Ислам дини » Намаз » Аялдын жалгыз окуган намазы




Аялдын жалгыз окуган намазы


Мисалы: Багымдат намазынын сүннөтүн мындайча окуйт:

1. Дене мүчөлөрү билинбей турган түрдө баштан аяк кенен, узун кийим менен денесин жаап кийинет. Колдун билектен ылдыйкы бөлүгү менен жүз ачык калат. Намазда окуй турган сүрө менен дубалары жогоруда баяндалгандай (эркектин жалгыз окуган намазы сыяктуу). Төмөнкү жерлери айырмаланат:

а) Колдор эркектердикиндей кулактарына чейин эмес көкүрөгүнө чейин көтөрүлүп  ниет кылынат, такбир айтылат жана колдорун көкүрөгүнүн үстүнө байлап намазды баштайт.

б) Рукуда аялдардын денеси эркектердикиндей түз тутулбайт.

в) Саждада чыканактарын жерге тийгизет.

г) Ташаххудда отурганда сол жагы менен отурат. Башкача айтканда, оң менен сол бут оң тарапка узатылып сол санынын үстүнө отурат.

      Намазда аялдар үчүн колдорун жаба турган кенен жоолук, буттарын да жаба турчу узун юбка эң ыңгайлуу болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш