Жаназа намазы


Бир мусулмандын дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабар алган эркектерге, эркек жок болсо, аялдар үчүн жаназа намазы фарз-ы кифайа. Жаназа намазы – Аллаху таала үчүн намаз, маркум үчүн дуба. Буга маани бербегендин ыйманы кетет.

Жаназа намазынын шарттары

1- Маркум мусулман болуш керек.

2- Жуулушу керек. Жуулбастан көмүлгөн, үстүнө топурак таштала элек болсо чыгарылып жуулат, анан жаназасы окулат. Сөөк менен имам турган жердин таза болуусу шарт.

3- Сөөктүн же дененин жарымы, башынын же башы жок жарымынан көп дене имамдын алдында туруш керек.

4- Сөөк жерде же жерге жакын колдо кармалышы же таш үстүнө коюлушу керек. Сөөктүн башы имамдын оң, ал эми буту сол тарабына келет. Тескерисинче коюу күнөө.

5- Сөөк молдонун маңдайында даяр туруш керек.

6- Сөөктүн жана молдонун аврат жерлери жабылуу болуш керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш