Ислам дини » Намаз » Тилават саждасы




Тилават саждасы


Курани каримдин он төрт жеринде сажда аяты бар. Булардан бирөөнү окуган же уккан адамдын маанисин түшүнбөсө да бир сажда кылуусу важиб. Сажда аяттарын жазган, муунга бөлүп окуган адам сажда кылбайт.

Тоолордон, чөлдөрдөн жана башка жерлерден жаңырып, кайта келген жаңырыкты уккандардын жана куштан тыңдагандардын сажда кылуулары важиб эмес. Адам үнү болушу керек. Радиодон, микрофондон келген үн адамдын үнү  эмес, хафыздын үнүнө окшобогон, жансыз аспап чыгарган үн экендиги жогоруда белгиленген. Ошондуктан, радиодон жана магнитофондон окулган сажда аяттарын уккан адамдын тилават саждасын кылуусу важиб болбойт.

Тилават саждасын кылуу үчүн даарат менен, кыбыланы карап өйдө турат, бирок колдорун көтөрбөстөн, кулак какпастан «Аллаху Акбар» деп сажда кылат. Үч жолу «Субхана раббиал ала» деп айтылат. Андан соң «Аллаху Акбар» деп саждадан турганда тилават саждасы толукталат. Алгач ниет кылуу керек. Ниетсиз кабыл болбойт.

Сажда аяты намаз ичинде окулганда дароо өзүнчө руку же бир сажда кылып өйдө турат. Окуусун улантат. Сажда аятын окуп, эки-үч аяттан кийин намаздын рукусуна ийилсе же тилават саждасына ниет кылса намаздын рукусу же саждалары тилават саждалары катары саналат. Жамаат менен окуган адам имам сажда аятын окуганда имамдын окуганын укпаса да, имам менен чогуу руку менен эки сажда кылат. Жамааттын рукуда ниет кылуусу керек. Намаздан тышкаркы маалда кийинкиге да калтырса болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш