Ислам дини » Намаз » Сүннөттөрдүн ордуна каза окулабы?




Сүннөттөрдүн ордуна каза окулабы?


Хазрети Абдулкадир-и Гейлани «Футух-ул гайб» аттуу китебинде мындай дейт: «Мусулман адегенде фарздарды орундатышы керек. Фарздар бүткөндөн кийин сүннөттөр аткарылат. Андан кийин нафилдер менен алектенет. Фарз карызы бар болуп туруп сүннөт менен алпурушуу акмактык». Фарз карызы бар адамдын сүннөтү кабыл болбойт. Али ибни Абу Талиб (радиаллаху анх) мындай деп билдирет: «Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Мойнунда фарз карызы бар адам казасын окубастан нафил намаз окуса, бекер кыйынчылык тарткан болот. Бул адам казасын окумайынча Аллаху таала анын нафил намаздарын кабыл кылбайт». Абдулкадир-и Гейлани жазган бул хадиси шарифти Ханафи мазхабынын аалымдарынан Хазрети Абдулхак-ы Дахлави мындай деп түшүндүрөт: «Бул кабар фарз карызы бар адамдардын сүннөттөрү менен нафилдеринин кабыл болбой тургандыгын көрсөтүп турат. Сүннөттөрдүн фарздарды толуктай тургандыгын билебиз. Мунун мааниси мындай; фарздарда бир нерсе кем орундатылса, сүннөттөр ал кемчиликтин толукталышына себеп болот. Фарз карызы бар адамдын кабыл алынбаган сүннөтөрү эч нерсеге жарабайт».

Иерусалимдин  кадысы Мухаммед Садык Эфенди фаите намаздардын казасын түшүндүрүп жатып мындай дейт: «Улуу аалым Хазрети Ибни Нужеймден сурашат: «Эгер бир адамдын казага калган намаздары бар болсо, багымдат, бешим, аср, шам жана куптан намаздарынын сүннөттөрүн  ал намаздардын казаларына ниет кылып окуса, ал адам сүннөттөрдү да окуган болуп эсептелеби?». Жообунда: «Сүннөттөрүн да окуган болот. Себеби, беш маал намаздын сүннөтүн окуунун  негизги максаты, ал маалдын ичинде фарздан башка дагы бир намаз окуу дегендикке жатат. Шайтан такыр намаз окуткусу келбейт. Адам фарздан тышкары дагы бир намаз окуу менен шайтанга каршы чыгып аны кордоп уяткарган болот. Ал эми, сүннөттүн ордуна каза окууда сүннөт да орундатылган болуп эсептелет. Каза намазы бар адам ар бир намаз маалында ал маалдын фарзынан башка бир намаз окуп, сүннөттү аткаруу үчүн каза окуусу керек. Себеби, адамдардын көпчүлүгү каза намаздарды окубастан сүннөттөрдү окушат. Алар Тозокко түшөт. Ал эми, каза намаздары болгондор сүннөттөрдүн ордуна каза окушса Тозоктон кутулат», -  деп айтты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш