Ислам дини » Намаз » Намаздын акыйкаты




Намаздын акыйкаты


Улуу Ислам аалымы Абдуллах-и Дахлави "рахметуллахи алейх” «Мекатиб-и шарифа» аттуу китебинин 85-бетинде мындай дейт: 

Намазды жамаат менен окуу жана «туманинат» (1) менен кылуу, рукудан кийин «кавма» (2), эки сажда ортосунда «жалса» (3) кылуу бизге Аллаху тааланын Пайгамбары тарабынан билдирилди. Кавма менен жалсанын фарз экенин билдирген аалымдар бар. Ханафи мазхабынын муфтийлеринен болгон Кадыхан бул экөөнүн важиб экендигин билдирген. Эгер экөөнөн бирөөнү унутуп койгондо сахв сажда кылуу важиб болгондугун жана билип туруп аткарбаган адамдын намазды кайтадан окуусу керек экендигин билдирген. Булардын муаккад сүннөт экенин билгендер да важибге жакын сүннөт деп айтышат. Сүннөттү көзгө илбей, маани бербей таштап салуу куфур. Намаздын кыйамында, рукусунда, кавмасында, жалсасында, саждаларында жана отурган учурунда бөлөк-бөлөк, ар кандай сезимдер жана абалдар пайда болот. Бардык ибадаттар намазда топтолгон. Курани карим окуу, таспих айтуу, Расулуллахка салават айтуу, күнөөлөр үчүн истигфар кылуу жана муктаж болгон нерселердин бардыгын Аллаху тааладан тилеп дуба кылуу намаз ичине камтылган. Бак-дарактар, чөптөр намазга тургансып тик турушат. Жаныбарлар руку абалында ийилип, ал эми жансыздар намазда «Каде»де отургандай жерге төшөлүшкөн. Намаз окуган адам булардын ибадаттарынын бардыгын кылууда. Намаз Мираж түнүндө фарз кылынган. Бул түнү Миражга чыгуу бактысына жеткен Аллаху тааланын сүйүктүү пайгамбарына уйууну ойлоп, намаз окуган мусулман ал улуу Пайгамбар сыяктуу Аллаху таалага жакындаткан даражаларга көтөрүлөт. Аллаху таала жана Анын Расулуна карата адептүүлүк менен Аллаху тааладан башка эч нерсени ойлобостон намаз окуган адамдар бул даражаларга көтөрүлгөндүгүн сезишет. Аллаху таала жана Анын Пайгамбары бул үммөткө ушунчалык мээримдүүлүк кылып, намаз окууну фарз кылышкан. Бул үчүн Раббибизге чексиз мактоо жана шүгүр болсун! Анын сүйүктүү Пайгамбарына салават, тахиййат жана дуба кылабыз! Намаз окуп жатканда пайда болгон лаззат менен ырахат таң каларлык нерсе. Устатым (Мазхари Жан-ы Жанан) мындай деди: «Аллаху тааланы көрүү мүмкүн болбогону менен намаз учурунда Аны көрүп жаткандай бир абал пайда болот». Бул абалдын пайда болгондугун тасаввуф улуулары бир добуштан билдиришкен. Исламдын алгачкы мезгилдеринде намаз Кудуска карап окулчу. Байт-ул мукаддеске карап окууну таштап, Ибрахим алейхиссаламдын кыбласына карап окуу буюрулганда Мединадагы еврейлер жинденишти. «Байт-ул-мукаддеске карап окуган намаздарыңар эмне болот?» - дешти. Бакара сүрөсүнүн 143-аяты жиберилип, «Аллаху таала ыйманыңарды зайы кылбайт (бош кетирбейт)!» деп билдирилген. Намаздар акысыз калбай тургандыгы маалымдалды. Намаз ыйман сөзү менен билдирилди. Айкын болгондой, намазды сүннөткө ылайык окубоо ыйманды зая кылуу болот. Расулуллах "саллаллаху таала алейхи ва саллам”: «Көзүмдүн нуру жана лаззаты намазда», - деп айтты. Бул хадиси шариф "Аллаху таала намазда сезилет, ошентип, Аны көргөндөй көзүмө ырахаттык келүүдө” деген маанини түшүндүрүүдө. Бир хадиси шарифте: «Йа, Билал! "радыйаллаху таала анх” Мени ыракатка бөлө!», б.а., Эй, Билал! Азан чакырып, коомат айтып, мени ыракатка бөлө делген. Намаздан башка нерседе көңүл ыракатын издөө жакшы эмес. Намазды таштап, колдон чыгарган адам башка дин иштерин да эч качан орундай албайт. Ошондуктан, намаз окууну оор көрүп, анын ордуна садака берүү, Курани карим окутуу сыяктуу нафилдер менен өздөрүн алдап жүргөндөр кыямат күнү катуу өкүнүчтө калышат.

(1) Туманинат - Намазда рукудан түзөлгөндө жана эки сажда арасында бир жолу субханаллах дегенчелик убакыт кыймылсыз туруу.

(2) Кавма - Намазда рукудан түзөлгөндө кыймылсыз болуп, эң аз бир жолу субханаллах дегенчелик убакыт өйдө тургандагы абал.

(3) Жалса - Эки сажда арасында кыймылсыз отуруу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш