Ислам дини » Намаз » Намаздын важибдери




Намаздын важибдери


Намаздын важибдери булар:

1- Фатиха сүрөсүн окуу.

2- Фатихадан кийин бир сүрө же эң аз үч кыска аят окуу.

3- Фатиханы сүрөдөн мурда окуу.

4- Фатиханы жана Фатихадан кийин окула турган сүрөнү фарздардын биринчи жана экинчи рекеттеринде, важиб жана сүннөттөрдүн ар бир рекетинде окуу.

5- Саждаларды арта арты менен кылуу.

6- Үч жана төрт рекеттик намаздардын экинчи рекетинде ташаххуд өлчөмүндө отуруу. Соңку отуруу фарз.

7- Экинчи рекетте ташаххуддан көп отурбоо.

8- Саждада мурунду маңдай менен бирге жерге коюу.

9- Акыркы рекетте отурганда «Аттахиййату» дубасын окуу.

10- Намазда тадил-и арканды сактоо. (Рукудан түзөлгөндө жана эки сажда ортосунда бир жолу «субханаллах» деп айтканчалык кыймылсыз туруу.)

11- Намаздын акырында «Ассаламу алейкум ва рахметуллах» деп айтуу.

12- Витир намазынын үчүнчү рекетинин аягында «Кунут» дубаларын окуу.

13- Айт намазда такбир айтуу.

14- Имамдын багымдат, Жума, Айт, таравих, витир намаздарында жана шам менен куптандын алгачкы эки рекетинде үнүн чыгарып окуусу.

15- Имамдын жана жалгыз окуган адамдын бешим менен аср намаздарынын фарздарында, шамдын үчүнчү, куптандын үчүнчү жана төртүнчү рекеттеринде купуя (ичинен өзү уга тургандай) окуусу важиб. Имамдын үн чыгарып окуусу важиб болгон жерлерди намазын жалгыз окуган адамдын купуя же үнүн чыгарып окуусу да мүмкүн.

Курман айттын арафасынын багымдат намазынан тартып, төртүнчү күнүнүн аср намазына чейин жыйырма үч фарз намазынын ичинде «Такбир-и ташрик» айтуу важиб.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш