Ислам дини » Гусул-хайз-даарат-намаз » Намаз » Намаздан кийин дуба жана таспих




Намаздан кийин дуба жана таспих


Суроо: Намаз бүткөндөн кийин эмнелер аткарылат?

ЖООП

Жалгыз окуган же имам менен окуган адам эки жакка салам бергенден кийин (Аллахумма антассаламу ва минкас-саламу табаракта йа зал-жалали вал-икрам) дейт.

Мындан кийин 3 жолу (Астагфируллахелазим аллази ла илахе илла хув алхаййелкаййума ва атубу илайх) дейт. Бул истигфар дубасы деп аталат.

Кийин Аят-ал-курси окулат, 33 жолу (Субханаллах),33 жолу (Алхамдулиллах) жана 33 жолу (Аллаху акбар) делет. Бир жолу (Ла илахе иллаллаху вахдаху ла шарика лах лахул-мулку ва лахул-хамду ва хува ала кулли шайин кадир) делет. Булардын арасына башка дубаларды аралаштыруу бидат болот.

Кийин колдор көтөрүлүп дуба кылынат. Дубадан кийин амин делет жана колдор жүзгө сүртүлөт. Хадис-и шарифте: "Беш маал намаздан кийин кылынган дубалар кабыл болот”, - деп буюрулду. Бирок, дуба ойгоо көңүл менен добушсуз кылынуусу керек. Дубаны бир гана намаздардан кийин же белгилүү бир убактарда кылуу жана белгилүү нерселерди жаттап ыр окуп жаткансып эмне айтып жатканынан кабарсыз дуба кылуу макрух болот.

Дуба кылууну баштаарда

Суроо: Намаздан кийин дуба кылууну баштаарда (Субхане раббийал алиййил алал ваххаб) деп айтуу жакшыбы же (Ва ма арсалнаке илла рахметен лил-алемин) аят-и каримасын окуу жакшыбы?

ЖООП

Экөөнү тең бирге окуу жакшы.

Намаздан кийин дуба

Суроо: Намаздан кийин окулуу керек болгон дубалар кайсылар?

ЖООП

Намаздардан кийин окулушу керек болгон белгилүү бир дуба жок. Ар ким муктаждыгына карата дуба кылат. Дайыма бир дубаны эле окуй берүү дагы орунсуз. Эмне сурап жаткандыгын билүүсү керек. Эмне сурап жаткандыгынан кабарсыз эле дуба кылуу орундуу эмес. Белгилүү нерселерди жаттап алып ыр окуп жаткансып дуба кылуу макрух. Дубаны ойгоо көңүл менен добушсуз кылуу керек. Дубаны бир гана намаздардан кийин же белгилүү бир убактарда да кылуу макрух. Ар мүмкүнчүлүк болгон кезде дуба кылуу керек!

Мисалы мындай дуба кылууга болот:

Алхамдулиллахи Раббилаламин. Ассалату вассаламу ала расулина Мухаммадин ва ала алихи ва аахбихи ажмаин.

Йа, Рабби! Окуган намазымды кабыл кыл! Акыр жана акыбетибизди кайырлуу кыл! Акыркы демимде Калимаи таухид айтуубузду насип кыл! Өтүп кеткендерибизди кечир жана аларга магфират кыл!

Аллахуммагфир вархам ва анта хайруррахимин. Таваффани муслиман ва алхыкни биссалихин. Аллахуммагфир-ли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лилмуминина вал муминат йавма йакумул хисаб.

Йа, Рабби! Бизди шайтандын зыянынан жана душмандын зыянынан жана нафс-и аммарабыздын зыянынан сакта! Үйүбүзгө жакшылыктарды, адал жана кайырлуу ырыскыларды ихсан кыл! Ахл-и Исламга саламаттык ихсан кыл! Дин душмандарын лаанат кыл! Капырлар менен жихад кылып аткан мусулмандарга жардам бер!

Аллахумма иннака афуввун каримун тухиббулафва фафу анни.

Йа, Рабби! Оорулууларыбызга шифаа, дарттууларыбызга дабаа бер! Аллахумма инни асалукассыххата вал-афийата вал-аманата ва хусналхулки варрыдае билкадари би-рахматика йаа архамаррахимин.

Риядан, нифактан, шикактан, ар түрдүү оорудан, казадан, балээден, жалкоолуктан, алсыздыктан, зулумдуктан, кутурткан байлык жана кутурткан кедейликтен, шайтан жана напсимдин зыянынан, душмандан, жаман мүнөздөн, бидат кылуудан, адашуудан, ихлассыз амалдан, ар түрдүү күнөөдөн, куфурга кирүүдөн, башкаларга муктаж болгон кыйынчылыктуу карылыктан, жаман өмүрдөн, өлүм учурундагы боло турчу фитналардан, динибизге, дүнүйөбүзгө зыян бере турчу нерселерден бизди корго!

Чыныгы ыйман, көркөм мүнөз, шүгүр кылуучу көңүл, зикир кылуучу тил, каза жана тагдырга ыраазылык көрсөтчү кайырлуу өмүр, аз жеп аз уктоо, аз сүйлөө, аз күлүү жана көп кызмат кылууну, кабыр азабынан жана акырет коркунучунан кутулууну, өмүр бою ыраазылыгыңа ылайык иш кылууну, шейит болуп көз жумууну жана акыркы демде ахли сүннөт ишенимине ылайык ыйман жана тообо насип кыл.

Йа, Рабби, өз сүйүүңдү, сүйгөндөрүңдүн сүйүүсүн, сүйүүңө жеткире турчу амалдарга болгон сүйүүнү насип кыл! Илимибизди, ыкласыбызды, зээнибизди арттыр, мураттардан, ыкластуулардан болуубузду насип кыл, жоомарт жана исар ээси болгон пенделериңен кыл.

Эне-атабызга, балдарыбызга жана тууган-туушкандарыбызга бардык дин бир бир туугандарыбызга кайырлуу өмүр, жакшы адеп-ахлак, тунук акыл, чың ден-соолук, хидаят, туура жол бер Йа, Рабби!

Аамиин. Валхамдулиллахи раббилаламин. Аллахумма салли ала..., Аллахумма барик ала..., Аллахумма Раббана атина... Валхамду лиллахи Раббилаламин. Астагфируллах, астагфируллах, астагфируллах, астагфируллахалазиим алкарим аллази лаа илаха илла хув ал-хаййал-каййума ва атубу илайх.

Дубадагы кээ бир сөздөрдүн маанилери:

Рия – Эки жүздүүлүк, Аллахтан башкалар үчүн ибадат кылуу.

Нифак – Мунафыктык

Шикак – Келишпестик

Нафс-и аммара – Жамандык кылууну каалаган нафс.

Хидаят – Туура жолду табуу.

Калимаи таухид – Лаа илаха иллаллах Мухаммедун Расулуллах деген сөз.

Мурат – тандалган адам.

Исар"жоомарттыкбул өзүнө керек болбогон нерселерди берүү, ал эми "исар” болсо бул өзүнө да керек болгон нерселерди берүү дегенди түшүндүрөт. Б.а., өзүнүн ордуна башкаларды ыраа көрүү болуп саналат.

ТҮШҮНДҮРМӨ: (Дубанын кабыл болуусу үчүн шарттар):

1. Мусулман болуу.

2. Ахли сүннөт ишениминде болуу. Бул үчүн төрт мазхабдын бирин кармануу керек.

3. Фарздарды аткаруу. Казага калган намаздарды түнүчүндө жана сүннөт намаздарында окуп, колдон келишинче эртерээк окуп бүтүрүү.

Фарз намазы казага калган адамдын сүннөт жана нафил намаздары, дубалары кабыл болбойт. Сахих болсо да сооп берилбейт. Шайтан мусулмандарды алдоо үчүн фарздарды маанисиз көрсөтүп, сүннөт менен нафилдер менен алектенүүгө түртөт. Намазды маалы киргенин билип жана маалдын башында окуу зарыл.

4. Харамдан сактануу керек. Адал оокат жеген адамдын дубасы кабыл болот.

5. Олуялардын бирөөнү васила (себепчи) кылып дуба кылуу керек.

Индиялык аалымдардын бири Мухаммед бин Ахмед Захид «Таргиб-ус-салат»атту китебинин элүү төртүнчү бетинде парсча мындай деп жазат: «Хадиси шарифте: Дубанын кабыл болуусу үчүн эки нерсе керек: Биринчиси, дубаны ыкылас менен кылуу. Экичиси, жегени менен кийгени адал болуш керек. Момундун бөлмөсүндө харам болгон бир жип бар болсо да, ал бөлмөдө отуруп кылган дубасы кабыл болбойт», -деп айтылат. Ыкылас - Аллаху тааладан башка эч нерсени ойлобой, Аллаху тааладан гана тилөө. Ошондуктан, ахли сүннөт аалымдары билдиргендей ыйман келтирип, Ислам өкүмдөрүнө баш ийүү, өз мойнунда башка адамдын акысы болбоо жана беш маал намазын окуу керек.

Намаз бүткөндө орундала турчулар

Суроо: Намазды бүтүргөндө, мисалы, бешим намазынын соңку сүннөтүн да окугандан кийин эмнелер окулат, бул окулгандардын кезеги барбы, эмнелерге көңүл бөлүү керек?

ЖООП

Бул темада Мифтах-ул Жаннат китебинде намаздын адеби түшүндүрүлүп жатканда мындайча айтылган:

1-Жалгыз же имам менен бирге окуганда саламдан кийин Аллахумма антассаламу ва минкас-саламу табаракта йа зал-жалали вал-икрам деп айтуу. Мындан кийин үч жолу Астагфирул-лахал'азим аллази ла илаха илла хув алхаййалкаййума ва атубу илайх деп айтуу. Бул Истигфар дубасы деп аталат.

2-Мындан кийин Аятал курси окуу.

3-Отуз үч жолу Субханаллах деп айтуу.

4-Отуз үч жолу Алхамдулиллах деп айтуу.

5-Отуз үч жолу Аллаху акбар деп айтуу.

6-Бир жолу Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарикалах лахул мулку ва лахулхамду ва хува ала кулли шай'ин кадир деп айтуу.

7-Колдорду алдыга созуп, алакандарды дубанын кыбыласы болгон Арш'ка ачып, дуба кылуу.

8-Дубанын акырында амин деп айтуу.

9-Дубанын акырында алаканын жүзүнө сүрүү.

10-Кийин ар биринде Бисмиллах айтып, он бир Ихлас шариф окуу. Кийин бир жолудан Кул'а'узу окуу жана 67 Астагфируллах деп жетимишке толуктоо, он жолу Субханаллах ва би-хамдихи субханаллахил'азим деп айтуу. Кийин Субхана Раббика.. аятын окуу.

Булар Меракыл-фалах китебинде да жазылган. Хадиси шарифте: «Беш убакыт парз намаздан кийин кылынган дуба кабыл болот», - деп буюрулган. Бирок, дуба ойгоо көңүл менен үнсүз кылынуусу керек.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.