Ислам дини » Гусул-хайз-даарат-намаз » Намаз » Намаздагы артыкчылыктар




Намаздагы артыкчылыктар


Имам Раббани (рахметуллахи алейх) «Мектубат» китебинин 1-чи томунун 261-чи катында мындай дейт:

Намаз Исламдын беш шартынын экинчиси экенин эстен чыгарбоо керек. Бардык ибадаттар анын ичине топтолгон. Бул өзгөчөлүгүнөн улам жалгыз өзү гана мусулманчылык дегенге жаткан. Адамды Аллаху тааланын сүйүсүүнө жеткире турган иштердин биринчиси болгон. Пайгамбарлардын (алейхи ва алейхимуссалавату васаллам) эң улугу Мухаммед алейхиссаламга Мираж түнүндө берилген Аллаху тааланы көз менен көрүү (руйет) ниматы жерге түшкөндөн кийин дүнүйөнүн шарттарына ылайык кылынып жалгыз намазда берилген. Ошондуктан, «Намаз - момундардын Миражы» деп айтылган. Бир хадиси шарифте айтылат: «Адамдын Аллаху таалага эң жакын болгон убагы намазда тургандагы убагы». Ошол улуу Пайгамбардын Мираждагы көрүү (руйет) мурасы Анын жолунда, дал изинде жүргөн улуу заттарга бул дүйнөдө жалгыз намазда гана насип болууда. Ооба, бул дүйнөдө Аллаху тааланы көрүү мүмкүн эмес. Дүйнө мындай чоң нерсеге ыңгайлуу болуп жаратылган эмес. Бирок, Ага баш ийген улуу заттарга намаз окуп жатканда руйеттен бир нерселер насип болууда. Эгер намаз буюрулбаганда миңдеген ашык болгон кулдун сүйүктүүсүнүн сулуу жамалындагы көшөгөнү ким ачар эле? Ашыктар машукту (сүйгөнүн) кантип табар эле? Намаз - кайгылуу жандарга лаззат берүүчү. Намаз - ооругандардын ырахат берүүчүсү. Жандын азыгы – намаз. Жүрөктүн шифаасы – намаз. «Эй,Билал! Мени ырахкатка бөлө!» деп азан айтууну буюрган хадиси шариф муну айгинелейт. «Намаз жүрөгүмдүн шаңы, көзүмдүн нуру» хадиси шарифи да бул арзууну көрсөтүп турат. Тасаввуф жолундагы даам, илахи ашыктан өзүн унутуу, кабарлар, марифаттар, даражалар, нурлар, түстөр, жүрөктөгү телвин жана темкиндер, түшүнүктүү жана түшүнүксүз тежеллилер (көрүнүүлөр, билинүүлөр), сыпаттуу жана сыпатсыз зухурдан кайсынысы намаз сыртында пайда болсо жана намаздын акыйкатынан эч нерсе түшүнүлбөсө, бул пайда болгон нерселердин бардыгы сүрөттөн, көлөкөдөн экендиги белгилүү болот. Балким алар жөн гана – элестетүү, кыял. Намаздын акыйкатын түшүнгөн бир камил (руханий жетилген) адам намазга турганда бул дүйнөдөн чыгып, акырет жашоосуна кирген сыяктуу болот жана акыретке тийиштүү ниматтардан бир нерселерге жетет. Булар ортого көлөкө, кыял аралаштырбастан асыл ниматтан пай алышат. Анткени, дүйнөдөгү бардык кемалат, ниматтар көлөкө, сүрөт жана көрүнүштөн пайда болууда. Арага булар аралашпастан нерсенин асылынын көрүнүүсү, асылдан пайда болуу акыретке гана таандык. Дүйнөдө бул асылдан алуу үчүн Мираж керек. Бул Мираж - момундун намазы. Бул нимат жалгыз бул үммөткө таандык. Ага Пайгамабарына баш ийүү менен жетишет. Себеби, булардын Пайгамбары (саллаллаху алейхи ва саллам) Мираж түнү дүйнөдөн чыгып, акыретке барды. Жаннатка кирди жана руйет саадаты, ниматы менен сыйланды. (Руйет - Аллаху тааланы көрүү.) Йа, Рабби! Сен ал улуу Пайгамбарга (саллаллаху алейхи ва саллам) бизден Анын улуктугуна татыктуу болот турган жакшылыктарды ихсан кыл! Бардык Пайгамбарларга да (ала набиййина ва алейхимуссалавату ваттаслимат) жакшылыктарды бер, себеби, алар адамдарды Сени таанууга жана ыраазычылыгыңа жетүүгө чакырышкан жана Сен жактырган жолду көрсөтүшкөн.

Тасаввуф жолунда болгондордун көбү өздөрүнө намаздын акыйкатын билдирилбегендиги жана ага таандык кемалат таанытылбагандыгы үчүн дарттарынын дабасын башка нерселерден издешти. Максаттарына жетүү үчүн башка нерселерге жармашышты. Жада калса, айрымдары намазды бул жолдон чыгарып, максат менен байланыштуу эмес деп эсептешти. Орозону намаздан артык деп эсептешти. Намаздын акыйкатын сезе албагандардын кээ бирлери кайгы-капаларын басуу, жандарын жыргатуу үчүн сима жана нагмеден, б.а., музыкадан, ашык болуп өздөрүнөн кечүүдөн издешти. Максатты, машукту (сүйүктүүнү, Аллаху тааланы) музыка ноталарынын аркасында деп ойлошту. Ошондуктан, бийге, оюн-зоокко берилишти. Бирок да, «Аллаху таала харам нерседе шифаа таасирин жараткан эмес» деген хадиси шарифти угушкан эле. Канткени менен, сүзүү тажрыйбасы аз болуп, сууга чөгүп бараткан адам жанын сактоо үчүн ар тал чөпкө да жармашат. Бир нерсеге ашык болуу ал адамды дүлөй жана сокур кылып коёт. Эгерде буларга намаздын кемалатынан аз гана бир нерсе көрсөтүлгөндө, даамы таттырылганда симаны (бий), нагмени (музыкасыз ырдоо) ооздоруна албас, зикир кылып өздөрүнөн кечүүнү эстеп да коюшмак эмес.

Эй, дин бир тууганым! Намаз менен музыка бири-биринен канчалык алыс болгон болсо, намаздан келген кемалат менен музыкадан пайда болгон көңүл абалы да бири-биринен ошончолук алыс. Акыл-эстүү адам ушунчалык белгиден эле көп нерсени түшүнөт.

Ибадаттарды орундатуудан даам сезүү жана аларды аткарууда эч кыйналбоо Аллаху таала берген эң чоң ырыскылардан. Өзгөчө намаздын даамын сезүү жолдун аягына жетпегендерге насип болбойт. Асыресе, фарз намаздарынын даамын татуу жалгыз гана ошолорго таандык. Себеби, жолдун аягына жакындагандарга нафил намаздарынын даамы сездирилет. Жолдун аягында болсо жалгыз фарз намаздарынын даамы сезилет. Нафил намаздарынын даамы мынчалык болбой, фарздардын окулуусу чоң пайда деп билинет.

(Нафил намаз – фарз менен важиб намаздан башка намаздар. Беш маал намаздардын сүннөттөрү жана башка важиб эмес намаздардын баары нафил. Муаккад жана муаккад эмес бардык сүннөттөр да нафил).

Намаздардын бардыгында пайда болгон лазаттан напсибиз үчүн эч кандай үлүш жок. Адам бул даамды татып жатканда напси онтоп, кыйкырып аткан болот. Йа, Рабби! Бул кандай гана бийик даража! Биз сыяктуу рухтары ооруга чалдыккан жандар үчүн бул сөздөрдү угуу чоң нимат, чыныгы саадат.

Бул дүйнөдө намаздын мартабасы, даражасы да акыретте Аллаху тааланы көрүү даражасындай экенин жакшы билип коюңуз. Бул дүйнөдө адамдын Аллаху таалага эң жакын болгон мезгили - намаз окуп жаткандагы мезгили. Акыреттеги Аллаху таалага эң жакын болгон мезгил руйет, б.а., Аллаху тааланы көрүү мезгили. Дүйнөдөгү бардык ибадаттар адамды намаз окуй ала турган абалга жеткирүү үчүн. Асыл максат – намаз окуу. Саадат-и Абадиййага жана чексиз ниматтарга жетүү жалгыз намаз окуу менен колго тиет.

Намазбардык ибадаттардан жана орозодон баалуу. Намаз ушундай бир нерсе, ооруган жүрөктөрдү рахатка бөлөйт. Намаз ушундай бир нерсе, күнөөлөрдү жок кылат. Адамды жамандыктардан коргойт. Хадиси шарифте: «Намаз - жүрөгүмдүн шаңы жана сүйүнүч булагы», - деп айтылат. Намаз капалуу жандарга лаззат берет. Намаз - жандын азыгы. Намаз – жүрөктүн шифаасы. Намазда ушундай бир убакыт бар, арифтин тили Муса алейхиссаламга сүйлөгөн дарак сыяктуу болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |