Каза намаздар


Намаз дене менен кылына турган ибадат болгондуктан, башка бирөөнүн ордуна окулбайт. Ар бир адам өзү окушу керек. Намазды маалында окуу ада кылуу деп аталат. Кайсыл бир мезгилде кайра окуу иада кылуу деп аталат. Мисалы, макрух болуп окулган намаздын маалы чыга электе эгер мүмкүнчүлүгү болбосо, башка убакта кайрадан окуу важиб. Фарз жана важиб намазды маалы өткөндөн кийин окуу казасын окуу деп аталат.

Бир күндүк беш маал  фарз жана витир намазын окуп жана казасын окуп жатканда кезеги боюнча аткаруу керек. Бештен көп карызы болбогон адам тартип ээси деп аталат. Жуманын фарзын ал күнү бешим намазынын учурунда окуш керек. Багымдат намазында уктап калган адам хутба окулуп жатканда да оюна келсе, дароо багымдат намазынын казасын окуусу керек. Бир намазды окубай андан кийинки беш намазды окууга болбойт. Хадиси шарифте мындай деп айтылды: «Бир намазда уктап калган же унуткан адам кийинки намазын жамаат менен окуп жатканда эстесе имам менен окуган намазын бүтүрүп, анан мурунку намазынын казасын окусун! Андан кийин имам менен окуган намазын кайра окусун!».

Фарздын казасын окуу фарз. Важибдин казасын окуу важиб. Сүннөттүн казасын окуу буюрулган эмес.

Ханафи мазхабынын аалымдары бир добуштан: «Сүннөт намаздарды маалында окуу гана буюрулган. Маалында окулбаган сүннөт намаздар адамдын мойнунда карыз болуп калбайт. Ошондуктан, маалынан кийин казасынын окулуусуна буйрук кылынган жок. Багымдаттын сүннөтү важибге жакын болгондуктан, ошол күнү түшкө чейин фарзы менен казасы окулат. Багымдат намазынын сүннөтү бешим намазынан кийин окулбайт жана да башка намаздардын сүннөттөрүнүн казалары эч качан окулбайт. Казасын окуганда сүннөттүн сообу берилбейт. Нафил окулган болот».  «Ибни Абидин» жана «Таргиб-ус-салат»  китебинин 162-чи бетинде: «Сүннөттөрдү үзүрсүз отуруп окууга болот. Таптакыр окубай коюш күнөө. Фарздарды үзүр менен отуруп окууга болот», - делген.

Фарз намаздарын себепсиз, атайы окубоо – чоң күнөө. Мына ушундай маалында окулбаган намаздардын казасын окуу керек. Фарз менен важибдерди атайы казага таштоого уруксат берген эки себеп бар: биринчиси: душмандын каршысында болуу, ал эми экинчиси: сафари адамдын б.а., үч күн жол жүрүү максаты болбосо да сапардагы адамдын уурудан, жырткыч жаныбардан, селден, бороондон коркуусу. Булар турган жеринен жана кайсыл бир тарапка бурулуп же кандайдыр бир жаныбарга минип бара жатканда ишара менен окуй албаган учурда дагы казага таштоого жол берилет. Бул эки себептен жана уйку менен унутуудан улам намаздарды казага таштоо күнөө болбойт. «Эшбах» түшүндүрмөсүндө  «Чөгүп жаткан же ушул сыяктуу абалдагы адамдарды куткаруу максатында намазын маалынан кийин окуу да сахих», - деп айтылат. Бирок, бул жагдай аяктаганда дароо казасын окуу фарз. Харам болуп эсептелген үч маалдан тышкаркы башка бардык учурларда бош убактында окуу шарты менен бала-чакасынын ырыскысын тапканча кечиктирүүгө болот. Мындан көп кечиктирсе күнөөгө кире баштайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Хендек салгылашуусу учурунда окуй албай калган төрт намазын дароо ошол түнү сахабаларынын (радиаллаху анхум) жарадар жана өтө чарчагандарына карабастан жамаат менен окуган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп айткан: «Эки фарз намазды бириктирүү чоң күнөөлөрдөн». Башкача айтканда, бир намазды маалында окубай, кийинки маалда окуу эң чоң күнөөлөрдөн. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:

«Аллаху таала бир намазды маалы өткөндөн кийин окуган адамды сексен хукба Тозокко таштайт». Бир хукба акыреттин сексен жылына, ал эми акыреттин бир күнү дүйнөнүн миң жылына барабар. Эгер бир маал намаздын маалында окубоонун жазасы ушундай болсо, такыр намаз окубагандар тарта турган жаза кандай экенин ойлонуу керек.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп айткан: «Намаз – диндин тиреги. Намаз окуган адам динин бекемдеген, ал эми намаз окубаган адам динин жыккан болот». Бир хадиси шарифте мындай делет: «Кыямат күнү ыймандан кийинки алгачкы сурак намаздан болот». Аллаху таала мындай деп айтты: «Эй, кулум! Намаз сурагынан өтсөң кутуласың. Калган сурактарды жеңилдетем». Анкабут сүрөсүнүн кырк бешинчи аятында: «Кемчиликсиз окулган намаз адам баласын ыпылас, жаман иштерди жасоодон коргойт». Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Адамдын Раббисине эң жакын болгон учуру - намаз окуп жаткадагы учуру».

Бир мусулмандын кандайдыр бир намазды өз маалында окубагандыгы эки түрдүү болот: 1. Кечиримдүү себеп менен окубоосу. 2. Намаздын милдет экенин билип, маани бергенине карабастан жалкоолуктан улам окубоо.

Фарз намазды кечиримдүү себеп болбостон убактысы өткөндөн кийин окуу, б.а., казага таштоо – харам, чоң күнөө. Бул күнөө казасын окуу менен кечирилбейт. Казасын окуганда намаз окубагандыктын гана күнөөсү кечирилет. Каза намазы болгон адам алардын казаларын окумайынча тообо кылуу менен гана кечирилбейт. Казасын окугандан кийин тообо кыла турган болсо ошондо гана кечирилерине үмүт кылууга болот. Тообо кылуу менен бирге окулбаган намаздардын казасын окуу керек. Казасын окууга күчү жетип турса да казасын окубоо айрыкча чоң күнөө болот. Бул чоң күнөө ар бир намаз окуу үчүн кеткен (6 мүнөт) бош убакыт сайын, жогоруда айтылгандай азап тарта турган убактысы да артып турат. Себеби, бош убакытта дароо намаздын казасын окуу фарз. Казага маани бербеген адам Тозок отунда күйөт. «Умдет-ул-ислам» жана «Жами-ул-фатава» китептеринде мындай деп жазылган: «Душмандын маңдайында бир фарз намаз окуу мүмкүнчүлүгү болуп турса да окубай коюу жети жүз чоң күнөө кылууга барабар». Казаны окууну кечиктирүүнүн күнөөсү маалында окулбаган намаздын күнөөсүнөн да чоң. Бир намаздын биринчи казасын окууга ниет кылып, бир каза намазын  окуганда бул күнөөлөрүнүн бардыгы кечирилет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |