,

Чанга айлантат бир момундун дубасы.

Оо, Жараткан! Улук болгон жалгыз гана Сенсиң! Сен ушунчалык улук болгонуңдан улуу кичүү дебей баардыгы кыйынчылыкка дуушар болгондо Сага гана жалбарышат.  Сага жалынган муратына жетет.

Дароо ошо түнү түрмөнүн башчысын чакырып: «Түрмөдө мазлум (акыйкатсыздыкка дуушар болгон.)  бирөө барбы?» - деп сурайт. Түрмө башчысы: «Билбейм, бирок, бир адам намаз окуп, тынбай дуба кылып көз жашын төгүп отурат», - дейт. Муну укканда, аны алдырып келет. Ал-ахыбалын сурап баарын түшүнөт. «Кечирим сурап, акыңды адал кыл, миң күмүш белегимди кабыл кыл жана кандай каалооң болсо мага кел!» - деп суранат. Темирчи: «Катаңды кечирдим, белегиңди да кабыл алдым. Бирок, ишимди, тилегимди сенден сураш үчүн келе албайм», - дейт. «Эмне үчүн келбейсиң!» -  дегенде, «Себеби, мендей кембагал үчүн сендей султандын отурган тагын бир нече жолу коңторуп койчу Жаратканымды таштап, тилектеримди башка бирөөнөн суроом кулчулукка жарашабы? Намаздарыман кийин кылган дубаларым аркылуу мени канчалаган кыйынчылыктардан куткарды. Канчалаган муратыма жеткирди. Кантип мен башка бирөөнө баш калкалайын? Раббим чексиз ырайым казынасынын эшигин ачып, чексиз ихсан дасторконун ар бир адамга жайып турганда башка бирөөнө кантип барайын? Тиленген болсо, Аллаху таала кимге бербептир? Сураганды билбесең, ала да албайсың. Алдына адеп менен барбасаң, ырайымын көрө албайсың».

Ыр:

Бир түнү кимде ким ибадат эшигине кадам шилтесе,

албетте, дос ырайымы ачат ага миң түркүн эшикти.

Олуялардын улууларынан Рабия-и Адвийа (рахметуллахи алейха) бир адам дуба кылып жатканда «Оо, Жаратканым, мага ырайым эшигиңди ач!» дегенин угуп: «Эй, жахил! Аллаху тааланын ырайым эшиги ушу убакытка чейин жабык беле, ач деп суранып жатасың?», - дейт. [Ырайымдан чыгуу эшиги дайыма ачык, бирок, кириш эшиги болгон жүрөктөр ар кимде ачык эмес. Мунун ачылуусу үчүн дуба кылуубуз керек!]

Оо, Жаратканым! Баарыбызды кыйынчылыктардан куткарган бир гана Сенсиң. Бизди бул дүйнөдө жана акыретте кыйноолорго учуратпа! Кулдарыңа бардык нерсени жиберген жалгыз Сенсиң! Бул дүйнөдө жана акыретте бизге пайдалуу, кайырлуу нерселерди жибер! Бул дүйнөдө жана акыретте бизди эч кимге муктаж кыла көрбө! Аамиин!

Окуя: Үйү өрттөнгөндө

Авлия-и кирамдан Хамиди Тавыл өзүнүн намазканасында намаз окуп жатканда үйүндө өрт чыгат. Адамдар топтолуп өрттү өчүрүшөт. Жубайы жанына чуркап келип, ачууланып мындай дейт: «Үйүң өрттөнүп жатат. Эл топтолуп жатат. Жасала турган көп иш бар. Сен болсо ордуңан кыймылдап да койбойсуң», - деди. «Аллаху таалага антым болсун, эч нерседен кабарым жок», - дейт.

Аллахтын достору (олуялар) Ага мухаббат жана жакындоодо ушунчалык бийик даражага жетишкен жана дос менен жолугушуу лаззатына ушунчалык берилгендиктен, өздөрүн унутуп коюшкан.

Окуя: Казандагы суу

Асхабы кирамдан Абдуллах бин Шахир (радиаллаху анх) айтат: «Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) жанында намаз окуп жаткам. Ыйык төшүнөн от үстүндө казанда кайнап жаткан суу сыяктуу добуш уктум».

Окуя: Бутка кадалган жебе

Расулуллахтын сүйүктүү күйөө баласы Хазрети Али (радиаллаху анх ва каррамаллаху важхах) намазга турган учурда жер коңторулуп жатса да сезбес эле.

Мындай деп баяндалат: Бир казат учурунда Хазрети Алинин (радиаллаху анх) ыйык бутуна жебе тийип, сөөгүнө чейин кирип кетет. Окту суура албай коюшат. Дарыгерге көрсөтүшөт. Табып: «Сага аң-сезимиңди жоготуп, уктата турган дары беришибиз керек. Ошондо гана бутуңдан жебени чыгара алабыз, же болбосо, бутуңдун оорусуна чыдай албайсың», - дейт. Амир-ул-муминин Хазрети Али (радиаллаху анх): «Уктата турган дарынын кереги эмне? Кичине күткүлө, намаз маалы келсин, анан мен намазга турганда жебени чыгаргыла», - дейт. Намаз убакты болот. Хазрети Али намаз окуй баштайт. Дарыгер ошол маалда Хазрети Алинин бутун жарып жебени чыгарат. Жарасын таңат. Хазрети Али (радиаллаху анх) намазын бүтүргөндө: «Жебени чыгардыңбы?» - деп сурайт. Дарыгер: «Чыгардым», - дейт. Хазрети Али (радиаллаху анх): «Таптакыр сезген жокмун», - деп жооп берет.

Буларда таң кала турчу эмне бар! Юсуф (алейхиссаламдын) сулуулугуна суктанган Мысыр (Египет) аялдары акыл-эсин жоготушуп, колдорун кесип жатканын байкабай калышкан. Эгер Аллаху тааланын алдында туруу, Аны сүйгөн пенделерин өздөрүн унутуп койгондой абалга алып келсе, буга эмнеге таң калалы? Момундар да өлүм учурунда Пайгамбарыбызды көрүп, өлүм кыйынчылыгын сезишпейт.

Окуя: Эс оодарган дары

Олуялардын бири Амир-и Кайстын бут манжасында жуззам (проказа) оорусу пайда болот. Ага кесиш керек деп айтышат. Амири Кайс болсо: «Чечимге баш ийүү кулдуктун шарты», - дейт. Кесишет. Бир нече күн өткөндөн кийин дарт бутуна жайылып, санына чейин жетет. Бул бутту кесиш керек, динибиз да буга уруксат берет дешет. Дарыгерди чакырышат. Дарыгер: «Бутун кесиш үчүн уктата турган дары бериш керек, антпесе, оорусуна чыдай албайт», - дейт. Анда Амир: «Анчалык убара болуунун кереги жок. Курани каримди жакшы окуган бирөөнү чакыргыла.

Куран окусун. Жүзүм өзгөрө баштаганда бутумду кескиле, ошондо мен сезбейм», - дейт. Айтканын аткарышат. Бирөө келип, асем үн менен Куран окуй баштайт. Бир маалда Амирдин жүзү өзгөрөт. Дарыгер ошол замат бутун санынын ортосунан кесет. Кескен жерин кайырып таңат. Ошондо Курани карим окуган адам да токтойт. Амир өзүнө келет да, кестиңерби деп сурайт. Кестик дешет. Ошентип, Амир бутунун кесилгенин, канын токтотуш үчүн кайырып таңганын сезбейт. Анан кесилген бутумду мага бергиле дейт. Беришет. Аны өйдө көтөрүп: «Оо, Жараткан! Берген Сенсиң. Мен болсо Сенин кулуңмун. Өкүмдү да, тагдырды да сен бересиң.  Кыямат күнү: «Бир да жолу бир күнөөгө бир кадам койгон белең?» - деп сурасаң - Эч качан Сенин буйругуңсуз бир кадам шилтеп, бир дем алган жокмун -  деп айта алам», - дейт.

Окуя: Намаз үчүн жан аябоо

Бурса шаары Осмон мамлекетине кире электе шаарда жашаган гректердин бирөө жашыруун мусулман болот. Анын абдан жакын досу мунун себебин сурайт:

«Ата-бабаларыңдын дининен кантип баш тарттың?» - деп нааразы болот. Жолдошу маңыздуу түрдө мындай деп түшүндүрөт:

«Бир жолу туткунга түшкөн мусулмандардын бирөөсүн менин жаныма ташташат. Бир күнү байкасам, камактагы бөлмөдө бир эңкейет, бир турат. Жанына барып, эмне кылып жатканын сурадым. Ал кыймыл-аракетин бүткөн соң колун жүзүнө сүрүп, намаз окуп жатканын жана эгерде мен ага уруксат бере турган болсом ар бир намаз үчүн бир алтын берерин айтты. Мен да акчага кызыгып тоскоол болбодум. Күн өткөн сайын акчасын көбөйттүм. Акыры ар бир убакыт намаз үчүн 10 алтын сурадым. Каршы чыкпай макул деди. Ошондо ибадаты үчүн жан аябастыгына айран таң калдым. Бир күнү - Сени боштондукка чыгарам - дегенимде кубанычы койнуна батпай колдорун көтөрүп мен үчүн минтип дуба кылды:

«Эй, Аллахым! Бул кулуңду ыйман менен сыймыктант!» Мына ошондо ичимде мусулман болуу арзуусу пайда болду жана бул каалоо аябай күчөгөндүктөн, дароо шахадат калимасын айтып мусулман болдум».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш