Ислам дини » Намаз » Ак сарайда курулган мечит




Ак сарайда курулган мечит


Имам Азам Абу Ханифанын шакирти Имам Абу Юсуф "рахметуллахи алейх" Халифа Харун Рашид мезгилинде казы эле. Бир жолу ал Харун Рашиддин жанында жүргөндө бир адам башка бир адамга доо кылат. Харун Рашиддин вазири: "Мен буга күбөмүн", - дейт. Имам Абу Юсуф вазирдин күбөлүгүн кабыл албайт. Халифа: "Эмне үчүн вазирдин күбөлүгүн кабыл кылбай жатасың", - дейт. Имам: "Бир жолу ага бир иш буйрук кылган экенсиз, ал сизге мен сиздин кулуңузмун деп айткан эле. Эгер туура айткан болсо кулдун күбө болуусу мүмкүн эмес. Ал эми, калп айткан болсо калпычынын күбөлүгүн да угуп болбойт", - дейт. Халифа: "Мен күбөлүк кылсам кабыл кыласыңбы?" - дейт. "Жок" - деп айтты. "Эмне үчүн?" - деп сурайт. "Себеби, сен намазды жамаат менен бирге окубайсың", - дейт. "Мен мусулмандардын иштери менен алектенгенимден убактым болбой калат", - деп жооп берет. Имам: "Халыкка баш ийүү болгон жерде кулга баш ийүү боло албайт", - дейт. Халифа: "Туура айтасың", - деп, ак сарайында мечит курулуусуна буйрук берет. Азанчы менен имам дайындалат жана ушундан тартып Халифа намаздарын дайыма жамаат менен бирге окуйт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш