Ислам дини » Намаз » Намаз окугандардын даражалары




Намаз окугандардын даражалары


Намаз окуунун артыкчылыктарын жана намаз окугандарга бериле турган соопторду маалымдаган көптөгөн хадиси шарифтер бар. Абдулхак бин Сайфуддин Дахлавинин «Эшиат-ул-ламеат» китебинде намаздын маанилүүлүгүн билдирген хадиси шарифтерде:

1. Абу Хурайра (радыйаллаху анх) билдирет. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп айтты: «Беш маал намаз жана Жума намазы кийинки Жума күнүнө чейин, Рамазан орозосу кийинки Рамазан айына чейин кылынган күнөөлөрдүн каффараты, б.а., кечирилүүсүнө себеп болот. Чоң күнөөдөн сактангандардын майда күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот». Ушул убакыт арасында кылынган майда күнөөлөрдөн кул акысы болбогондор жоюлат. Майда күнөөлөрү кечирилген адамдардын чоң күнөөлөрү үчүн тарта турган азабынын жеңилдетилишине себеп болот. Бирок, чоң күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн тообо кылышы керек. Чоң күнөөсү жок болсо, даражасынын жогорулашына себеп болот. Бул хадиси шариф «Муслим»де жазылган. Беш маал намазындагы кемчиликтеринин кечирилишине Жума намаздары себеп болот. Ал эми Жума намаздары каталуу болсо, Рамазан орозосу себеп болот.

2. Абдуллах ибни Масуд (радыйаллаху анх) айтты:

Расулуллахтан (саллаллаху алейхи ва саллам) Аллаху таала эң көп кайсы амалды жакшы көргөндүгүн сурадым. «Маалында окулган намаз», - деп жооп берди. Айрым хадиси шарифтерде «Алгачкы маалда окулган намазды аябай жактырат», - деп жазылган. Андан кийинки жакшы көргөн кайсы амал экендигин сурадым. «Энеге, атага жакшылык кылууну», - деп айтты. Мындан кийин кайсынысын жакшы көрөт деп сурадым. «Аллах жолунда жихад кылууну», - деп айтты. Бул хадиси шариф эки Сахих китеп [«Бухари» менен «Муслимде»] жазылган. Башка бир хадиси шарифте: «Амалдардын эң жакшысы - тамак берүү», - деп айтылган. Башка биринде: «Салам берүүнү жайуу», дагы башкасында: «Түндө баары уктап жатканда намаз окуу», - деп айтылган. Башка бир хадиси шарифте: «Эң баалуу амал - колу жана тили менен эч кимдин көңүлүн оорутпоо», - деп айтылат. Бир хадиси шарифте: «Эң баалуу амал - жихад», - деп айтылды. Дагы бир хадиси шарифте: «Эң баалуу амал – хажж-ы мабрур», башкача айтканда, эч күнөө кылбастан хаж кылуу деп айтылды. «Аллаху тааланы зикир кылуу» жана «Дайыма кылынган амал», - деп билдирилген хадиси шарифтер да бар. Суроо сурагандардын абалдарына жараша же болбосо заманга жараша жооптор берилген. Мисалы, Ислам дининин алгачкы мезгилдеринде амалдардын эң баалуусу, эң жакшысы жихад болчу. [Ал эми учурда амалдардын эң жакшысы, жазуу менен, басма сөз аркылуу капырларга, мазхабсыздырга жооп берүү, ахли сүннөт ишенимин жайуу. Ушундай жихад кылгандарга акча менен, мал менен, дене менен жардам кылгандарга да булар тапкан соопторго орток болушат. Аят-ы карималар, хадиси шарифтер намаздын зекет менен садакадан да баалуу экендигин көргөзүп турат. Бирок, өлүм абалында турган адамды бир нерсе берип өлүмдөн куткаруу намаз окугандан да баалуу болот. Демек, ибадаттардын бири бирине болгон даражалары ар түрдүү ал-абалдарга жараша өзгөрөт.]

3.  Убада бин Самит (радыйаллаху анх) мындай деп кабар берет: Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:

«Аллаху таала беш маал намаз окууну буюрду. Ким жакшы даарат алып, намазын маалында окуган, рукуларын жана хушусун (жүрөктөн чыгуусун) толук орундатса Аллаху таала аны кечире тургандыгын убада кылган. Буларды орундатпаган адамга убада кылган эмес. Муну кааласа кечирет. Кааласа ага азап кылат». Бул хадиси шариф Имам Ахмед, Абу Давуд жана Несаи тарабынан билдирилген. Демек, намаздын шарттарына, руку менен саждаларына көңүл буруу керек. Аллаху таала убадасынан кайтпайт. Туура намаз окугандарды сөзсүз кечирет.

4. Асхабы кирамдан белгилүү Бурайда-и Аслами (радыйаллаху анх) билдирет. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деди: «Силер менен биздин арабыздагы ант – намаз. Намазды таштаган капыр болот». Демек, намаз окуган адамдын мусулман экендиги билинет. Намазга маани бербей, аны биринчи милдет катары көрбөгөндүктөн, окубаган капыр болот. Бул хадиси шарифти Имам Ахмед, Тирмузи, Несаи жана Ибни Маже дагы билдиришкен.

5. Абу Зар-и Гифари мындай дейт: Күз күнү эле. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) менен бирге тышка чыктык. Жалбырактар түшүп жаткан эле. Бир дарактан эки тал сындырды. Алардын жалбырактары дароо күбүлдү. «Йа, Аба Зар! Бир мусулман Аллах ыраазычылыгы үчүн намаз окуса, мына бул бутактардын жалбырактары күбүлгөн сыяктуу күнөөлөрү күбүлөт», - деп айтты. Бул хадиси шарифти Имам Ахмед кабарлаган.

6. Зайд бин Халид Жухеми кабар берет. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп айтты: «Бир мусулман туура, хушу менен эки рекет намаз окуса өткөн күнөөлөрү кечирилет». Башкача айтканда, Аллаху таала анын майда күнөөлөрүнүн бардыгын кечирет. Бул хадиси шарифти Имам Ахмед билдирген.

7.  Абдуллах бин Амр-ибни Ас кабар берет. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай дейт: «Бир адам намазын маалында окуса, ал намаз кыямат күнү нур жана коргоочу болуп, Тозоктон кутулуусуна себеп болот. Намазына көңүл бөлбөсө, нур жана коргоочу болбойт жана эч кандай жардам да таппайт. Карун, Фараон, Хаман жана Убай бин Халаф менен бирге болот».

Көрүнүп тургандай, эгер бир адам намазын фарзына, важибдерине, сүннөттөрүнө жана шарттарына ылайык окуса, кыяматта нур ичине бөлөнөт. Эгер ушундай намаз окууну улантпаса кыямат күнү жогоруда аты аталган капырлар менен чогуу болот. Башкача айтканда, Тозокто оор азап тартат.  Убай бин Халаф Меккедеги көпкөн капырлардын бири эле. Ухуд майданында Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) ыйык колдору менен аны Тозокко жөнөткөн. Бул хадиси шарифти Имам Ахмед менен Дарими билдирген. Бейхеки «Шуабул иман» аттуу китебинде дагы жазган. Табииндин  улууларынан Абдуллах бин Шахык мындай дейт: «Асхабы кирам (радыйаллаху анхум) ибадаттардын ичинен жалгыз

намазды таштоонун куфур боло тургандыгын айтышты». (Табиин - Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи ва саллам) көрбөгөн, бирок, Сахабаларды (рыдвануллахи таала алейхим ажмаин) көргөн мусулмандар.) Муну Тирмузи билдирген.  Абдуллах бин Шакик Умардан, Алиден, Османдан жана Аишадан (радыйаллаху анхум) хадиси шарифтерди риваят кылган. Ал хижраттын жүз сегизинчи жылы дүйнөдөн кайткан».

8. Абуддерда кабарлады, «Сүйүктүү адамым (алейхиссалам) мага мындай деди: «Майда майда бөлүнүп, отко күйсөң дагы Аллаху таалага эч бир нерсени шерик кылба! Фарз намаздарыңды таштаба! Фарз намаздарды атайы билип туруп таштап койгон адам мусулманчылыктан чыгат. Шарап ичпе! Ичкилик бардык жамандыктардын ачкычы». Бул хадиси шарифти Ибни Маже билдирди. Көрүнүп тургандай фарз намазына маани бербей окубаган адам капыр болот. Жалкоолуктан улам окубаган капыр болбогондугу менен чоң күнөөгө кирет. Ислам дининде белгиленген беш кечиримдүү себеп менен намазды фавт кылуу, б.а., кечиктирүү күнөө эмес. Шарап жана алкоголдук ичимдиктердин бардыгы акыл-эсти алат. Ал эми, акыл-эстен чыккан адам ар түркүн жаман ишке барат.

9. Абдуллах ибни Умар (радыйаллаху анхума) кабарлайт. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп айтты: «Намаздарын маалы кирери менен дароо окуган адамдардан Аллаху таала ыраазы болот. Маалдын акырында окугандарды да кечирет». Бул хадиси шарифти Тирмузи билдирген.

10. Умми Ферва (радыйаллаху анха) кабарлады. Расулуллахтан (саллаллаху алейхи ва саллам) кайсы амалдын жакшы экендигин сурашканда: «Амалдардын жакшысы - убактысынын башында окулган намаз», - деп жооп берди. Бул хадиси шарифти Имам Ахмед, Тирмузи жана Абу Давуд билдиришкен. Намаз ибадаттардын эң улугу. Маалы кирери менен окулса андан да жогорулайт. Аиша (радыйаллаху анха) мындай дейт:

«Расулуллахтын намазын намаз маалынын акырында окуганын эки жолу көрбөдүм». Өмүрүндө бир гана жолу бир намазын маалынын акырында окуган экен.

11. Аиша (радыйаллаху анха) мындай дейт: «Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) нафил ибадаттардын ичинен дайыма орундатканы багымдат намазынын сүннөтү эле». Бул кабар «Бухари»де да, «Муслим»де дагы жазылган. Көрүнүп тургандай, Аиша (радыйаллаху анха) беш маал намаздын фарздарынын жанында кошулуп окулган сүннөт намаздарды нафил деп билдирүүдө.

Улуу Ислам аалымы, Аллах адамдарынын алдыңкыларынан, бузукулардан, мазхабсыздардан ахли сүннөттүн күчтүү коргоочусу, Аллаху таала тандаган, жактырган  динди жайган, бидаттарды жок кылган улуу мужахид Имам Раббани мужаддиди алф-и сани Ахмед бин Абдул-ахад Фаруки Серхенди (рахметуллахи алейх) Ислам дининде теңдеши жазылбаган «Мектубат» китебинин 1-чи томунун 29-чу катында мындай деп жазат:

Аллаху таала ыраазы болгон иштер – булар фарздар менен нафилдер. Фарздарга салыштырмалуу нафилдердин эч баасы жок. Бир фарзды маалында орундатуу миң жыл тынбай нафил ибадат кылуудан баалуураак. Ар түрдүү нафил, мисалы, намаз, зекет, орозо, зикир, фикр баары ушундай. Атүгүл, фарздарды аткарууда анын сүннөттөрүнөн бир сүннөтүн жана адептеринин ичинен бир адебин орундатуу башка нафилдерди кылуудан көп эсе баалуу. Амир-ул-муминин Умар-уль-Фарук (радыйаллаху анх) бир күнү багымдат намазын окуткан соң жамааттын ичинен бирөөнү көрбөй, ал кайда деп сурайт. Ал ар түнү нафил ибадат кылат. Балким, уктап калып жамаатка келе албай калса керек дешет. Ошондо Умар-уль-Фарук (радыйаллаху анх): «Түнү бою уктап, багымдат намазын жамаат менен окуса дагы жакшы болор эле», - деди. Демек, бир фарзды кылып жатканда адептеринен бирин аткаруу жана бир макрухунан сактануу зикир, фикр жана мураакабадан эсе-эсе баалуу. Арийне, бул нафилдер фарздары менен, адептерин аткаруу жана макрухтардан сактануу менен чогуу аткарыла турган болсо абдан пайдалуу болот. Бирок, фарздарды бир четке кагып нафилдер менен алектенүүнүн кымындай да пайдасы болбойт. Ошондуктан, бир сом (фарз) зекет берүү миңдеген сом (нафил) садака берүүдөн өйдө турат. Ошол бир сомду берерде анын адебин, тартибин сактап, мисалы, жакын тууганга берүү ал нафил садакага караганда сооптуурак. (Түндө туруп намаз окуган адамдардын алгач каза намаздарын окуп толуктоолору керек экендигин ушул жерден түшүнүү керек.) «Мектубат» китеби парсча жазылган. Хазрети Имам Раббани 1624-жылы (1034-х.ж.) Индияда, Серхенд шаарында көз жумган. Толук котормосу «Хак сөзүн васикалары» (Чын сөздүн далилдери), «Саадат-и Абадиййа», «Асхабы кирам» жана фарси тилинде жазылган «Берекат» китептеринде кеңири жазылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш