Ислам дини » Намаз » Намаздын мустахабдары




Намаздын мустахабдары


1. Намаз окуп жатканда сажда кылына турган жерди кароо.

2. Рукуга ийилип жатканда буттарды кароо.

3. Саждада мурунду койгон жерди кароо.

4. Тахиййатта отурганда тизелердин үстүн кароо.

5. «Фатихадан» кийин окула турган аяттар багымдат жана бешим намаздарында узун, шам намаздарында кыска болуусу.

6. Имамга уюган адамдын такбирди ичинен келтирүүсү.

7. Рукуда манжаларды ачып тизенин үстүнө коюу.

8. Баш менен моюнду рукуда түз кармоо.

9. Саждага баратканда алгач оң анан сол тизени жерге коюу.

10. Сажданы эки колдун ортосунда кылуу.

11. Саждада мурундан кийин маңдайды коюу.

12. Намаз учурунда эстегенде (оозун ачып), колдун сырты менен оозду жабуу.

13. Эркектердин саждада чыканактарын көтөрүп өйдө кармоосу. Аялдардын жерге тийгизүүсү.

14. Эркектердин саждада колдорун жана буттарын курсагына тийгизбөөсү. 

15. Руку менен саждада үч жолу таспих окугудай убакыт күтүү.

16. Саждадан башын көтөргөндөн кийин колдорун жерден алуу.

17. Колдорун көтөргөндөн кийин тизелерин көтөрүү.

18. Тахиййатта колдорду сандардын үстүнө коюп, манжаларды кыбылага карай түз кармоо, бүкпөө, эч бирин ойнотпоо.

19. Оң жана солго салам берип жатканда башты буруу.

20. Салам берип жатканда ийининин учун кароо.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш