Ислам дини » Намаз » Азандагы сөздөрдүн маанилери




Азандагы сөздөрдүн маанилери


АЛЛАХУ АКБАР: Аллаху таала улук. Ага эч нерсенин кереги жок. Пенделеринин ибадаттарына да муктаж эмес. Ибадаттардын Ага эч кандай пайдасы жок. Бул маанилүү маңызды акылга жакшылап орнотуу үчүн бул сөз төрт жолу айтылат.

АШХАДУ АН ЛАА ИЛАХА ИЛЛАЛЛАХ: Улуктугу, үстөмдүгү менен эч кимдин ибадатына муктаж болбосо да ибадат кылынууга Андан башка эч кимдин акысы болбогондугуна шахадат кылам, албетте ынанам. Эч бир нерсе Ага окшобойт.

АШХАДУ АННА МУХАММАДАН РАСУЛУЛЛАХ: Мухаммед (алейхи ва ала алихиссалату вассалам) Ал жиберген Пайгамбары экендигине, Ал каалаган ибадаттардын жолун билдирүүчү экендигине жана Аллаху таалага бир гана Ал билдирген, көрсөткөн ибадаттар ылайык экенине шахадат кылып, ынанам.

ХАЙЙА АЛАС-САЛАХ, ХАЙЙА АЛАЛ-ФАЛАХ: Момундарды ырахатка, бакытка, кутулууга себеп болгон намазга чакырган эки сөз.

АЛЛАХУ АКБАР: Ага ылайык бир ибадатты эч ким кыла албайт. Кимдир бирөөнүн ибадатынын Ага ылайык болуп, жараша тургандыгынан абдан жогору, абдан алыс.

ЛАА ИЛАХА ИЛЛАЛЛАХ: Ибадатка, маңдайына туруп таазим кылууга акысы болгон жалгыз зат – Аллаху таала. Бирок, эч ким Ага ылайык ибадат кыла албайт. Андан башка эч кимдин өзүнө ибадат кылынууга акысы жок.

Намаздын маанисинин улуктугу, Аны бардык адамдарга кабарлоо үчүн тандалган бул сөздөрдүн улуктугунан баамдалышы керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш