Ислам дини » Намаз » Сапардагы адамдын намазы




Сапардагы адамдын намазы


Эгер Ханафи мазхабындагы адам он беш күндөн аз калуу максатында 104 километрден же андан алыс жерге барса сафари болот.

Сафари же мусафир болуу жолчу болуу дегенди билдирет. Мусафир төрт рекеттик фарз намаздарды эки рекет кылып окуйт. Бирок, ал барган жериндеги муким (жергиликтүү) имамга уйуса төрт рекетти тең окуйт. Сафари адам имамдык кылса, экинчи рекеттен кийин салам берет. Ал салам берген соң анын аркасындагы жамаат калган эки рекетти окуп намазын бүтүрөт.

Сафари маасынын үстүнө үч күн, үч түн масх тартат. Орозо кармап жатса орозосун буза алат. Эгер сафари адам жолдо көп кыйналбаса туткан орозосун бузбаса жакшы болот. Курман Айтта курмандык чалуусу важиб эмес. Жума намазы да сафари адам үчүн фарз эмес.

Намаз убактысынын акырында жолго чыккан адам эгер ал маалдын намазын окуй элек болсо эки рекет окуйт. Бирок, намаз маалынын акырында үйүнө кайтып келген жолоочу, эгер ал маалдын намазын окуй элек болсо төрт рекетти тең окуйт.

«Нимат-и ислам» китебинде мындай деп айтылат: «Нафил намазды өйдө туруп окууга алы келген адамдын отурган жеринен окуусу ар дайым жана ар жерде мүмкүн». Намазды отурган жеринен окуп жатканда рукуга денеси менен ийилет. Саждада башын жерге коёт. Бирок, эч бир себепсиз нафил намазды отуруп окуган адамга туруп окуган адамга берилген сооптун жарымы гана берилет. Беш маал намаздардын сүннөттөрү жана таравих намазы нафилге кирет. Жолдо, б.а., калаа, айылдын тышында нафил намаздарды минген малдын үстүндө окууга болот. Бул жагдайда кыбыланы кароонун, рукуга, саждага толук ийилүү зарыл эмес. Башкача айтканда, руку үчүн денесин кичине ийет, сажда үчүн андан көбүрөөк ийилет. Малдын үстүнүн кир болуусу намазга тоскоол болбойт. Жерде нафил намаз окуп жатып чарчаган адамдын таякка, адамга, дубалга таянып окуусу мүмкүн. Басып баратып намазы окуу сахих болбойт.

Фарз жана важиб намаздарды себепсиз эле жаныбардын үстүндө окууга болбойт. Бирок, үзүрү болгон болсо окууга болот. Мажбур кылган себептер төмөнкүлөр: мал-жанынын коркунучта болуусу, минип жүргөн жаныбардан түшкөндө жаныбарынын же болбосо анын жанындагы оокатынын уурдалып кетүү коркунучу, жырткыч айбан, душман, жерде баткак, жамгыр болсо, оорулуу адамдын жаныбарга мингенде же түшкөндө оорусуна зыян тийип күчөп кете турган болсо, жанындагы достору күтпөй  жалгыз коркунучта калса, эгер аттан (ж.б.) түшсө, кайра бирөөнүн жардамысыз мине албай турган болсо. Мүмкүн болсо, минген жандыгын токтотуп, кыбылага каратып окуйт. Эгер мүмкүн болбосо кайсы тарапты карап баратса ошол тарапты карап окуйт. Жандыктын үстүндөгү махмил деп аталган сандык сыяктуу нерсенин ичинде окуу да ушул сыяктуу. Эгер жандык токтотулуп, махмилдин астына тирөөч коюлса, сарир б.а., стол, диван катары эсептелип, жерде окуган болот. Бул учурда өйдө туруп, кыбылага бурулуп окуусу зарыл. Жерге түшө алган адам фарздарды махмилде окубайт.

Кемеде намаз Хазрети Жафар Таййар Хабашистанга (Эфиопия) баратканда Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) ага үйрөткөнүндөй окулат: Ал төмөнкүдөй: кыймылдагы кемеде фарз да, важиб да окулат. Кемеде намазды жамаат менен бирге дагы окууга болот. Кыймылдагы кемеде ишара менен окуу туура болбостон сажда менен руку кылат. Кыбыланы кароо да шарт. Намазды баштап жатканда кыбыланы карай турат. Кеме багытын өзгөрткөндө өзү кыбылага бурулат. Кемеде булганычтан тазалануу керек. Имам Азам Абу Ханифанын өкүмү боюнча себепсиз болсо да жүрүп бара жаткан кемеде фарздарды отуруп да окууга болот.

Деңиз ортосунда токтоп турган кеме ары-бери катуу чайпалса кыймылдагы кеме катары, ал эми, аз чайпалса  жээкте турган кеме катары эсептелет. Жээкте турган кемеде намаз жерде отуруп окулбайт. Жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, өйдө туруп окууга да болбойт, жээкке чыгып окулушу керек. Мал-мүлкү, жаны же кеменин жылып кетүү коркунучу бар болсо кемеде окууга болот.

Ислам аалымдарынан Ибни Абидин мындай дейт: «Эки дөңгөлөктүү болсо да жаныбарга токулмайынча жерде түз тура албаган арабада токтоп турганда да, жүрүп баратканда да намаз окуу жаныбардын үстүндө окуу сыяктуу. Төрт дөңгөлөктүү араба кыймылсыз абалында стол сыяктуу. Жүрүп баратканда жаныбар үчүн жогоруда жазылган себептер менен ичинде фарз намаз окууга болот жана арабаны токтотуп кыбыланы карап окуйт. Токтото албаса намазды кыймылдагы кемедеги сыяктуу окуйт». Кыймыл учурунда кыбылага бурула албаган адам Шаафи мазхабын таклид кылып эки намазды бириктирип окуйт. Бул мүмкүн болбосо кыбыланы кароосу талап кылынбайт. Отургучта, креслодо отуруп ишара менен намаз окуу эч ким үчүн туура эмес. Автобуста, учакта намаз окуу арабада окулган сыяктуу.

Фарз менен важибдерди сапарда себепсиз жаныбар үстүндө окубоо керек. Унааларды токтотуп, кыбылага бурулуп, өйдө туруп окуу зарыл. Ошондуктан, эгер мүмкүн болсо намаз окуу үчүн бир унаага түшөөрдөн мурда чарасын көрүү керек.

Сафари болгон адам кеме менен поездде фарз намаз окуурда кыбылага беттенип, сажда кыла турган жердин жанына компас коюшу керек. Кеме же поезд бурулган сайын намаз окуган адам дагы багытын кыбылага карай өзгөртүшү керек. Көкүрөгү кыбыладан бурулса намазы бузулат. Автобуста, поездде, толкундуу деңизде кыбылага бурула албагандардын фарз намаздары туура болбогондуктан, алар сапар учурунда Шаафи мазхабын таклид кылып бешим менен асрды, шам менен куптан намаздарын бириктирип (жам кылып) окуса болот. Башкача айтканда, жол тартып жатканда бул эки намазды бири биринин артынан дароо окуйт. Анткени, Шаафи мазхабы боюнча сексен километрден алыс сапарда асрды бешим намазынын маалында, куптан намазын шам намазынын маалында же болбосо бешимди аср намазынын, ал эми шамды куптан намазынын маалында окууга болот. Ошондуктан, Ханафи мазхабындагы адам жолдо кыбылага бурула албай турган болсо, сапар учурунда күндүз бир жерде тыным жасалганда бешим намазынан кийин асрды, кечкисин токтогон жерде куптан маалында шам менен куптанды бирге окуусу керек. Бул төрт намазга ниет кылаарда «Шаафи мазхабын таклид кылып окуп жатам» деп ниет кылуу, жогорудагы сөздөрдү жүрөктөн өткөрүү керек. Сапардан мурун жана сапар бүткөндөн кийин эки маалдын намазы бирге окулбайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш