Ислам дини » Намаз » Намаз окубагандар




Намаз окубагандар


Хазрети Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) мындай деп айткан: «Беш намаз убакты келгенде периштелер айтышат: «Эй, Адам уулдары, тургула! Адамдарды өрттөш үчүн даярдалган өрттү намаз окуп өчүргүлө». Бир хадиси шарифте: «Момун менен момун эместин айырмасы - намаз», - деп айтылган. Башкача айтканда, момун намаз окуйт, момун болбосо окубайт. Ал эми, мунафыктар кээде окуп, кээде окушпайт. Мунафыктар Тозокто өтө чоң азап тартышат. Муфассирлердин  шахы Абдуллах ибни Аббас (радыйаллаху анх) Расулуллахтан (саллаллаху алейхи ва саллам) уктум, ал айтты: «Намаз окубагандар кыямат күнү Аллаху тааланы ачуулуу түрдө көрүшөт». (Муфассир - Курани каримди чечмелеп түшүндүргөн адамдар.)

Хадис имамдары бир добуштан: «Намазды маалында атайы билип туруп, окубаган, башкача айтканда, намаз убактысы өтүп баратканда намаз окубагандыгы үчүн кабатырланбаган адам ыйманын жоготот». Же болбосо өлүм учурунда ыймансыз бойдон кетет. Ал эми намаз окууну ойлоп да койбогон, намазды милдет катары көрбөгөн адамдар кантет? Ахли сүннөт аалымдарынын бир добуштан билдирүүлөрү  боюнча ибадаттар ыймандын бир бөлүгү эмес. Жалгыз гана намазда орток пикирге келе алышкан жок. Фикх имамдарынан Имам Ахмед ибни Ханбал, Исхак ибни Рахавайх, Абдуллах ибни Мубарак, Ибрахим Нахаи, Хакем бин Утейбе, Айуп Сахтияни, Давуд Таи, Абу Бакр ибни Шайба, Зубайр бин Харб жана башка бир топ улуу аалымдар намазды билип туруп окубаган адамдар ыймансыз болот деп айтышкан. Андай болсо, эй, дин бир тууганым! Бир да намазыңды өткөрбө, эринбей оку! Сүйүп, берилүү менен оку? Аллаху таала кыямат күнү бул аалымдардын ижтихаддарына карата жаза берсе эмне кыласың?

Беш нерсени орундатпаган беш нерседен куру калат:

1. Мал-мүлкүнүн зекетин бербеген анын үзүрүн көрө албайт.

2. Үшүрүн (жерден алынган түшүмдүн зекетин) бербегендин талаасынын жана түшүмүнүн берекети кетет.

3. Садака бербеген адамдын ден-соолугу кетет.

4.  Дуба кылбаган адам арзуу-тилегине жете албайт.

5.  Намаз маалы келгенде намаз окугусу келбеген адам акыркы деминде Калимаи шахадат келтире албайт. 

Бир хадиси шарифте мындай деп айтылган: «Намазды себепсиз окубаган адамга Аллаху таала он беш кыйынчылык жиберет. Булардын алтоо бул дүйнөдө, үчөө өлүм учурунда, үчөө кабырда, үчөө кабырдан чыгаарда.

Бул дүйнөдө боло турган алты кыйынчылык:

1. Намаз окубаган адамдын жашоосунда берекет болбойт.

2. Жүзүндө Аллаху таала сүйгөн адамдардын сулуулугу, сүйкүмү жок болот.

3. Эч бир жакшылыгына сооп берилбейт.

4. Кылган дубалары кабыл болбойт.

5. Аны эч ким сүйбөйт.

6. Мусулмандардын жакшы дубаларынын буга пайдасы тийбейт.

Өлүм маалында чеге турган азаптар:

1. Кор болуп, жаман өлүм менен жан берет.

2. Ачка бойдон өлөт.

3. Канча суу ичсе да суусуну канбай өлөт.

Кабырда тарта турган азаптары:

1. Кабыр аны кысат. Сөөктөрү бири бирине кирип, сыздайт.

2. Кабыры от менен толтурулуп, күнү-түнү аны куйкалайт.

3. Аллаху таала көрүнө абдан чоң жылан жиберет. Ал дүйнөдөгү жыландарга окшобойт. Күн сайын ар бир намаз маалында аны чагат. Бул дайыма уланат.

Кыяматта тарта турган азаптар:

1. Тозокко түрткөн азап периштелери аны такыр коё беришпейт.

2. Аллаху таала аны ачуулуу болуп каршылайт.

3. Сурагы өтө оор болуп, Тозокко ыргытылат».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш