Ислам дини » Намаз » Азан жана коомат




Азан жана коомат


Азан баарына билдирүү дегенди билдирет. Беш маал намаз жана каза намаздары жана Жума намазында хатибдин маңдайында эркектердин азан айтуусу муаккад сүннөт. Аялдардын азан жана коомат айтуулары макрух. Азан башкаларга убакытты билдирүү максатында бийик жерден айтылат. Азан айтып жатканда эки колду өйдө көтөрүп, бирден манжасын эки кулактын тешигине коюу мустахаб. Коомат айтуу азандан дагы жакшыраак. Азан менен коомат кыбылага карап айтылат. Окуп жатканда сүйлөөгө, саламга жооп берүүгө болбойт.

Азан менен коомат кайсы учурларда айтылат?

1- Талаада жалгыз же жамаат менен каза намаз окуурда эркектердин азан менен кооматты бийик үн менен айтуулары сүннөт. Азанды уккан адамдар, жиндер, таштар кыямат күнү күбө болушат. Бир нече каза намазын бириктирип окуй турган адам адегенде азан менен коомат айтат. Андан кийинки окуган намаздарында коомат гана келтирет.

2- Үйдө жалгыз же жамаат менен ошол маалдын намазын окуган адам азан жана коомат айтпайт. Себеби, мечитте айтылган азан менен коомат үйдө дагы айтылган болот. Бирок, айтылса дагы жакшы болот. Кварталдык мечиттерде жана жамааты белгилүү адамдар болгон мечиттерде маал намаздарын жамаат менен окугандан кийин, жалгыз окуган адам азан менен коомат айтпайт. Жолдордо болгон же имамы, азанчысы жок жана жамааты белгилүү болбогон мечиттерде ар кайсы маалдарда келгендер бир убакыттын намазы үчүн өзүнчө-өзүнчө жамаат болушуп ар жамаат үчүн азан жана коомат айтылат.  Мындай мечитте жалгыз намаз окуган адам дагы өзү уга тургандай үнүн чыгарып азан менен коомат айтат.

3- Сафарда жүргөндөр өз араларындагы жамаат менен да, жалгыз окуп жатканда да азан жана коомат окуйт. Жалгыз окуган адамдын жанында шериктери бар болсо азан окубаса да болот. Сапарда болгон адам бир үйдө намазын жалгыз окуурда да азан жана коомат айтат. Себеби, мечитте окулган азан жана коомат ал адам үчүн эмес. Сапарда болгондордон кээ бири үйдө азан айтса кийин намаз окуй тургандар айтпайт.

Акыл-эстүү бала, көздөрү сокур, зинадан туулган адам жана азан менен коомат айтууну билген сабатсыз адам азан айта алат. Жунуп болгон адамдын азан айтуусу, даараты жок адамдын жана аялдын, фасыктын, мас адамдын, акылсыз баланын азан айтуулары жана отуруп азан айтуу тахриман макрух. Булардын айткан азандары кайрадан айтылат. Азандын туура болуусу үчүн азанчынын мусулман жана акылы бар болуусу керек.  Микрофон менен азан айтуу сахих болбойт.

Фасык адамдын ибадаттарда сөзү кабыл кылынбагандыгы үчүн мунун азаны сахих болбойт. Фасык адамдын жана микрофондон айтылган азан менен намаз убактысынын киргендигине ишенүүгө болбойт. Мунун азаны менен же ал берген бир белги менен орозо бузулбайт, (ооз ачылбайт).

Азанга урмат кылгандар анын тамгаларын, сөздөрүн өзгөртпөй, бузбай, таганни кылбастан (б.а. музыка ноталарына салбастан), мунарага чыгып сүннөткө ылайык айткандар жогорку даражаларга ээ болушат.

Бирок, эгерде азан  сүннөткө ылайык айтылбаган болсо, мисалы, айрым сөздөрү өзгөртүлүп, которулса, кээ бир жерлеринде таганни кылынып окулса же болбосо үн күчөткүчтүн жардамы (микрофон) менен айтылса (Себеби, үн күчөткүчтөн чыккан үн имам же азанчынын үнү эмес. Алардын үнү электр жана магниттик абалга айланууда. Үн электр менен магниттен пайда болуп угулат.) аны уккан адам эч бир бөлүгүн кайталабайт.

Азанды уккан адам эмне кылат?

Суроо: Азандын сүннөткө ылайык окулуп жатканын укканда эмне кылуу керек?

Жооп: Азыркы күндө сүннөткө ылайык азан дээрлик эч бир жерде окулбай жатат. Сүннөткө ылайык окулган жерлерде төмөндөгүлөрдү аткаруу керек:

1 – Акырын кайталоо – сүннөт. Үч хадиси шариф:

"Муаззиндин айткандарын кайталаган адамга анын сообунчалык сооп берилет”. (Насаи)

"Азанды кайталаган адамга Кыяматта шапаатым важип болот”. (Насаи)

"Азанды силер дагы кайталап, салават келтиргиле! Бир салават келтиргенге он сооп берилет”. (Муслим)

2 – Муаззиндин айтып жаткандарына кайталап азанга жооп берилет. Муаззин "Хаййа алассалах” жана "Хаййа алал фалах” деп жатканда "Ла хавла ва ла куввата илла биллах” деп айтуу керек, азанда жана кооматта муаззинди кайталоо керек. (Ширъа)

3 – Азанда "Мухаммадун Расулуллах” деп айтылып жатканда "Сиз менен көзүм нурданат, жүрөгүм кубанат эй Расулаллах” деп айтуу керек. Хазрети Абу Бакр Сыддык азан окулуп жатканда Расулуллахтын ысымын укканда  эки баш бармагынын тырмактарын өөп, көздөрүнө сүрдү. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мунун себебин сураганда "Йа, Расулаллах! Сиздин ыйык атыңыз менен берекеттенүү үчүн кылдым” деп жооп берди. Расулуллах алейхиссалам: "Өтө жакшы кылдың. Ушундай кылган адам көз оорусун көрбөйт”, - деди. Тырмактарды көзгө койгондо "Аллахуммахфаз айнаййа ва наввирхума” деп айтуу керек. (Мааниси: Аллахым эки көзүмдү оорулардан коргой көр жана нурдандыра көр!) (Шейхзада)

4 – Тамакта, диний сабак окуп жатканда жана мечитте Курани карим окуп жатканда азан кайталанбайт.

5 – Азанды уккан адамдын отурган болсо өйдө туруусу, басып бараткан болсо токтоосу мустахаб(Ислам Ахлакы)

6 – Багымдат азанында "Ассалату хайрум минан-навм Намаз уйкудан кайырлуу” деп окулганда "Туура жана чындыкты айттың” деп айтуу керек. "Кад каматиссалату” дегенде "Аллаху таала намазды коргосун жана улантсын” деп айтуу керек. Азан менен кооматка жооп берген киши ошол абалында сүйлөбөшү керек, эч кимге салам бербеши керек, берилген саламды да албаш керек, Курани карим окуп жаткан болсо токтотуу керек, басып бараткан болсо токтошу керек, фыкых сабагында болсо токтотуу керек, башкача айтканда, башка иш менен алек болбошу керек. Хазрети Аиша энебиз: "Азан окулуп жатканда бир иш кылуу жаиз эмес”, - деген. Азан окулганда жүн ийрип жаткан болсо токтотчу. Балкасын жогору көтөргөндө азанды угуп калып, түшүрбөгөн темирчи жана зергерлер көп болчу. (Ширъа)

Темирчилик менен алектенген Абу Хафс хазреттери азанды угуп калганда балканы жогору көтөргөн болсо түшүрчү эмес, төмөндө болсо жогору көтөрчү эмес. Сүйлөп жаткан болсо унчукпай азанды угуп турчу. Кайтыш болгондо элдер табытын көтөрүп баратышканда азан окулуп калат. Жаназаны көтөрүп бараткандар канчалык аракет кылышса да табытты бир кадам жылдыра алышкан жок. Азан бүткөндөн кийин гана жаназаны ордунан жылдыруу мүмкүн болду. (Ислам Ахлакы)

Демек, сүннөткө ылайык окулган азанга керектүү урматты көрсөтүү керек. Сүннөткө ылайык окулбай жаткан болсо айтылып жаткан азандын сөздөрүнө урматтан улам сүйлөбөш керек.

Коомат окуу

Суроо: Коомат окуу менен байланыштуу хадис жокпу?

Жооп: Албетте бар. Бир канчасы төмөндөгүчө:

"Даарат кыйнап жатканда намаз үчүн коомат айтылган болсо да алгач дааратка баргыла”. (Абу Давуд)

"Намаз үчүн коомат окулуп жатканда менин өйдө турганымды көрмөйүнчө ордуңардан турбагыла”. (Муслим)

 "Намаз үчүн коомат окулганда асмандын эшиктери ачылат жана дубалар кабыл болот”. (Табарани)

"Шайтан азанды укканда дароо ылдам качып кетет. Анан кайра келет, васваса берет. Кооматта да качып кетет жана кайра келет. Дагы васваса берет”.(Муслим)

"12 жыл азан окуган адамга Бейиш важип болот. Азан окугандыгы үчүн күндө ага 50 жакшылык жана коомат үчүн дагы 30 жакшылык жазылат”. (Хаким)

"Коомат келтирилгенде намазга чуркап келбегиле, басып келгиле жана тынчтыкты сактагыла, жетишкениңерди (жамаат менен) окугула, жетишпегениңерди толуктагыла!” (Тирмизи)

"Муаззин азан окуганда шайтан мечиттен ылдам чыгып кетет, муаззин окуп бүткөндө кайра кайтат. Коомат окулганда шайтан дагы ылдам мечиттен чыгып кетет, окулуп бүткөндө кайра кайтып, намаз окуп жаткан мусулман менен напсинин арасына кирет. Ушинтип ал киши намазын артык же кем окудумбу деп шашып калат. Мындай жаңылууларда намаздын аягында сахв саждасын кылгыла”. (Байхаки)

"Азан менен кооматтын арасында кылынган дуба кабыл болот”. (Абу Давуд, Тирмизи)

"Эй, Билал! Азанды салмактуу жана акырындык менен окугун, кооматты да ылдам окугун”. (Тирмизи)

"Коомат окулганда парздан бөлөк намаз жок”. (Муслим) (Парзды жамаат менен окуу үчүн коомат окулганда сүннөт окулбайт.)

"Коомат окулуп жатканда парздан башка намаз жок. "Йа, Расулаллах! Багымдаттын эки рекет сүннөтү дагы жокпу? – деп суралганда, "Ооба, багымдаттын эки рекети да жок”, - деп жооп берди”. (Ибни Адий) (Кире бериште же тиректин артында окуу мүмкүнчүлүгү жок болсо багымдат намазынын сүннөтүн да окубастан жамаатка кошулат, намаздан кийин багымдат намазынын сүннөтү окулбайт.)

Суроо: Коомат кантип окулат?

Жооп

Коомат мындайча окулат:

Аллаху акбар (4 жолу)

Ашхаду ан лаа илаха иллаллах (2 жолу)

Ашхаду анна Мухаммадан Расулуллах (2 жолу)

Хаййа алас-салати (2 жолу) [Эгер токтой турган болсо салах деп окулат]

Хаййа алал-фалахи (2 жолу) [Эгер токтой турган болсо фалах деп окулат]

Кад кама тис-салату (2 жолу) [Эгер токтой турган болсо салах деп окулат]

Аллаху акбар (2 жолу)

Лаа илаха иллаллах (1 жолу)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш