Ислам дини » Намаз » Айт намаздар




Айт намаздар


Шаввал айынын биринчи күнү фитир, б.а., Орозо айттын, ал эми Зилхижже айынын онунчу күнү Курман айттын биринчи күндөрү болуп эсептелет. Бул эки күндө күн чыккандан кийин 45 мүнөт өткөн соң, б.а., карахат убактынан кийин эки рекет Айт намазын окуу эркектер үчүн важиб.

Айт намаздын шарттары Жума намазынын шарттарына окшош. Бир гана айырмасы бар, Айт намазда хутба сүннөт катары саналат жана намаздан кийин окулат.

Орозо айтта намаздан мурун таттуу нерсе (хурма же момпосуй) жеш; гусул алуу, мисвак колдонуу, эң жакшы кийимдерди кийүү, жолдо акырын такбир окуу мустахаб.

Курман айтта намаздан мурун эч нерсе жебөө, намаздан кийин курмандыкка чалынган малдын этин жеш, намазга баратканда үнүн катуу чыгарып, (кандайдыр бир сыркоосу бар адам акырын чыгарса да болот) такбир окуу мустахаб.

Айт намаздары эки рекеттен турат. Жалгыз окулбастан, жамаат менен бирге окулат.

Айт намазы кантип окулат?

1. Алгач: «Ниет кылдым важиб болгон Айт намазын окууга, уюудум даяр болгон имамга», - деп ниет кылып, намазга турулат. Анан «Субханака» окулат.

2. Субханакадан кийин үч жолу такбир кылынып, колдор кулакка көтөрүлөт. Биринчи жана экинчи такбирден кийин колдор ылдый түшүрүлөт. Үчүнчү такбирден кийин колдор киндик астына байланат. Имам алгач Фатиха, анан бир сүрө окуйт, анан чогуу рукуга ийилишет.

3. Экинчи рекетте имам алгач Фатиха жана зам сүрө окуйт. Кийин эки колун үч жолу көтөрүп, ар көтөргөндө такбир айтып эки жагына түшүрөт. Төртүнчү такбир айтканда рукуга барат. Кыскача: «Эки ташта, бир байла; үч ташта, бир ийил!» деп жаттап алууга болот.

Ташрик такбирлери:

Курман айттын арафа күнү багымдат намазынан тартып, төртүнчү күндүн аср намазына чейин ажылардын жана ажыга барбаган жамаат менен же жалгыз намаз окуган бардык аял, эркектердин фарз намаздан кийин салам берип, дароо бир жолу ташрик такбир окуулары важиб.

Жаназа намазынан кийин окулбайт. Мечиттен чыккандан кийин же баарлашкандан кийин окуунун зарылчылыгы жок.

Имам такбирди унутуп калган болсо жамаат токтотпойт. Эркектер үнүн катуу чыгарып окушса болот. Ал эми аялдар акырын айтышат.

Ташрик такбири:

«АЛЛАХУ АКБАР, АЛЛАХУ АКБАР. ЛАА ИЛАХА ИЛЛАЛЛАХ ВАЛЛАХУ АКБАР. АЛЛАХУ АКБАР ВА ЛИЛЛАХИЛХАМД».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш