Ислам дини » Намаз » Намаздын хикматтары (Намаз жана ден-соолугубуз)




Намаздын хикматтары (Намаз жана ден-соолугубуз)


Мусулман намазды Аллаху тааланын буйругу болгондуктан окуйт. Раббибиздин буйруктарында көптөгөн пайдалар бар. Ал эми, тыюуларында да бир топ зыяндар бар экендиги шексиз. Бул пайда менен зыяндардын айрымдары бүгүнкү күндө медицина адистери тарабынан тастыкталган. Ден-соолукка Ислам сыяктуу эч кандай дин менен идеология маани берген эмес. Динибиз эң жогорку ибадат болуп эсептелген намазды өмүрүбүздүн акырына чейин окууну буйрук кылган. Намаз окуган адам ден-соолукка болгон пайдаларына дагы сөзсүз жетет. Намаздын ден-соолукка берген пайдаларынын айрымдары төмөнкүлөр:

1- Намазда аткарылган аракеттер жай болгондуктан, жүрөктү чарчатпайт жана күндүн ар кандай саатында болгондуктан, адам баласын дайыма сергек кармайт.

2- Күндө башын сексен жолу жерге койгон адамдын мээсине ритмикалык түрдө көп кан барат. Бул себептен улам мээ клеткалары жакшы азыктанат жана склероз, психоз сыяктуу оорулар намаз окуган адамдарда өтө аз кездешет. Алар өмүрү боюнча көп оорушпайт. Медицинада «Деманс сенил» деп аталган ооруга чалдыгышпайт.

3- Намаз окугандардын көздөрү туруктуу тартипте ийилип-түздөлүүдөн улам күчтүү кан айланууга ээ болот. Ошондуктан, көздүн ичинде кан басымы көтөрүлбөйт жана көздүн алдыңкы бөлүгүндөгү суюктуктун үзгүлтүксүз алмашуусу камсыздалат. Көздү «катаракт» же болбосо «кара суу» деген оорулардан сактайт.

4- Намаз учурунда аткарылган изометрикалык кыймыл - аракеттер ашказандагы азыктардын жакшы сиңишине, өттүн оңой агуусуна жана ушундан улам, өттө таштын пайда болбоосунда, панкреастагы ферменттердин оңой чыгышында чоң роль ойнойт. Бөйрөк менен түтүктөрүндөгү кыймылдан улам таш пайда болуусунун алдын алат жана табарсыктын бошошуна жардам берет.

5- Беш маал окулган намаздагы ритмикалык аракеттер күнүмдүк жашоодо машыктырылбаган булчуң менен муундарды кыймылга келтирип, артрит жана туз биригүү сыяктуу муун ооруларынын жана булчуң тырышууларынын алдын алат.

6- Ден-соолук үчүн албетте тазалык керек. Даарат менен гусул материалдык жана моралдык тазалык болуп эсептелет. Ал эми, намаз тазалыктын дал өзү. Анткени, адамда дене жана рухий тазалык болмоюнча намаз болбойт. Даарат менен гусул дененин тазалыгын камсыздайт. Ибадат милдетин орундаткан адам моралдык жактан жеңилдеп, тазаланган болот.

7- Медицинада алдын алуу максатында белгилүү маалдарда аткарылган тулку-бой кыймылдары өтө маанилүү. Намаз маалдары кан айланууну жаңылоо жана дем алууну жандандыруу үчүн эң ылайыктуу маал болуп эсептелет.

8- Уйкуну тартипке салган эң маанилүү элемент да намаз. Жада калса, денеде бириккен статикалык ток сажда аркылуу жерге өткөрүлөт. Ошентип, дене кайрадан сергектигин өзүнө кайтарат.

Намаздын жогоруда саналып өткөн пайдаларына жетүү үчүн намазды маалында окуу менен бирге, тазалыкка, тамакты ашыкча жебөөгө жана колдонулган азыктардын таза, халал болуусуна көңүл буруу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш