Ислам дини » Намаз » Намаздын сүннөттөрү




Намаздын сүннөттөрү


1- Намазда колдорду кулакка чейин көтөрүү.

2- Алакандын ичин кыбылага каратуу.

3- Такбир алгандан кийин колдорду байлоо.

4- Оң колду сол колдун үстүнө коюу.

5- Эркектин колдорун киндигинен ылдый, ал эми аялдын көкүрөккө коюусу.

6- Ифтитах такбиринен кийин «Субханака» окуу.

7- Имамдын жана жалгыз намаз окуган адамдын «Аузу» окуусу.

8- Бисмиллах окуу.

9- Рукуда үч жолу «Субхана раббиал азиим» деп айтуу.

10- Саждада үч жолу «Субхана раббиал-ала» деп айтуу.

11- Акыркы отурууда «Салават» дубаларын окуу.

12- Салам берип жатканда башты эки тарапка буруу.

13- Имамдын Жума жана Айт намаздарынан башка ар бир намазда биринчи рекетте экинчи рекетте окуй турган сүрөсүнөн эки эсе узун сүрө окуусу.

14- Рукудан түзөлүп жатканда имамдын жана жалгыз окуган адамдын «Самиаллаху лиман хамидах» деп айтуусу.

15- Рукудан түзөлгөндө «Раббана лакал-хамд» деп айтуу.

16- Саждада бут манжаларды бүгүп, учтарын кыбылага буруу.

17- Руку менен саждаларга ийилип жана түздөлүп жатканда «Аллаху Акбар» деп айтуу.

18- Колдор менен тизелерди жерге коюу.

19- Согончокторду кыйамда бири биринен төрт эли алыс, ал эми рукуда, кавмада жана саждада бириктирүү.

20- «Фатихадан» кийин купуя «Аамиин» деп айтуу, рукудан мурун такбир алуу, рукуда манжалардын арасын ачык абалда тизенин үстүнө коюу, сажда үчүн такбир келтирүү, отуруп жатканда сол бутту жерге узатып, оң бутту тик коюп отуруу, эки сажда ортосунда отуруу.

Шам намазында кыска сүрөлөр окулат. Багымдат намазында биринчи рекет экинчисине караганда узунураак окулат. Имамга уюган адам «Фатиха» менен зам сүрө окубайт. Субханака окуйт. Такбирлерди айтат. Тахиййат менен салават-ы шарифтерди окуйт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш