Ислам дини » Намаз » Каза намаздар кантип окулат?




Каза намаздар кантип окулат?


Каза намаздарын мүмкүн болушунча эртерээк окуп бүтүп, өзүнчө тообо кылып чоң жазадан кутулуу керек. Мунун үчүн сүннөтөрдү да каза ниети менен окуу зарыл. Жалкоолуктан улам намаз окубагандар, жылдар бою намаз карызы болгондор намаз окуй баштаганда сүннөттөрдө ал маалдын казасына калган намаздын казасын окууга да ниет кылуусу керек. Мындай адамдардын сүннөттөрдү каза намазы үчүн ниет кылып окуусу төрт мазхабда тең керек. Ханафи мазхабында намазды себепсиз казага таштоо акбар-и кебаир (чоң күнөө). Бул чоң күнөө намаз окулгудай бош убакыт өткөн сайын бир эсе көбөйүүдө. Анткени, бош учурда дароо намаздын казасын окуу да фарз. Эсепке, санга сыйбаган бул коркунучтуу күнөө жана азаптан кутулуу үчүн  бешим намазынын алгачкы төрт рекет сүннөтүн окуурда казага калган алгачкы бешим намазынын фарзына ниет кылып окуу зарыл. Бешим намазынын акыркы сүннөтүн окуурда алгачкы багымдат намазынын казага калган фарзына ниет кылып окуу  керек. Асрдын сүннөтүн окуурда аср намазынын казага калган алгачкы фарзына ниет кылып окуу зарыл. Шамдын сүннөтүн окуурда үч рекет шамдын фарзына ниет кылып окуу керек.  Куптан намазынын алгачкы сүннөтүн окуурда куптандын фарзына, ал эми акыркы сүннөтүн окуурда казага калган алгачкы витир намазына ниет кылып үч рекет окуу керек. Ошентип, күн сайын бир күндүк каза өтөлгөн болот. Таравих намаздарын окуурда казага ниет кылып окуу зарыл. Канча жылдык каза намаз бар болсо, казаларды окууну ошончо жыл улантуу керек.  Казалар бүткөндө кайрадан сүннөттөр окула баштайт. Убакыт бар болсо, ар бир мүмкүнчүлүктө каза окуп батыраак карыздардан кутулуу керек. Окулбаган казалардын күнөөсү күн өткөн сайын бир эсе көбөйүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш