Оору учурунда намаз


Дааратты бузган нерсенин денеден чыгуусу үзгүлтүксүз уланса «узр» (үзүр) деп аталат. Заара, ич өткөк, жел чыгаруу, мурундун каноосу жана жарадан кан же сары суу агуусу, оору же шишиктен улам көз жаштын агуусу бир намаз маалы учурунда үзгүлтүксүз уланган адам жана истихаза каны келген аял үзүрлүү болот. Таңып, дары жардамы менен же намазын отурган жеринен же ишара менен окуу аркылуу буларга тоскоол болуусу керек. Заарасын кармай албаган эркек заара чыккан жерине арпа өлчөмүндө кебез коёт. Бул кичине тамчылаган заараны өзүнө сиңирип сыртка чыгып кетүүдөн коргойт. Ошентип, даарат бузулбайт. Ал эми, заара учурунда кебез өзүнөн өзү чыгып кетет. А бирок, заара көп тамчыласа кебез аны өзүнө сиңире албайт, сыртка чыгып даарат бузулат. Тамчылаган заара үстүндөгү кийимине жукпашы керек. Аялдар астына дайыма «күрсүф» деп аталган кездеме коюулары зарыл. Эгер аккан нерсени токтото албаса, ар бир намаз маалында даарат алып, намазды ошол бойдон окуйт. Жогоруда саналып өткөн сыркоолорго чалдыккан кечиримдүү абалдагы адам бир даарат менен маал өткөнчө фарз, каза жана нафил намаздарды окуй алат. Курани каримди кармай алышат. Намаз маалы өткөндө даараты бузулган болот. Маал чыга электе кечиримдүү болуп эсептелген нерседен башка себеп менен даарат бузулат. Мисалы: мурундун бир тешиги канап жатканда даарат алса, бир нече убактан кийин экинчи тешиги канай баштаса даараты бузулат. Үзүрлүү болуу үчүн дааратты бузган нерсенин ар бир намаз маалында үзгүлтүксүз агышы керек. Даарат алып, ал маалдын фарз намазын окуган мөөнөт ичинде акпаса үзүрлүү болуп эсептелбейт. Малики мазхабынын бир өкүмү боюнча бир тамчы акса да үзүрлүү болот. Эгер бир адам үзүрлүү  абалда болсо, кийинки намаз маалдарында бир жолу бир тамчы келсе ал маалда да үзүрү уланган болуп саналат. Бир намаз маалында такыр суюктук келбесе, оорусу бүттү дегендикке жатат. Үзүргө себеп болгон булганыч кийимге дирхам өлчөмүнөн көп жерге жукса, кайтадан жугузбоо мүмкүнчүлүгү болсо, булганган жерди жуу зарыл.

Гусул алганда ооруп калуудан же оорусунун күчөп кетүүсүнөн корккон адам таяммум алат. Бул коркунуч өз тажрыйбалары же чынчыл дарыгердин билдирүүсү аркылуу аныкталат. Күнөөлөрү көп билинбеген дарыгердин дагы диагнозу кабыл алынат. Суук, баш калкалай турган жердин жоктугу, суу ысыткыдай каражат, калаада мончого баргыдай акчанын жоктугу ооруга себеп болушу мүмкүн. Ханафи мазхабында бир таяммум менен каалаганча фарз намаз окуу мүмкүн. Шаафи менен Маликиде ар фарз намаз үчүн жаңы таяммум алынат.

Даарат мүчөсүнүн жарымында жарасы бар адам таяммум алат. Жара жарымынан аз болсо, таза жери жуулуп, жарасына масх тартылат. Гусулда дене толугу менен бир мүчө катары эсептелгендиктен дененин жарымы жара болгон учурда таяммум алынат. Жара жарымынан аз болсо, ал жерди таңып, гусул учурунда масх тартат. Эгер масх жарага зыян келтире турган болсо, бинтке масх тартат. Ал эми бул да зыяндуу болсо, масх тартылбайт. Даарат менен гусулда  башка масх тартуу зыяндуу болсо масх тартылбайт. Колу жок (эгзема же жара) суу колдоно албаган адам таяммум алат. Бети менен  колдорун жерге (акталган, топурак менен шыбалган дубалга) сүртөт. Колу же буту кесилген адамдын бетинде да жарасы бар болсо, намазын дааратсыз окуйт. Даарат алууга жардам бере турган адам табалбаган таяммум алат. Баласы, кулу, кызматчысы жардам берүүгө мажбур. Башкаларынан жардам сурайт. Бирок, алар көмөк кылууга, аял менен күйөө дагы бири бирине даарат алдырууга мажбур эмес.

Кан алдырып, сүлүк колдонуп, сөөгү сынып же чыгып, жара же сыздооктун үстүнөн бинт менен таңган же кебез коюп май сүргөн адам ооруган жерин муздак же ысык суу менен жууй албаса даарат жана гусул алып жатканда жарасынын жарымынан көбүнө бир жолу масх тартат. Эгер бинтти чечүү жарага зыян бере турган болсо, бинттин астындагы соо жерлер жуулбайт. Бинт менен таңуудан мурда даарат алуунун кажети жок. Бинттин арасынан көрүнгөн соо тери бөлүктөрү сууланат. Масх тартылгандан кийин таңуу алмаштырылса же үстүнөн жаңысы таңылса, кайрадан масх тартуунун кереги жок.

Өйдө тура албаган же өйдө турганда сыркоосу күчөй турган адам намазын отурган жеринен окуп, рукуга денесин кичине ийет. Анан түздөлөт, сажда үчүн эки жолу башын жерге коёт. Отура алгандай отурат. Тизелеп отурууга, мандаш токунуп отурууга болот. Баш, тизе, көз ооруса оорулуу болуп эсептелет. Душманга көрүнүү коркунучу дагы үзүрлүү абал болот. Өйдө турганда орозосу же даараты бузулган адам да отурган жеринен намаз окуйт. Бир нерсеге таянып тура алган адам  таянган жеринен намаз окуйт. Көпкө дейре өйдө туруп тура албаган адам ифтитах такбирин кылып, оору сезе баштаганда намазын отуруп улантат.

Жерге сажда кыла албаган адам өйдө турган жеринен окуп, руку менен сажда үчүн отуруп ишара кылат. Отурганда руку үчүн кичине, сажда үчүн андан көп ийилет. Денесин ийе албаган, башын ийет. Бир нерсенин үстүнө сажда кылуунун зарылчылыгы жок. Эгер бир нерсенин үстүнө сажда кылса сажда үчүн рукудан көп ийилгенине карабастан намазы туура окулса да, макрух болот. Бир нерсеге жөлөнүп отуруу мүмкүн болгон учурда жаткан жеринен ишара кылуу туура эмес. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир жолу оорулуу адамды зыярат кылат. Ал оорулуу адам колу менен жаздыкты алып үстүнө сажда кылганын көргөндө жаздыкты алат. Оорулуу адам отун алып, анын үстүнө сажда кылат. Отунду дагы алат жана мындай дейт: «Күчүң жетсе жерге сажда кыл! Жерге ийиле албасаң маңдайыңа бир нерсе коюп, ага сажда кылба! Ишара менен оку жана саждада рукудан көбүрөөк ийил!». «Бахр-ур-раик» китебинде билдирилгендей Ал-и Имран сүрөсүнүн жүз токсон биринчи аятында мындай деп айтылды: «Намазды күчү жеткен адам өйдө туруп окуйт. Күчү жетпеген адам отурган жеринен окуйт. Буга дагы күчү жетпеген адам жаткан жеринен окуйт». Имран бин Хусайн ооруп калганда Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) ага: «Өйдө туруп намаз оку! Күчүң жетпесе,отуруп оку! Буга да күчүң жетпесе, кырыңан же чалкалап жатып оку!» дейт. Мындан билинип тургандай өйдө тура албаган оорулуу отуруп, отура албаган жаткан жеринен окуйт. Отургучта, креслодо намаз окууга уруксат берилген эмес. Ооруп калган адам же автобуста, учакта сапар тарткан адамдын отургучта, креслодо намаз окуусу Исламга ылайык эмес. Жамаат менен бирге өйдө туруп намаз окуй албаган адам үйүндө окуйт. Төмөндөгү жыйырма нерсе жамаат менен намаз окубоо үчүн үзүрлүү абал катары кабыл алынат: жаан, күндүн өтө суук же ысыктыгы, жанына же мүлкүнө кол сала турган душман коркунучу, жолдоштору таштап кетсе жолдо жалгыз калуу коркунучу, өтө караңгы болуусу, карызы бар кембагалдын кармалып абакка түшүү коркунучу, сокурлук, баса албаган шал болуу, бир бутунун жоктугу, бир жеринин ооруусу, белинен ылдый шал болуу, баткак, баса албоо, баса албаган карыя, сейрек болчу фикх сабагын өткөрүп жиберүү, жакшы көргөн тамагын өткөрүп жиберүү коркунучу, сапарга чыгууга даярдануу, ордуна таштай турган эч кими жок оорулуу адам болсо, түнүчүндө катуу шамал, дааратканага баргысы келүү. (Фикх – Ислам өкүмдөрүн үйрөткөн илим) Оорусунун күчөп кетишинен корккон адам жана төшөктөгү оорулууну жалгыз таштай албаган адам жана басып баруудан кыйнала тургудай кары болуу Жума намазына барбоо үчүн үзүрлүү себеп болот. Жамаатка басып баруунун унаа менен барууга караганда сообу көп. Мечитте отургуч, креслодо отуруп, ишара менен намаз окуу туура эмес. Ислам дини билдирбеген түрдө ибадат кылуу бидат. Бидат кылуу чоң күнөө экендиги фикх китептеринде жазылган.

Бир нерсеге жөлөнүп отура албаган оорулуу адам чалкалап жаткан жеринен, жата албаса оң капталына жатып, башы менен ишара кылып намазын окуйт. Кыбылага бурула албаган адам бурула алган тарапка карай намаз окуйт. Чалкалап жаткан адам башынын астына бир нерсе коюлуп, жүзү кыбылага каратылат. Тизесин бүгүп, өйдө көтөрсө жакшы болот. Башы менен ишара кыла албаган адам намазын казага таштаса болот. Намаздардын ортосунда ооруган адам күчү жеткендей улантат. Жерде отуруп окуган адам намаз учурунда өзүн жакшы сезсе, өйдө туруп улантат. Аң-сезимин жоготкон адам намаз окубайт. Беш маал өтө электе сакайса, беш маал намазынын бардыгынын казасын окуйт. Алты намаз убактысы өтсө эч казасын окубайт.

Ишара менен болсо да окулбаган намаздын казасын тезинен окуу фарз. Казасын окубастан өлүм абалы келсе каза болгон намаздардын искаты үчүн таштаган мурасынан фидйе берилишин осуят (керез) кылуу важиб. Осуят кылбаса эне-атасынын, о.э. чоочун бирөөнүн да өз мүлкүнөн искат кылуусу туура экендиги билдирилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш