Ислам дини » Намаз » Намаздын фарздары




Намаздын фарздары


Фарз – Аллаху таала аткарылуусун каалаган так буйрук. Бир ибадаттын фарздары орундалмайынчаал ибадат так, туура аткарылган болуп эсептелбейт. Намаз окуп жатканда он эки шартты орундоо -  фарз. Булардын жетөө намаздын тышындагы, бешөө ичиндеги фарздар. Тышындагы фарздар шарттар, ал эми ичиндегилер рукун деп аталат. (кээ бир аалымдар тахрима такбири намаздын ичинде экенин айтышат. Бул пикир боюнча намаздын шарттары да, рукундары да алты болот).

А. Намаздын тышындагы фарздары (шарттары):

1.  Хадастан тазалануу: Дааратсыз адамдын даарат, ал эми жунуп болгон адамдын гусул алуусу.

2. Нажасаттан тахарат: Намаз окуган адамдын денесин, кийимин, намаз окуй турган жерин чоң жана майда кирден б.а., динибизде нажас (кир) болуп эсептелген нерселерден тазалоосу. (Мисалы: кан, заара, алкогол сыяктуу заттар динибизде нажас (булганыч) болуп саналат.) 

3. Сатр-и аврат: Аврат жерлерди жабуу дегенди билдирет. Аврат жерлерди жабуу Аллаху тааланын буйругу. Мукаллаф болгон, б.а., акыл-эстүү, балагатка жеткен адамдын намаз окуп жатканда ачуусу же жалпысынан башка бирөөнө көрсөтүүсү жана башка бирөөнүкүн кароосу да харам болуп эсептелген дене мүчөлөрү «аврат жерлер» деп аталат. Эркектин аврат мүчөлөрү киндигинен тизесинин астына чейин. Ал эми аялдыкы жүзү жана колунун билегинен ылдыйкы бөлүгүнөн башка бардык жери аврат.

4. Истикбал-и кыбла: Намаз окуп жатканда кыбыланы кароо. Мусулмандардын кыбыласы ыйык Мекке-и мукаррама шаарындагы Каабанын турган жери. Башкача айтканда, жерден аршка чейинки боштук кыбыла.

5. Убакыт: Намазды маалында окуу. Башкача айтканда, намаз убактысынын келгенин билүү жана окуган намазынын маалын жүрөгүнөн өткөрүү.

6.  Ниет. Намазга туруп жатканда жүрөгү менен ниет кылуу. Жөн гана ооз менен сүйлөө ниет болуп эсептелбейт. Намазга ниет кылуу ошол намаздын атын, маалын, кыбыланы, жамаат менен окула турган болсо имамга уйууну жүрөк менен тастыктоо болуп саналат. Ниет баштапкы такбир айтылып жатканда кылынат. Такбирден кийин кылынган ниет жараксыз. Ал намаз кабыл болбойт.

7. Тахрима такбири: Намазга туруп жатканда «Аллаху Акбар» деп айтуу. Бул баштапкы такбирди ифтитах такбири деп дагы аташат. Башка сөз айтуу менен такбир болбойт.

Б. Намаздын ичиндеги фарздары (рукундары).

Намазга турганда орундалышы керек болгон беш фарз бар. Бул беш фарздын ар бирөө рукун деп аталат. Намаздын ичиндеги фарздар төмөнкүлөр:

1.  Кыйам: Намазды баштаганда жана окуп жатканда тик туруу дегенди билдирет. Өйдө тик тура албаган оорулуу адам отуруп окуйт. Отуруп окуй албаган жаткан жеринен ишара (башын кыймылдатуу) менен окуйт. Отургучка отуруп намаз окууга болбойт.

2.   Кыраат: Ооз менен окуу дегенди билдирет. Намазда Курани каримден сүрө же аят окуу.

3. Руку: Кырааттан кийин колдорун тизеге коюп ийилүү. Рукуда үч жолу «Субхана раббиаль-азим», түзөлүп жатканда «Сэмиаллаху лимен хамидах», түзөлгөндө «Раббана лакаль-хамд» деп айтылат.

4. Сажда: Рукудан кийин жерге жамынуу дегенди билдирет. Сажда - арка-аркасы менен эки жолу колдорду, маңдай менен мурунду жерге кою болуп саналат. Ар бир саждада жок дегенде үч жолу «Субхана раббиаль-ала» деп айтылат.

5. Када-и ахира: Соңку рекетте «Аттахиййату» окуганчалык отуруу. Муну соңку отуруу деп да аташат.

Намаздын маанилүүлүгү жана ибадаттардын эң негизгиси экендиги шарттарынын мынчалык көп болуусунан байкалып турат. Айрыкча, важибдери, сүннөттөрү, мустахабдары, макрухтары, муфсиддери да буларга кошулса, кулдун Жаратканынын алдына кандай чыгуусу, Анын алдында кандай болушу керек экендиги түшүнүлөт. Кулдар алсыз, күчсүз, байкуш макулуктар болуп эсептелишет. Ар бир демде өзүн жараткан Аллаху таалага муктаж. Намаз кулга өзүнүн алсыздыгын билдирген ибадат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш