Ифтитах такбири айтылып жатканда ниет кылынат. (Ифтитах такбири - намаз окуп баштаганда «Аллаху Акбар» деп айтуу.) Намазга ниет кылуу – атын, убактысын, кыбыланы, имамга уйууну жүрөгүнөн өткөрүү дегенди билдирет.
Ифтитах такбиринен кийин кылынган ниет туура болбойт жана ал намаз кабыл болбойт. Фарздарда жана важибдерде ниет кылып жатканда кайсы фарз менен кайсы важиб экенин билүү керек. Рекет санына ниет кылуу зарыл эмес. Сүннөттү окуурда намаз окууга деп ниет кылуу жетиштүү болот. Жаназа намазына «Аллах үчүн намазга, маркум үчүн дубага» деп ниет кылынат.
Имамдын эркектерге имам болууга ниет кылуусу шарт эмес. Имам «даяр болгон жамаатка имам болдум» деп ниет кылбаса, жамаат менен окуу сообун алалбайт. Имам болууга ниет кылса, ал соопту алат. Имамдын «аялдарга имам болууга» ниет кылуусу керек.
Ибадаттарды кылып жатканда ооз менен гана айтуу ниет болуп эсептелбейт. Жүрөк менен ниет кылбаса ибадаттар кабыл болбойт.